Мүмин Сүрөсү, 60

Дубалардын оорулуулардын айыгышын ылдамдатышы

Ыймансыз адамдар болсо бир ооруга чалдыкканда аларды айыктыра турган бул докторлор, дары же оорукананын жогорку технологиялык мүмкүнчүлүктөрү деп ойлошот.

4 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

وَقَالَ رَبُّكُمُ ٱدْعُونِىٓ أَسْتَجِبْ لَكُمْ ۚ إِنَّ ٱلَّذِينَ يَسْتَكْبِرُونَ عَنْ عِبَادَتِى سَيَدْخُلُونَ جَهَنَّمَ دَاخِرِينَ ۝٦٠

Раббиңер айтты: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп берейин. Чынында Мага ибадат кылуудан текеберленгендер (бой көтөргөндөр) тозокко моюндары бүгүлгөн абалда киришет.
Мүмин Сүрөсү, 60

«Чакыруу, үн салуу, каалоо, жардам суроо» маанилерине келген дуба – бул Куранда билдирилгендей, «адамдын чын жүрөктөн Аллахка кайрылышы, Ага муктаж бир жандык экенин билип түшүнүү менен чексиз күч-кудуреттүү, Рахман жана Рахим болгон Аллахтан жардам сурашы». Ооруган кездер адам мындай алсыздыгын даанараак сезген, Аллахка жакындаган учурлардын бири. Мындан тышкары, оорулар – бул Аллахтын каалоосу менен болгон абдан терең сырдуу бир сыноо, дүйнө жашоосунун убактылуу жана кемчиликтүү экенин эстеткен бир эскертүү, сабыр кылган жана тобокел кылгандар үчүн акыретте бир сыйлыктын себеби.

Дубалардын оорулуулардын айыгышын ылдамдатышы

Ыймансыз адамдар болсо бир ооруга чалдыкканда аларды айыктыра турган бул докторлор, дары же оорукананын жогорку технологиялык мүмкүнчүлүктөрү деп ойлошот. Ден-соолугу жайында кезинде денелериндеги системаны иштеткендин, ооруганда шыпаа берүүчүнүн, керектүү дары, докторду жараткандын Аллах экенин ойлонушпайт. Көп адамдар доктор жана дарылар жетишсиз болуп калды деген ойго келгенде гана Аллахка кайрылат. Мындай абалдагы бир адам ал оор абалдан аны бир гана Аллах куткара алаарын түшүнүп, бир гана Аллахтан жардам сурайт. Аллах мындай мүнөздү бир аятта мындайча билдирет:

وَإِذَا مَسَّ ٱلْإِنسَٰنَ ٱلضُّرُّ دَعَانَا لِجَنۢبِهِۦٓ أَوْ قَاعِدًا أَوْ قَآئِمًۭا فَلَمَّا كَشَفْنَا عَنْهُ ضُرَّهُۥ مَرَّ كَأَن لَّمْ يَدْعُنَآ إِلَىٰ ضُرٍّۢ مَّسَّهُۥ ۚ كَذَٰلِكَ زُيِّنَ لِلْمُسْرِفِينَ مَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ۝١٢

Адамга бир жамандык келгенде, жатып алып да, отуруп да же турганда да Бизге дуба кылат; ал жамандыкты андан алып койгонубузда болсо, ага тийген зыянга Бизди эч (жардамга) чакырбаган сыяктуу болуп бурулуп кетет. Өлчөөнү бузгандарга кылган иштери мына ушундай кооздолгон.
Юнус Сүрөсү, 12

Чынында болсо адамдын ден-соолугу чың кезде да же бир кыйынчылык, азап ичинде болбогон кезде да дуба кылышы, Аллах ага берген бейпилдик, ден-соолук жана башка бардык немат-жакшылыктары үчүн шүгүр кылышы керек.

Дуба жөнүндөгү абдан маанилүү бир жагдай төмөнкүдөй: сөз менен кылган дуба менен бирге адамдын кыймыл-аракети менен да дуба катары аракет кылышы абдан маанилүү. Кыймыл-аракет дубасы – бул адамдын кандайдыр бир каалоосуна жетүү үчүн колунан келген бүт нерсени кылышы. Мисалы, оорулуу бир адам сөз менен кылган дуба менен бирге сөзсүз адис бир докторго кайрылышы, ага пайдалуу боло турган дарыларды колдонушу, керек болсо ооруканада дарыланышы, абдан жакшылап кароого алынышы керек болушу мүмкүн. Себеби Аллах бул дүйнөдө ишке ашкан бардык окуяларды белгилүү себептерге байланыштуу кылып койгон. Дүйнөдөгү жана ааламдагы бүт нерсе Аллах койгон мыйзам жана эрежелер боюнча иштейт. Ошондуктан адамдын да ушул себептерге ылайык керектүү чараларды көрүшү, бирок буларды натыйжалуу кыла тургандын Аллах экенин билип, тобокелчилик, баш ийүүчүлүк жана сабырдуулук менен жыйынтыкты Аллахтан күтүшү зарыл.

Ыймандын жана дубанын оорулууларга болгон оң таасири, дарылоо процессин ылдамдатышы докторлор да көңүлүн бурган, алар да кеңеш берген нерсе. АКШда жарык көрчү атактуу кабар журналы Newsweek 2003-жылдын 10-ноябрь санында «Аллах жана ден-соолук: дин жакшы бир дарыбы? Илим эмне үчүн ишенип баштады?» (God & Health: Is Religion Good Medicine? Why Science is Starting to Believe?) деген темада диндин айыктыруучу таасирин журналдын сырткы бетинин темасы кылган. Аллахка болгон ишенимдин адамдын маанайын көтөрүп, оорудан оңойураак айыктыраары жөнүндө сөз болгон макалада илимдин да ыймандуу адамдардын оорулардан оңой жана бат кутулаарына ишенип баштаганын билдирген. Newsweek'тин сурамжылоосу боюнча, адамдардын 72%ы дуба кылуу менен оорудан батыраак кутулаарына, дубанын айыгууну жеңилдетээрине ишенишүүдө. АКШ жана Англияда жасалган изилдөөлөрдө болсо оорулуулар үчүн дуба кылуунун оорулуулардын кыйналуу белгилерин азайтаары жана айыгуу процессин ылдамдатаары аныкталган.

Мичиган университетинин изилдөөсү боюнча, динге ишенген адамдарда депрессия жана стресс азыраак кездешсе, Чикагодогу Раш (Rush) университетинин изилдөөсү боюнча, дайыма ибадат жана дуба кылгандардын эрте өлүү деңгээлинин дин карманбагандардыкына караганда 25% аз экени аныкталган. Дюк (Duke) университетинин ангина операциясын башынан өткөргөн 750 оорулуу изилденген бир изилдөөсүндө болсо «дубанын айыктыруучу күчү» илимий тараптан далилденген. Дуба кылган жүрөк оорулууларынын операциядан соң бир канча жыл ичинде өлүм деңгээлинин 30% аз экени аныкталган.

Аллах Куранда билдирген дубалардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

۞ وَأَيُّوبَ إِذْ نَادَىٰ رَبَّهُۥٓ أَنِّى مَسَّنِىَ ٱلضُّرُّ وَأَنتَ أَرْحَمُ ٱلرَّٰحِمِينَ ۝٨٣ فَٱسْتَجَبْنَا لَهُۥ فَكَشَفْنَا مَا بِهِۦ مِن ضُرٍّۢ ۖ وَءَاتَيْنَٰهُ أَهْلَهُۥ وَمِثْلَهُم مَّعَهُمْ رَحْمَةًۭ مِّنْ عِندِنَا وَذِكْرَىٰ لِلْعَٰبِدِينَ ۝٨٤

Жана Айубду да эсте. Ал Раббисине: «Мени зыян каптады. Өзүң ырайым кылуучулардын эң ырайымдуураагысың.» деп дуба кылды. Кийин Биз анын дубасын кабыл кылып, андагы зыянды арылттык жана Өзүбүздөн ырайым-рахмат ирээтинде жана (сабырдуу) ибадатчыларга эскерме-сабак болсун деп ага үй-бүлөсүн кайтарып, алар менен дагы ошончо (перзент) бердик.
Энбия Сүрөсү, 83-84

وَذَا ٱلنُّونِ إِذ ذَّهَبَ مُغَٰضِبًۭا فَظَنَّ أَن لَّن نَّقْدِرَ عَلَيْهِ فَنَادَىٰ فِى ٱلظُّلُمَٰتِ أَن لَّآ إِلَٰهَ إِلَّآ أَنتَ سُبْحَٰنَكَ إِنِّى كُنتُ مِنَ ٱلظَّٰلِمِينَ ۝٨٧ فَٱسْتَجَبْنَا لَهُۥ وَنَجَّيْنَٰهُ مِنَ ٱلْغَمِّ ۚ وَكَذَٰلِكَ نُۨجِى ٱلْمُؤْمِنِينَ ۝٨٨

Зуннунду (Йунусту) да эстегин. Бир кезде ал ачууланып, (элинен ээн жерге) кетип калды. Ал Бизди өзүн тар (жана караңгы) жерде калтырбайт деп ойлогон. Ал караңгылыктарда (калып): «Өзүңдөн башка илах жок. (Оо, Раббим,) Сен Аруу-Таза Кудайсың. Мен заалымдардан болуп калдым.» деп жалбарды. Биз анын дубасын кабыл алдык жана кайгыдан куткардык. Биз момун адамдарды мына ушинтип куткарабыз.
Энбия Сүрөсү, 87-88

وَزَكَرِيَّآ إِذْ نَادَىٰ رَبَّهُۥ رَبِّ لَا تَذَرْنِى فَرْدًۭا وَأَنتَ خَيْرُ ٱلْوَٰرِثِينَ ۝٨٩ فَٱسْتَجَبْنَا لَهُۥ وَوَهَبْنَا لَهُۥ يَحْيَىٰ وَأَصْلَحْنَا لَهُۥ زَوْجَهُۥٓ ۚ إِنَّهُمْ كَانُوا۟ يُسَٰرِعُونَ فِى ٱلْخَيْرَٰتِ وَيَدْعُونَنَا رَغَبًۭا وَرَهَبًۭا ۖ وَكَانُوا۟ لَنَا خَٰشِعِينَ ۝٩٠

Жана Закарияны эсте: ал Раббисине: «Оо, Раббим. Мени жалгыз (туяксыз) калтырба, Өзүң мурас алуучулардын эң жакшышысың.» деп дуба кылганда, Биз анын дубасын кабыл алып, ага Яхьяны белек кылганбыз жана туубас аялын да айыктырып койгонбуз. Алар (пайгамбарлар) жакшылык (сооп) иштерге тез киришүүчү пенделер эле. (Жакшылыктардан) үмүт кылып, (жамандыктардан) коркуп, дуба кылышчу. Жана алар Биз үчүн кичипейил пенделер болгон.
Энбия Сүрөсү, 89-90

وَلَقَدْ نَادَىٰنَا نُوحٌۭ فَلَنِعْمَ ٱلْمُجِيبُونَ ۝٧٥

Ант болсун, Нух Бизге дуба кылды, Биз эң жакшы жооп бердик.
Саффат Сүрөсү, 75

Мурда да айтылгандай, дуба бир гана оорудан же дүнүйөлүк азап, кыйынчылыктардан кутулуу үчүн кылынбашы керек. Чын ыкластан ыйман келтирген бир адам дайыма Аллахка дуба кылышы зарыл жана Аллахтан келе турган ар кандай жоопко ыраазы болушу керек. Куранда көптөгөн аят аркылуу билдирилген дуба ибадатынын учурда илимий тараптан да пайдаларынын далилдениши Курандын кереметтүү өзгөчөлүгүн дагы бир жолу көрсөтүүдө:

وَإِذَا سَأَلَكَ عِبَادِى عَنِّى فَإِنِّى قَرِيبٌ ۖ أُجِيبُ دَعْوَةَ ٱلدَّاعِ إِذَا دَعَانِ ۖ فَلْيَسْتَجِيبُوا۟ لِى وَلْيُؤْمِنُوا۟ بِى لَعَلَّهُمْ يَرْشُدُونَ ۝١٨٦

Эгер Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашса, (айткын) Мен (аларга) абдан жакынмын. Мага дуба кылышса, дуба кылуучунун дубасына жооп беремин. (Эми,) Мага да жооп беришсин жана ыйман келтиришсин. Туура Жолго түшүп калышаар.
Бакара Сүрөсү, 186

Аяттарга шилтемелер