Араф Сүрөсү, 57

Булуттардын салмагы

Булуттардын салмагы абдан таң калыштуу чоңдуктарга жетет. Мисалы, топтолгон жамгыр булуту (cumulonimbus) түрүндөгү бороон булутунда 300 000 тонна массага жеткен көлөмдө суу чогулат.

1 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

Булуттардын салмагы абдан таң калыштуу чоңдуктарга жетет. Мисалы, топтолгон жамгыр булуту (cumulonimbus) түрүндөгү бороон булутунда 300 000 тонна массага жеткен көлөмдө суу чогулат.

Булуттардын салмагы

Асманда 300 000 тонналык бир масса тура ала турган бир системанын «курулган» болушу – албетте, таң калыштуу көрүнүш. Курандын кээ бир аяттарында булуттардын салмагына мындайча көңүл бурулууда:

وَهُوَ ٱلَّذِى يُرْسِلُ ٱلرِّيَٰحَ بُشْرًۢا بَيْنَ يَدَىْ رَحْمَتِهِۦ ۖ حَتَّىٰٓ إِذَآ أَقَلَّتْ سَحَابًۭا ثِقَالًۭا سُقْنَٰهُ لِبَلَدٍۢ مَّيِّتٍۢ فَأَنزَلْنَا بِهِ ٱلْمَآءَ فَأَخْرَجْنَا بِهِۦ مِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِ ۚ كَذَٰلِكَ نُخْرِجُ ٱلْمَوْتَىٰ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ ۝٥٧

Ырайымынын алдынан шамалдарды бир сүйүнчү катары Ал жөнөтөт. Булар оор булуттарды жогору көтөрүшкөндө, аларды (кургакчылыктан) өлгөн бир шаарга айдайбыз жана муну менен ал жерге суу түшүрөбүз, ушундайча бүт түшүмдөрдөн чыгарабыз...
Араф Сүрөсү, 57

هُوَ ٱلَّذِى يُرِيكُمُ ٱلْبَرْقَ خَوْفًۭا وَطَمَعًۭا وَيُنشِئُ ٱلسَّحَابَ ٱلثِّقَالَ ۝١٢

Ал – силерге чагылганды коркуу жана үмүт катары көрсөткөн, (жамгыр көтөргөн) салмактуу булуттарды (жасап) пайда кылган (Зат).
Рад Сүрөсү, 12

Албетте, Куран түшүрүлгөн доордо адамдардын булуттардын салмагы жөнүндө мындай маалыматка ээ болушу мүмкүн эмес эле. Куран аяттарында көңүл бурулган жана жакынкы өтмүштө аныкталган бул маалымат Курандын Аллахтын сөзү экендигинин далилдеринин дагы бирөөсү.

Аяттарга шилтемелер