Шуара Сүрөсү, 52-60
Аз. Муса жана деңиздин бөлүнүшү
Фараон деп таанылган Египет хандары байыркы Египеттин көп кудайлуу батыл дининде өздөрүн кудай деп кабыл алышчу эле.
Фараон деп таанылган Египет хандары байыркы Египеттин көп кудайлуу батыл дининде өздөрүн кудай деп кабыл алышчу эле. Аллах Египет калкы акыйкат диндин ордуна батыл (негизсиз, жалган) бир системаны кабыл алган жана Исраил урпактары кул кылынган бир доордо Аз. Мусаны элчиси (пайгамбар) катары Египет коомуна жөнөткөн.

Бирок байыркы Египеттиктер –Фараон жана чөйрөсү баш болуп- Аз. Мусанын акыйкат динге болгон чакырыгына карабастан путпарасттык ишенимдеринен кайтпай жатышкан эле. Аз. Муса Фараонго жана анын жакын чөйрөсүнө өздөрүн тыйышы керек болгон нерселерди баяндап берип, аларды Аллахтын азабы менен эскерткен. Бирок алар баш көтөрүп, Аз. Мусаны жинди, сыйкырчы жана жалганчы деп күнөөлөшкөн. Фараон жана анын коомуна көп санда балээ берилгенине карабастан, алар Аллахка моюн сунушкан эмес; Аллахты жалгыз Кудай деп кабыл алышкан эмес. Ал тургай, баштарына келген балээлерге Аз. Мусаны айыпташып, аны Египеттен айдагылары келген. Аллах Куранда Аз. Муса жана анын жанындагы ыймандууларга мындай буюрган:
۞ وَأَوْحَيْنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ أَنْ أَسْرِ بِعِبَادِىٓ إِنَّكُم مُّتَّبَعُونَ ٥٢ فَأَرْسَلَ فِرْعَوْنُ فِى ٱلْمَدَآئِنِ حَٰشِرِينَ ٥٣ إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ لَشِرْذِمَةٌۭ قَلِيلُونَ ٥٤ وَإِنَّهُمْ لَنَا لَغَآئِظُونَ ٥٥ وَإِنَّا لَجَمِيعٌ حَٰذِرُونَ ٥٦ فَأَخْرَجْنَٰهُم مِّن جَنَّٰتٍۢ وَعُيُونٍۢ ٥٧ وَكُنُوزٍۢ وَمَقَامٍۢ كَرِيمٍۢ ٥٨ كَذَٰلِكَ وَأَوْرَثْنَٰهَا بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ ٥٩ فَأَتْبَعُوهُم مُّشْرِقِينَ ٦٠
Мусага: «Пенделеримди түнкүсүн жолго (сапарга) алып чык, себеби силердин изиңерден куугунчулар түшүшөт» деп вахий кылдык. (Алардын качканын түшүнгөн) Фараон шаарларга (аскер) чогултуучуларды жиберди. «Чынында алар аз сандагы бир коом. Жана албетте бизди абдан жек көрүшөт. Биз болсо сак (эстүү) бир коомбуз» (деди). Ошентип Биз аларды (Фараон менен анын коомун) бакчалардан жана булактардан сүрүп чыгардык. Казыналардан жана мурастуу макам(дар)дан да. Ошондой (болду); аларга Исраил урпактарын мураскор кылдык. Ошентип (Фараон менен аскерлери) күн чыгаарда аларды кууп жөнөштү.
Куранда кабар берилгендей, мындай кубалоодон соң эки коом кезиккен кезде Аллах деңизди экиге бөлүп, Аз. Мусаны жана аны менен бирге ыйман келтиргендерди куткарып, Фараон жана анын коомун болсо кыйроого дуушар кылган. Куранда Аллахтын ыйман келтиргендерге болгон бул жардамы мындайча айтылат:
فَأَوْحَيْنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ أَنِ ٱضْرِب بِّعَصَاكَ ٱلْبَحْرَ ۖ فَٱنفَلَقَ فَكَانَ كُلُّ فِرْقٍۢ كَٱلطَّوْدِ ٱلْعَظِيمِ ٦٣ وَأَزْلَفْنَا ثَمَّ ٱلْءَاخَرِينَ ٦٤ وَأَنجَيْنَا مُوسَىٰ وَمَن مَّعَهُۥٓ أَجْمَعِينَ ٦٥ ثُمَّ أَغْرَقْنَا ٱلْءَاخَرِينَ ٦٦ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَءَايَةًۭ ۖ وَمَا كَانَ أَكْثَرُهُم مُّؤْمِنِينَ ٦٧ وَإِنَّ رَبَّكَ لَهُوَ ٱلْعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ ٦٨
Анан (Биз) Мусага: «Асаң менен деңизди ур» деп вахий кылдык. (Урду жана) Деңиз ошол замат экиге бөлүндү да ар бир бөлүгү чоң бир тоодой болду. Беркилерди да ал жерге жакындаттык. Мусаны жана анын жанындагыларды куткардык. Кийин беркилерди сууда чөктүрдүк. Албетте, мында бир аят бар. Бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтиришпейт. Жана эч шексиз, сенин Раббиң күчтүү жана Улуу, боорукер.
Бул жөнүндө жакында табылган, Фараон заманынан калган папирустарда мындай баяндар кездешкен:
Сарайдын ак бөлмөсүнүн кароолчусу китептеринин башчысы Аменамониден катчы Пентерхорго:
Бул кат колуңузга тийгенде жана чекити чекитине окулганда, жүрөгүңдү сыга турган кайгылуу кырсыкты, суу айлампасына кабылуу кырсыктарын угуп, жүрөгүңдү бороон алдындагы жалбырак сыяктуу эң күчтүү азапка тапшыр...
... Кырсык күчтүү жакырчылык кокустан аны кармады. Суулар ичинде уйку, жандууну айоолуу бир нерсеге айлантты... Башчылардын өлүмүн, коомдордун мырзасынын чыгыш жана батыштардын ханынын кыйрашын элестет. Сага жөнөткөн кабарымды кайсы кабарга салыштырууга болот?
Куранда өтмүш жөнүндө баяндалган окуялардын учурда тарыхый далилдер менен ачыкка чыгышы, албетте, Курандын маанилүү бир керемети.
Аз. Муса жана Исраил урпактары Кызыл деңизден өтүп баратып баштарынан өткөргөн бул керемет бир катар изилдөөлөргө тема болгон. Жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөрдө Египеттен чыккан соң Кызыл деңизге чейин басып өтүлгөн жолдон тышкары, Фараон менен Аз. Муса жана коому кез келген жердин географиялык жактан тоолор менен курчалган бир жер экенин да аныктаган. (Эң туурасын Аллах билет.)
Бул маалыматтарга таянган илимпоздор бир катар изилдөө жана анализдерден соң деңиздин кандайча экиге бөлүнгөнү жөнүндө маанилүү жыйынтыктарды алышкан. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы Куранда билдирилген окуяга толук дал келген эле.

Наум Вольцингер (Naum Volzinger) жана Алексей Андросов аттуу эки орус математик Аз. Мусанын Кызыл деңизди «ортодон экиге» бөлүшүнүн мүмкүн экенин математикалык жактан далилдешти. Орус математиктер бул кереметтин ыктымалдуулук эсебин жасаган илимпоздордун тескерисинче, кереметти пайда кылышы мүмкүн болгон шарттарды анализ кылышты жана бул анализдер аларды кереметти тастыктаган жыйынтыкка алып барды.
Бул илимпоздордун Россия Илимдер академиясынын бюлтениндеги сөздөрү боюнча, Кызыл деңизде ал замандарда суунун бетине жакын ири бир тоо бар эле. Буга таянып бул илимпоздор тоонун суу деңгээлинин үстүнө чыгып калышын мүмкүн кылуучу бороондун күчүн жана шамалдын ылдамдыгын эсептөөгө аракет кылышты. Жасаган эмгектери натыйжасында ылдамдыгы секундасына 30 метрге жеткен бир шамалдын деңиздин тартылып, тоонун суу бетинин үстүнө чыгышына себеп боло алаары аныкталды. Россиянын океан изилдөө институтунан Наум Вольцингер ушундайча саны 600 миңге жеткен еврейдин 7 километр узундуктагы тоо-ташты басып, төрт саатта аркы өйүзгө өтө алаарын аныктаганын айтты. Еврейлер өткөндөн жарым сааттан соң болсо тоонун кайрадан суу астында калып, аларды кууп келаткан египеттиктердин ушундайча чөгүп кетиши мүмкүн экенин айтты. Ошондой эле, Вольцингер кесиптеши Андросов менен бирге Исаак Ньютондун төмөнкү сөзүнө таянып, бул эмгегин башташканын айткан:
Аллахтын дүйнөнү физика мыйзамдары менен башкарганына ынандым.
Бир нерсени унутпаш керек, мындай табигый кубулуштун дайыма болуу ыктымалдыгы бар.
Аллахтын каалоосу менен, шамалдын ылдамдыгы, орду жана убактысы сыяктуу шарттар керектүү абалда ишке ашканда бул керемет кайрадан болушу мүмкүн. Бирок бул жердеги негизги кереметтүү тарап – бул окуялардын Аз. Муса жана Исраил урпактары мына жеңилүүгө кабылат деп турган учурда ишке ашкандыгы. Дал Аз. Муса менен бирге коому өтө турган убакта суулар тартылып, Фараон жана аскерлери өтүп баратканда суулардын кайра көтөрүлүшү Аллахтын ыймандууларга болгон жардамынын апачык бир мисалы. Аз. Муса мына ушундай оор учурда Аллахка таянып, ишенүү менен абдан сонун бир ахлак мисалын көрсөткөн:
فَلَمَّا تَرَٰٓءَا ٱلْجَمْعَانِ قَالَ أَصْحَٰبُ مُوسَىٰٓ إِنَّا لَمُدْرَكُونَ ٦١ قَالَ كَلَّآ ۖ إِنَّ مَعِىَ رَبِّى سَيَهْدِينِ ٦٢
Эки коом бири-бирин көргөндө, Мусанын адамдары: «Чындап кармалдык» дешти. (Муса:) «Жок» деди. «Шексиз Раббим мени менен бирге; мага жол көрсөтөт.
Эскертүүлөр
- British Museum, 6 no'lu Mısır papirüsü.
- Galina Stolyarova, 20 Ocak 2004, "City Scientists Say Red-Sea Miracle Can Be Explained", The St. Petersburg Times, www.sptimes.ru/archive/times/936/top/t_11445.htm; Galina Stolyarova, 21 Ocak 2004, "Mathematicians Dissect a Miracle", The Moscow Times, http://www.themoscowtimes.com/stories/2004/01/21/003.html
- Galina Stolyarova, 20 Ocak 2004, "City Scientists Say Red-Sea Miracle Can Be Explained", The St. Petersburg Times, www.sptimes.ru/archive/times/936/top/t_11445.htm; Galina Stolyarova, 21 Ocak 2004, "Mathematicians Dissect a Miracle", The Moscow Times, http://www.themoscowtimes.com/stories/2004/01/21/003.html

