Нур Сүрөсү, 40
Деңиздердеги караңгылык жана ички толкундар
Терең океандардагы жалпы чөйрө Oceans (Океандар) аттуу китепте мындай сүрөттөлөт:
أَوْ كَظُلُمَٰتٍۢ فِى بَحْرٍۢ لُّجِّىٍّۢ يَغْشَىٰهُ مَوْجٌۭ مِّن فَوْقِهِۦ مَوْجٌۭ مِّن فَوْقِهِۦ سَحَابٌۭ ۚ ظُلُمَٰتٌۢ بَعْضُهَا فَوْقَ بَعْضٍ إِذَآ أَخْرَجَ يَدَهُۥ لَمْ يَكَدْ يَرَىٰهَا ۗ وَمَن لَّمْ يَجْعَلِ ٱللَّهُ لَهُۥ نُورًۭا فَمَا لَهُۥ مِن نُّورٍ ٤٠
Же болбосо (каапырлардын кылгандары) чоң бир деңиздеги караңгылыктарга окшошот; анын үстүн бир толкун каптайт, анын үстүндө бир толкун, анын үстүндө болсо бир булут бар. Бир бөлүгү бир бөлүгүнүн үстүндө болгон караңгылыктар; колун чыгарганда аны да дээрлик эч көрө албайт. Аллах кимге нур бербеген болсо, эми ал үчүн нур жок.
Терең океандардагы жалпы чөйрө Oceans (Океандар) аттуу китепте мындай сүрөттөлөт:

Терең деңиздердеги жана океандардагы караңгылыктын болжол менен 200 м жана тереңирээк жерлерде болоорун учурда билебиз. Мындай тереңдикте жарык дээрлик эч жок. 1000 метрден төмөнкү тереңдиктерде болсо эч кандай жарыкты көрүүгө мүмкүн эмес.
Учурда бир деңиздин жалпы географиялык түзүлүшү, ичинде жашаган жандыктардын өзгөчөлүктөрү, туздуулук деңгээли сыяктуу маалыматтар менен бирге суунун көлөмү, аянты жана тереңдиги сыяктуу маалыматтарды да алууга болот. Учурдагы технология колдонулуп өндүрүлгөн суу-асты унаалар жана ар кандай атайын аппараттар бул маалыматтарга жетүүдө колдонулган эң маанилүү кабылдагычтар.
Мындай аппараттарсыз бир адамдын 70 метрден тереңирээкке чумкушу болсо дээрлик эч мүмкүн эмес. Ошондой эле, бир адамдын эч көмөксүз океандардын 200 метр тегерегиндеги караңгы тереңдиктеринде жашашы да эч мүмкүн эмес. Ошондуктан, илимпоздор суулар жөнүндөгү терең маалыматтарды абдан жакында гана аныкташты. Ал эми Куранда болсо ири деңиздердин караңгы экендиги мындан 1400 жыл мурда кабар берилген. Эч бир технология жана ошондуктан адамдар деңиз-океандардын тереңине чумкуй турган унаалары жок болгон бир доордо мындай бир маалыматтын билдирилген болушу – албетте, Курандын кереметтеринин бири.
Ошондой эле, Нур Сүрөсүнүн 40-аятындагы «... чоң бир деңиздеги караңгылыктарга окшошот; анын үстүн бир толкун каптайт, анын үстүндө бир толкун, анын үстүндө болсо бир булут бар...» сүйлөмү болсо Курандагы дагы бир илимий кереметке ишарат кылууда:

Илимпоздор жакында эле «ар кайсы тыгыздыктагы катмарлар арасында тыгыздык араларында пайда болгон ички толкундардын» бар экенин аныкташкан. Ички толкундар деңиз жана океандардын тереңдиктерин каптайт; себеби терең деңиздердин үстүндөгү суудан тыгыздыгы жогору. Ички толкундар беттик толкун сыяктуу кыймылдайт. Беттик толкундар сыяктуу алар да сынышы мүмкүн. Ички толкундарды көз менен көрүүгө болбойт, белгилүү бир аймактагы температура жана туздуулуктун өзгөрүшүн изилдегенде гана бул толкундарды байкоого болот.
Аяттагы маани менен бул түшүндүрмө бири-бирине толук дал келет. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр болбостон, бир адам деңиз бетиндеги толкундарды гана бар деп ойлойт. Деңиздин ичинде пайда болгон толкундарды болсо эч билиши мүмкүн эмес. Бирок Нур Сүрөсүндө Аллах деңиздердин тереңдиктериндеги экинчи бир толкун формасына ишарат кылган. Албетте, илимпоздор жакында эле аныктаган бул чындык да Курандын Аллахтын сөзү экенин дагы бир жолу көрсөтүүдө.
Эскертүүлөр
- Danny Elder, John Pernetta, Oceans, Mitchell Beazley Publishers, London, 1991, s. 27.
- M. Grant Gross, Oceanography, A View of Earth, 6. baskı, Englewood Cliffs, Prentice-Hall Inc., 1993, s. 205.
