Ала Сүрөсү, 1-5
Мунайзаттын пайда болушу
Белгилүү болгондой, мунайзат өсүмдүк жана жаныбарлардын чириген калдыктарынан пайда болот. Бул калдыктар сууда миллиондогон жыл бою чириген соң ал жерде бир гана майлуу заттар калат.
سَبِّحِ ٱسْمَ رَبِّكَ ٱلْأَعْلَى ١ ٱلَّذِى خَلَقَ فَسَوَّىٰ ٢ وَٱلَّذِى قَدَّرَ فَهَدَىٰ ٣ وَٱلَّذِىٓ أَخْرَجَ ٱلْمَرْعَىٰ ٤ فَجَعَلَهُۥ غُثَآءً أَحْوَىٰ ٥
Раббиңдин Улуу ысымын тасбих кыл, Ал жаратты, «бир система ичинде калып берди», тагдыр кылды, ушундайча жол көрсөттү, «жапжашыл чөптү» чыгарды. Андан соң аны куураган, кара бир абалга салды.
Белгилүү болгондой, мунайзат өсүмдүк жана жаныбарлардын чириген калдыктарынан пайда болот. Бул калдыктар сууда миллиондогон жыл бою чириген соң ал жерде бир гана майлуу заттар калат. Ылай жана ири жер катмарларынын астында калган майлуу заттар мунайзат жана газга айланат. Жердин үстүңкү катмарындагы кыймылдар кээде деңиздердин кургактыктарга айланышына жана мунайзаты бар породалардын миңдеген метр тереңдикке көмүлүшүнө жол ачат. Пайда болгон мунайзат болсо кээде порода катмарларындагы оюктардан сызылып километрлеген тереңдиктен жердин бетине чыгат жана ал жерде бууланып (газ абалына келип), артта болсо смола жыйындысы калат.

Аъла Сүрөсүнүн алгачкы төрт аятында көңүл бурган үч нерсе мунайзаттын пайда болуу баскычтарына абдан дал келет. Эң биринчиден көк чөп, кыр, чайыр маанилерине келген «элмеръа» сөзү менен мунайзаттын пайда болушундагы органикалык заттарга ишарат кылынышы толук ыктымал. Аятта экинчи көңүл бурган сөз болсо – бул кара чалыш жашыл, жашыл чалыш кара, кара сымал, кара, ыстуу түстөрдү сүрөттөө үчүн колдонулган «ахва» сөзү. Бул сөздү жер астында чогулган өсүмдүк калдыктарынын убакыттын өтүшү менен карага айланышы деп түшүнүүгө болот. Себеби бул сөздөр үчүнчү бир сөз менен –«гусаен» менен- бышыкталууда. Кээде котормолордо ыпыр-сыпыр, калдык деп которулган «гусаен» сөзү сел суусу чөптөрдү, акыр-чикирлерди бири-бирине аралаштырып, айдап келген жана дарыялардын айланасына чыгарып таштаган чөп, акыр-чикир, жалбырак жана көбүк сыяктуу аралашма маанисине да келет. Бул сөз «кусуу» маанисинен улам кээ бир булактарда «сел кусундусу» деп которулууда жана топурактын мунайзатты кусушу деп айтылууда. Мунайзаттын пайда болушу, көбүктүү көрүнүшү, түсү эске алынганда, чындап эле аяттарда колдонулган сөздөрдүн канчалык терең маанилүү экени жакшыраак көрүнүүдө.
Байкалгандай, аяттагы өсүмдүктүн кара жана агуучу бир суюктукка айланышы мунайзаттын пайда болушуна абдан окшошот. Мунайзаттын пайда болушу жөнүндө маалымат жок болгон бир доордо ушунчалык көп убакытты талап кылган бир процесстин сүрөттөлүшү – албетте, Курандын Аллахтын вахийи экендигинин дагы бир далили.
