Араф Сүрөсү, 132
Фараон жана анын чөйрөсүнө келген балээлер
Фараон жана анын жакын чөйрөсү өздөрүнүн көп кудайлуу системаларын, путпарасттык ишенимин ушунчалык бекем тутунушкандыктан, Аз.
Фараон жана анын жакын чөйрөсү өздөрүнүн көп кудайлуу системаларын, путпарасттык ишенимин ушунчалык бекем тутунушкандыктан, Аз. Мусанын кереметтер менен келиши да аларды бул батыл (негизсиз, жалган) ишенимдеринен кайтара алган эмес. Болгондо да муну апачык айтышкан:

وَقَالُوا۟ مَهْمَا تَأْتِنَا بِهِۦ مِنْ ءَايَةٍۢ لِّتَسْحَرَنَا بِهَا فَمَا نَحْنُ لَكَ بِمُؤْمِنِينَ ١٣٢
Алар: «Бизди сыйкырлоо үчүн эмне керемет (аят) алып келсең да, баары бир биз сага ишенбейбиз.» дешти.
Мындай мамилелерине жооп катары Аллах аларга бул дүйнөдө да бир азап таттыруу үчүн аятта айтылгандай, «өз-өзүнчө кереметтер» (Аьраф Сүрөсү, 133) балээлерди жиберди. Булардын биринчиси кургакчылык жана натыйжада түшүмдүн азайышы эле. Бул жөнүндө Куран аяты төмөнкүдөй:
وَلَقَدْ أَخَذْنَآ ءَالَ فِرْعَوْنَ بِٱلسِّنِينَ وَنَقْصٍۢ مِّنَ ٱلثَّمَرَٰتِ لَعَلَّهُمْ يَذَّكَّرُونَ ١٣٠
Ант болсун, Биз Фараон (үй-бүлө)сүн балким насаат алып-ойлонушат деп жылдар бою кургакчылык жана түшүм каатчылыгына туш кылдык.
Египеттиктер айыл-чарба системаларын Нил дарыясына таяшкан эле жана мунун урматында табигый шарттардын өзгөрүшү аларга таасир этчү эмес. Бирок Фараон жана анын жакын чөйрөсүнүн Аллахка карата бой көтөрүшү жана Аллахтын пайгамбарларын тааныбашы себебинен аларга күтүлбөгөн бир балээ келген эле. Бирок аятта да айтылгандай, «сабак алып ойлонуунун» ордуна, болуп жаткандарды Аз. Муса жана Исраил урпактары алып келген бир бактысыздык деп кабыл алышты. Андан соң Аллах бир катар балээлерди жөнөттү. Бул балээлер Куранда мындайча билдирилген:
فَأَرْسَلْنَا عَلَيْهِمُ ٱلطُّوفَانَ وَٱلْجَرَادَ وَٱلْقُمَّلَ وَٱلضَّفَادِعَ وَٱلدَّمَ ءَايَٰتٍۢ مُّفَصَّلَٰتٍۢ فَٱسْتَكْبَرُوا۟ وَكَانُوا۟ قَوْمًۭا مُّجْرِمِينَ ١٣٣
Анан өз-өзүнчө кереметтер (аяттар) катары аларга топон, чегиртке, буудай куртун, бака жана канды (баштарына) жөнөттүк. Кайра эле бой көтөрүштү жана кылмышкер-күнөөкөр бир коом болушту.
Египет калкынын башына келген балээлер жөнүндө Папируста орун алган маалыматтар дал Куранда баяндалгандай эле. Куранда Египет калкынын башына келген бул балээлер жөнүндө айтылгандар 19-кылымдын башында Орто хандык доорунан калган Ипувер (Ipuwer)
папирустарынын Египетте табылышы менен Куранда айтылган чындыктар дагы бир жолу тастыкталды. Бул папирус табылган соң 1909-жылы Leiden Голландия музейине алып барылып, А. Х. Гардинер (A. H. Gardiner) тарабынан которулду. Папируста Египеттеги жокчулук, кургакчылык сыяктуу балээлер жана Египеттен кулдардын качышы баяндалууда. Ошондой эле, бул папирусту жазган Ипувердин да бул окуяларга күбө болгону көрүнүп турат.
Египет калкынын башына келген балээлер тизмеги Куранда баяндалган жокчулук, кандын аралашышы сыяктуу балээлерге абдан дал келет. Аллах Куранда билдиргендей, бул балээлер жөнүндө Ипувер папирустарында мындайча сөз кылынууда:
Балээлер бүт өлкөнү каптаган эле. Бүт жерде кан бар эле.
Дарыя кан болду.
Ушундай кечээ мен көргөн бүт нерсе кыйрады. Орулган сыяктуу бүт жерлер жыпжылаңач...
Египеттин ылдый жагы кыйрады... Бүт сарай бопбош калды. Колдогу бүт нерсе: буудай жана арпа, каздар жана балыктар...
Чындап эгин бүт жерде кыйрады...
Жерлер –бүт каргашага жана ызы-чууга карабастан... Тогуз күн бою сарайдан эч бир чыгуу жолу жок эле жана эч ким ал адамдын жүзүн көрө албады... Шаарлар күчтүү агымдар тарабынан кыйрады... Жогорку Египет кыйраган эле... бүт тарапта кан бар эле... өлкөдө жугуштуу оорулар чыкты... Бүгүн чынында эч ким түндүккө Byblos'ко бара албай жатат. Мумияларыбыз үчүн эмне кылабыз?... Алтын азайууда...
Адамдар суудан коркчу болду. Суу ичкенден соң да суусашты.
Мына суубуз! Бактыбыз! Колубуздан эмне келет? Бүт жер талоондо.
Шаарлар кыйрады. Жогорку Египет куурады.
Эл жашаган жерлер бир мүнөт ичинде астын-үстүн болду.
20-кылымда биз маалымат алган бул папируста Фараон жана анын коомуна келген балээлер жөнүндө Куранга абдан окшош айтылып жатышы Курандын Кудайдан келгенин дагы бир жолу ортого койууда.
Эскертүүлөр
- www.ohr.org.il/special/pesach/ipuwer.htm
- www.mystae.com/restricted/streams/thera/plagues.html; Admonitions of Ipuwer 2:5-6.
- www.mystae.com/restricted/streams/thera/plagues.html; Admonitions of Ipuwer 2:5-6.
- http://www.students.itu.edu.tr/~kusak /ipuwer.htm; Admonitions of Ipuwer 5:12.
- http://www.students.itu.edu.tr/~kusak /ipuwer.htm; Admonitions of Ipuwer 5:12.
- http://www.students.itu.edu.tr/~kusak /ipuwer.htm; Admonitions of Ipuwer 5:12.
- www.ohr.org.il/special/pesach/ipuwer.htm
- www.mystae.com/restricted/streams/thera/plagues.html; Admonitions of Ipuwer 2:5-6.
- http://www.students.itu.edu.tr/~kusak /ipuwer.htm; Admonitions of Ipuwer 5:12.
- http://www.students.itu.edu.tr/~kusak /ipuwer.htm; Admonitions of Ipuwer 5:12.
- http://www.geocities.com/regkeith/linkipuwer.htm; Admonitions of Ipuwer 2:11.
- http://www.geocities.com/regkeith/linkipuwer.htm; Admonitions of Ipuwer 2:11.

