Назиат Сүрөсү, 30
Жердин геоид абалы
Бул аятта «жайып төшөдү» деп которулган «даха» сөзү жайуу маанисине келген «дахв» сөзүнөн келип чыгат. Дахв сөзү төшөө, оңдоо маанилерине келсе да, мааниси жагынан жөнөкөй бир «төшөө» этиши эмес.
وَٱلْأَرْضَ بَعْدَ ذَٰلِكَ دَحَىٰهَآ ٣٠
Андан соң жер бетин жайып төшөдү.
Бул аятта «жайып төшөдү» деп которулган «даха» сөзү жайуу маанисине келген «дахв» сөзүнөн келип чыгат. Дахв сөзү төшөө, оңдоо маанилерине келсе да, мааниси жагынан жөнөкөй бир «төшөө» этиши эмес. Себеби бул сөз да тоголок кылып оңдоо, төшөө этиштерин сүрөттөө үчүн колдонулууда.

Дахв сөзүнөн келип чыккан башка сөздөрдө да тоголок мааниси бар. Мисалы, балдардын топту жердеги бир чуңкурга түшүрүшү, таш ыргытып түшүрүү жарыштары, жаңгак менен ойнолгон оюн, булардын баары дахв сөзү менен айтылат. Төө куштун уя жасашына, жата турган жердеги таштарды тазалашына, жумурткалаган жерге жана жумурткасына да ушул сөздөн келип чыккан сөздөр колдонулат.
Жердин формасы да бир жумуртканы элестеткен формада тоголок. Жердин уюлдардан басылган эллипс формасы геоид деп аталат. Бир тараптан аятта «даха» сөзүнүн колдонулушу Аллах жер жөнүндө берген маанилүү бир маалыматты камтууда. Адамдардан жүздөгөн жылдар бою жердин формасын тегиздик деп кабыл алышы жана чыныгы формасынын технологиялык мүмкүнчүлүктөр менен гана аныкталышы Курандын Аллахтан келген вахий экендигинин маанилүү далилдеринин бири.
