Касас Сүрөсү, 38

Хаман жана байыркы Египет жазуулары

Куранда Байыркы Египет жөнүндө берилген маалыматтардын кээ бирлери жакынкы убакка чейин жашыруун болуп келген кээ бир тарыхый чындыктарды ачыкка чыгарууда.

Куранда610–632
1190+ жылдан кийин
Ачылган1822

3 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

Куранда Байыркы Египет жөнүндө берилген маалыматтардын кээ бирлери жакынкы убакка чейин жашыруун болуп келген кээ бир тарыхый чындыктарды ачыкка чыгарууда. Бул чындыктар Курандагы ар бир сөздүн белгилүү бир терең максатка ылайык колдонулганын бизге көрсөтүүдө.

Хаман жана байыркы Египет жазуулары

Куранда Фараон менен бирге аты аталган адамдардын бири – бул «Хаман». Хаман Курандын 6-аятында Фараондун эң жакын адамдарынын бири катары эскерилет.

Ал эми Тооротто болсо Аз. Мусанын өмүрү баяндалган бөлүмдө Хамандын аты эч аталбайт. Бирок Хаман аты Байыркы Ахиттин (Ветхий Завет) кийинки бөлүмдөрүндө Аз. Мусадан болжол менен 1100 жыл кийин жашаган жана еврейлерге зулумдук кылган бир Вавилон ханынын жардамчысы катары айтылат.

Куран жөнүндө акылга сыйбас жоромолдорду жасаган Мусулман эместердин дооматтарынын жараксыз экени бир Египет иероглифинин мындан болжол менен 200 жыл мурда окулуп, байыркы Египет жазууларында «Хаман» атынын табылышы менен ортого чыкты. 18-кылымга чейин Байыркы Египет тилинде жазылган эпитафия жана жазууларды окуу мүмкүн эмес эле. Байыркы Египет тили иероглиф эле жана кылымдар бою бул тил колдонулуп келген. Бирок б.з. 2- жана 3-кылымында Христиан дининин жайылышы жана маданий таасири натыйжасында Египет дини менен кошо тилин да унутту; жазууларда иероглифти колдонуу азайды жана токтоду. Иероглиф жазуусунун акыркы колдонулушу катары билинген жыл – бул б.з. 394-жылына тиешелүү бир эпитафия. Андан соң бул тил унутулган жана бул тилде жазылган жазууларды окуй алган жана түшүнө алган адамдар калган эмес. Мындан болжол менен эки жүз жыл мурдага чейин...

Байыркы Египет иероглифи 1799-жылы Rosetta Stone деп аталган б.з.ч. 196-жылга тиешелүү бир эпитафиянын табылышы менен түшүнүктүү болуп калды. Бул тактайдын (таблетка) өзгөчөлүгү үч башка тилде жазылганы эле: иероглиф, демотика (иероглифтин кол жазма түрү) жана грекче. Грек тилиндеги тексттин жардамы менен тактайдагы байыркы Египет жазуусун түшүнүүгө аракет кылынды. Жазууну толук түшүнүү Жан-Франсуа Шамполлион (Jean-Françoise Champollion) аттуу француз тарабынан жыйынтыкталды. Натыйжада унутулган бир тил жана бул тил баяндаган тарых ачыкка чыкты. Мунун жардамы менен байыркы Египет цивилизациясы, алардын диндери жана коомдук жашоолору жөнүндө көп маалыматтар алынды.

Иероглифти түшүнүүнүн натыйжасында биздин темабыз менен байланыштуу болгон абдан маанилүү бир маалымат да алынды: «Хаман» аты чындап эле Египет жазууларында бар эле. Венадагы Хоф (Hof) музейинде турган бир эстеликтин бетинде бул ысымдан сөз кылынган. Ошол эле жазууда Хамандын Фараон менен болгон байланышы да айтылган.

Бардык жазууларга таянып даярдалган «Жаңы хандыктагы адамдар» сөздүгүндө болсо Хамандан «Таш очокторунда иштегендердин башчысы» катары сөз кылынган эле.

Алынган жыйынтык маанилүү бир чындыкты көрсөткөн. Хаман – дал Куранда айтылгандай, Аз. Муса заманында Египетте жашаган бир адам эле. Куранда айтылгандай, Фараонго абдан жакын эле жана курулуш иштери менен алектенген.

Куранда Фараондун мунара куруу жумушун Хамандан талап кылганын кабар берген аят бул археологиялык табылга менен толук дал келет:

وَقَالَ فِرْعَوْنُ يَٰٓأَيُّهَا ٱلْمَلَأُ مَا عَلِمْتُ لَكُم مِّنْ إِلَٰهٍ غَيْرِى فَأَوْقِدْ لِى يَٰهَٰمَٰنُ عَلَى ٱلطِّينِ فَٱجْعَل لِّى صَرْحًۭا لَّعَلِّىٓ أَطَّلِعُ إِلَىٰٓ إِلَٰهِ مُوسَىٰ وَإِنِّى لَأَظُنُّهُۥ مِنَ ٱلْكَٰذِبِينَ ۝٣٨

Фараон: «Эй алдыңкылар (башчылар), силер үчүн менден башка кудай бар экенин билбейм. Эй Хаман, ылайдын үстүндө бир от жагып, мага бийик бир мунара курчу, балким Мусанын Кудайына чыгаармын, себеби чынында мен аны жалганчылардан деп ойлоймун» деди.
Касас Сүрөсү, 38

Жыйынтыктасак, Байыркы Египет жазууларында Хамандын атынын болушу Курандын кайып кабарларын билген Аллах Кабатынан түшүрүлгөнүн дагы бир жолу ортого койду. Себеби Куранда Пайгамбар Мырзабыз жашаган доордо табылышы жана чечмелениши мүмкүн болбогон бир тарыхый маалымат кереметтүү абалда бизге берилген эле.

Эскертүүлөр

  1. Walter Wreszinski, Aegyptische Inschriften aus dem K.K. Hof Museum in Wien, 1906, J. C. Hinrichs' sche Buchhandlung.
  2. Hermann Ranke, Die Ägyptischen Personennamen, Verzeichnis der Namen, Verlag Von J. J. Augustin in Glückstadt, Band I, 1935, Band II, 1952.

Аяттарга шилтемелер