Таха Сүрөсү, 124
Динден алыс жашоонун натыйжалары: стресс жана депрессия
Дин ахлагын жашабаган адамдардын Аллахка таянып, өздөрүн тапшырбашы алардын дайыма кайгы, капа жана стресс ичинде жашашына себеп болот.
وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِى فَإِنَّ لَهُۥ مَعِيشَةًۭ ضَنكًۭا وَنَحْشُرُهُۥ يَوْمَ ٱلْقِيَٰمَةِ أَعْمَىٰ ١٢٤
Ким Мени эстөөдөн (зикирден) баш тартса, эми ал үчүн азаптуу бир жашоо бар...
فَمَن يُرِدِ ٱللَّهُ أَن يَهْدِيَهُۥ يَشْرَحْ صَدْرَهُۥ لِلْإِسْلَٰمِ ۖ وَمَن يُرِدْ أَن يُضِلَّهُۥ يَجْعَلْ صَدْرَهُۥ ضَيِّقًا حَرَجًۭا كَأَنَّمَا يَصَّعَّدُ فِى ٱلسَّمَآءِ ۚ كَذَٰلِكَ يَجْعَلُ ٱللَّهُ ٱلرِّجْسَ عَلَى ٱلَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ ١٢٥
Аллах кимди хидаятка (туура жолго) жеткиргиси келсе, анын көкүрөгүн Исламга ачат; кимди адаштыргысы келсе, анын көкүрөгүн, асманга көтөрүлүп бараткандай тар жана машакаттуу кылат. Аллах ыйман келтирбегендердин үстүнө мына ушундай жамандыкты түшүрөт.
Дин ахлагын жашабаган адамдардын Аллахка таянып, өздөрүн тапшырбашы алардын дайыма кайгы, капа жана стресс ичинде жашашына себеп болот. Ошондуктан психологиялык фактор себеп болгон көптөгөн ооруларга чалдыгышат, денелери абдан бат бузулуп, кыска убакытта картайып чөгүшөт. Руханий азаптардын таасири денелеринин ар бир чекитинде байкалат.

Ыймандуулар болсо психологиялык жактан бейпил болгондуктан, стресске, кайгыга, үмүтсүздүккө кабылышпагандыктан, алардын денелери да чың жана жаш көрүнүштө болот. Аллахка тобокел кылуунун, ишенип таянуунун, бүт нерседе бир жакшылык бар деген көз-карашта болуунун, Аллахтын аларга болгон сонун убада жана сүйүнүчтүү кабарларынын кубанычын дайыма ичтеринде алып жүрүүнүн оң таасири денесине да чагылат. Албетте, бул абал динди толугу менен түшүнгөн жана абийирин толук колдонуп, Куран ахлагын толук жашаган адамдарга тиешелүү. Албетте, алар да ооруларга чалдыгышат жана улгайышат, бирок бул башка адамдардагы сыяктуу психологиялык себептен келип чыккан бир чөгүү эмес.
Учурда ушул замандын оорулары деп аталган «стресс жана депрессия» адамга бир гана психологиялык жактан зыян берип тим болбостон, денесинде да ар кандай таасирлерге себеп болууда. Стресс жана депрессиянын негизинде келип чыккан оорулардын негизгилери – бул кээ бир акыл оорулары, баңгизаттан көз-каранды болуу, уйкусуздук, тери, ашказан, кан басымы оорулары, тумоо, мигрень, сөөктөр менен байланыштуу бир катар оорулар, бөйрөктүн иштешинин бузулушу, дем алуунун бузулушу, аллергиялар, жүрөк кризиси, мээде чоңойуунун пайда болушу сыяктуу көйгөйлөр. Албетте, бардык мындай оорулардын пайда болуу себеби дайыма стресс же депрессия болбошу мүмкүн. Бирок илим тарабынан далилденгендей, булардын пайда болуу тамыры көбүнчө психологиялык себептер.
Адамдарда көп кездешчү «стресс» - бул коркуу, тынчсыздануу, үмүтсүздүк, ашыкча толкундануу, кооптонуу сыяктуу сезимдер денедеги тең салмактуулукту бузуп, денеде пайда кылган жалпы бир тынчсыздануу абалы. Адамдар стресске киргенде, денелери буга реакция берет жана коңгуроо чалып баштайт. Денеде ар түрдүү биохимиялык реакциялар башталат: кандагы адреналин деңгээли көтөрүлөт; энергия коротуу жана дене реакциялары максимум деңгээлге жетет; шекер, холестерол жана май кислоталары жогорулайт, бул болсо дене үчүн коркунуч дегенди билдирет.
Өзгөчө дайыма кайталанып турган стресс дене функцияларын өзгөрткөндүктөн, абдан чоң зыяндарга себеп болушу мүмкүн. Стресс себебинен денедеги адреналин жана кортизол көлөмү ашыкча жогорулайт. Көпкө уланган стрессте кортизол гормонунун көтөрүлүшү кээ бир оорулардын - мисалы шекер оорусу, жүрөк оорулары, кан басымынын жогору болушу, рак, жара, дем алуу оорулары, экзема жана псориаз сыяктуу тери оорулары, иммундук системага байланыштуу кээ бир оорулар- жаш кезден пайда болушуна себеп болууда. Кортизолдун жогору болушунун мээдеги клеткаларды өлтүрүүгө чейин барган таасирлери бар. Стресс себеп болгон оорулар бир китепте мындайча баяндалат:
Стресс жана стресс себеп болгон тынчсыздануу менен оорунун арасында маанилүү бир байланыш бар. Стресс себеп болгон тынчсыздануу тамырлардын кысылышына, баштын белгилүү аймактарына барчу кан агымынын бузулушуна жана ал аймакка барчу кандын бир топко азайышына жол ачат. Ошондой эле, бир кыртыштын кансыз калышы түздөн-түз ооруга себеп болот. Себеби бир тараптан тынчсызданган кыртыштын көбүрөөк кычкылтекке муктаж болушу, экинчи тараптан кыртыштын ансыз деле жетишсиз кан менен азыктанышы атайын оору кабылдагычтарга сигнал берет. Ошол эле учурда адреналин жана норадреналин сыяктуу стресс учурунда нерв системасына таасир этүүчү заттар да чыгарылган болот. Булар болсо түздөн-түз же кыйыр жол менен булчуңдардын чымырканышын жогорулатат жана ылдамдатат. Натыйжада оору тынчсызданууга (чымырканууга), тынчсыздануу кайгырууга, кайгыруу болсо оорунун күчөшүнө жол ачат.
Бирок стресс себеп болгон эң олуттуу оорулардын бири – бул жүрөк кризиси. Изилдөөлөр агрессивдүү, паникалуу, тынчсызданган, сабырсыз, атаандашкан, кекчил, ачуусу чукул адамдардын жүрөк кризиси деңгээлинин мындай кыймыл-аракеттерди аз жасаган адамдарга караганда жогору экенин көрсөтүүдө. Мунун себеби төмөнкүчө:
Гипоталамус баштаган симпатикалык нерв системасына ашыкча сигнал берилиши ошол эле учурда ашыкча инсулиндин чыгарылышына жана натыйжада бул инсулиндин канда чогулушуна себеп болот. Мына ушул абал ден-соолук үчүн абдан чоң мааниге ээ. Себеби коронардык жүрөк оорусуна жол ачуучу шарттардын эч бири кандагы ашыкча сандагы инсулин сыяктуу так жана кыйратуучу бир рол ойнобойт.1 Илимпоздор стресс деңгээли канчалык жогору болсо, кандагы лейкоциттердин реакциясынын ошончолук алсыз болоорун айтышууда. Оксфорд университетинин технология которуу бөлүмүндө эмгектенген Линда Нейлор (Linda Naylor) башчылык кылган команда иштеп чыккан тесттин урматында стресс деңгээлинин иммундук системага болгон терс таасирин өлчөөгө мүмкүндүк пайда болгон.
Стресс менен иммундук система арасында да жакын бир байланыш бар. Физиологиялык стресс иммундук системага маанилүү таасир берет жана иммундук системаны кыйратууга аракет кылат. Стресс астындагы мээ денеде кортизол гормонунун өндүрүшүн жогорулатат жана иммундук системаны алсыздантат. Башкача айтканда, мээ, иммундук система жана гормондор бири-бири менен тыгыз байланышта. Бул жөнүндө адистер мындай дешүүдө:
Психологиялык же физикалык стресс темасындагы изилдөөлөр көпкө уланган бир стресске кабылганда, гормоналдык тең салмактуулукка байланыштуу иммундук реакциянын төмөндөөрүн аныктаган. Бир катар оорулардын, анын ичинде рактын да, пайда болушунун жана күчөшүнүн жашоо стресси менен байланыштуу экени белгилүү.
Кыскача айтканда, стресс адамдын табигый тең салмактуулугун бузуучу нерсе. Мындай табиятка туура келбеген абалдын дайыма кайталынышы дененин ден-соолугун бузуп, ар кандай ооруларга жол ачат. Адистер стресстин адамдын денесине болгон терс таасирлерин төмөнкүдөй негизги топторго топтошот:
- Кайгыруу жана паника: иштер башкаруудан чыкты деген сезимге кабылуу
- Тердөөнүн тынымсыз өсүшү
- Үндүн өзгөрүшү: кекечтенүү, титиреп сүйлөө
- Гиперактивдүүлүк: кокус энергия өсүшү, алсыз диабет башкаруусу
- Уктоодо кыйналуу: жаман түш көрүү
- Тери оорулары: бүдүр, температура, псориоз жана экзема
Ашказан-ичегидеги белгилер: тамак сиңирүүнүн начардыгы, ашказан оорусу, ашказан жарасы Булчуң кан басымдары: кычырдаган же катуу жабышкан тиштер, жаактын оорушу, жон, моюн жана далыларда оору Төмөнкү даражалуу инфекциялар: тумоо ж.б.
- Мигрень
- Жүрөктүн бат согушу, көкүрөк оорусу, кан басымынын жогору болушу
- Бөйрөктүн иштөө калыбынын бузулушу, суу кармоо
- Дем алуунун бузулушу, бат дем алуу
- Аллергиялар
- Ашыктардын оорусу
- Ооз жана тамактын кургашы
- Жүрөк кризиси
- Иммундук системанын алсыздашы
- Мээ аймагында кичирейүү
- Өзүн күнөөлүү сезүү, өзүнө ишенбөө
Ойлордун чаташышы, туура жоромол жасай албоо, жакшы ойлоно албоо, эс тутумдун начарлашы Ашыкча пессимизм, бүт нерсе жаман болот деп ойлоо Бир жерде кыймылдабастан турганда кыйналуу, сөзсүз кыймылдап туруу Ойду топтой албоо же ойду топтоодо кыйналуу Бат ачуулануу, бат капалануу Логикасыздык Өзүн жардамсыз, үмүтсүз сезүү Аппетиттин ачылышы же жабылышы Дин ахлагынан алыс жашаган адамдардын «стресс» деп аталган азапта жашашы Аллах Куранда билдирген бир абал:
وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِى فَإِنَّ لَهُۥ مَعِيشَةًۭ ضَنكًۭا وَنَحْشُرُهُۥ يَوْمَ ٱلْقِيَٰمَةِ أَعْمَىٰ ١٢٤
Ким Мени эстөөдөн (зикирден) баш тартса, эми ал үчүн азаптуу бир жашоо бар...
Башка бир аятта болсо Аллах «... ошончо кеңдигине карабастан, жер жүзү аларга тар келген эле, напсилери да аларга тар (азаптуу) келген эле жана Андан тышкары (кайра эле) Аллахтан башка бир кайрыла тургандын жок экенин жакшылап түшүнүштү...» (Тообо Сүрөсү, 118) деп буюрууда. Мындай азаптуу –учурдагы тил менен айтканда стресстүү- жашоо ыйман келтирбегендердин ыйман тартуулай турган сонун ахлактан алыс жашашынын бир натыйжасы. Учурда докторлор стресстин таасирлеринен коргонуу үчүн бейпил жана жоош бир мүнөзгө, бейпил, коопсуз жана тынчсыздануулардан алыс бир психологияга ээ болуу керек экенин айтышууда. Бейпил жана көңүл ток бир психология болсо бир гана Куранга ылайык жашоо менен мүмкүн болот. Куранда Аллах көп аятта ыйман келтиргендерге «ишеним сезимин жана бейпилдикти» түшүргөнүн билдирүүдө (Бакара Сүрөсү, 248; Тообо Сүрөсү, 26, 40; Фатих Сүрөсү, 4, 18). Раббибиздин ыйман келтирген пенделерине болгон убадасы болсо бир аятта мындайча билдирилүүдө:
مَنْ عَمِلَ صَٰلِحًۭا مِّن ذَكَرٍ أَوْ أُنثَىٰ وَهُوَ مُؤْمِنٌۭ فَلَنُحْيِيَنَّهُۥ حَيَوٰةًۭ طَيِّبَةًۭ ۖ وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَجْرَهُم بِأَحْسَنِ مَا كَانُوا۟ يَعْمَلُونَ ٩٧
Эркек болсун, аял болсун, бир момун (ыймандуу) катары ким ыкластуу бир амал (иш-аракет) жасаса, албетте, Биз аны сонун бир жашоо менен жашатабыз жана алардын акысын кылгандарынын эң сонуну менен сөзсүз беребиз.
Эскертүүлөр
- Jane E. Brody, "Tool of survival is deadly for heart", The New York Times, 23 Mayıs 2002; http://www.iht.com/articles/58687.html ↩
- Acar Baltaş, Zuhal Baltaş, Stres ve Başa Çıkma Yolları, Remzi Kitabevi, 15. basım, s. 162.
- Acar Baltaş, Zuhal Baltaş, Stres ve Başa Çıkma Yolları, Remzi Kitabevi, 15. basım, s. 159.
- Acar Baltaş, Zuhal Baltaş, Stres ve Başa Çıkma Yolları, Remzi Kitabevi, 15. basım, s. 169.


