Араф Сүрөсү, 199

Кечиримдүүлүк жана анын ден-соолукка пайдалары

Куранда кеңеш берилген сонун ахлак өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул «кечиримдүү болуу»:

6 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

Куранда кеңеш берилген сонун ахлак өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул «кечиримдүү болуу»:

Кечиримдүүлүк жана анын ден-соолукка пайдалары

خُذِ ٱلْعَفْوَ وَأْمُرْ بِٱلْعُرْفِ وَأَعْرِضْ عَنِ ٱلْجَٰهِلِينَ ۝١٩٩

Сен кечирим (же жеңилдик) жолун танда, (Исламга) ылайык болгонду буйрук кыл жана караңгы-сабатсыздардан жүзүңдү бур.
Араф Сүрөсү, 199

Башка бир аятта Аллах «... кечиришсин жана токтоо болушсун. Аллахтын силерди кечиришин каалабайсыңарбы? Аллах кечиримдүү, коргоочу.» (Нур Сүрөсү, 22) деп буюрууда.

Куран ахлагынан алыс жашаган адамдар үчүн кечирүү абдан оор. Себеби кандайдыр бир ката кетирилээр замат ачууланышат. Бирок Аллах ыймандууларга кечирүүнүн жакшыраак экенин билдирген:

وَجَزَٰٓؤُا۟ سَيِّئَةٍۢ سَيِّئَةٌۭ مِّثْلُهَا ۖ فَمَنْ عَفَا وَأَصْلَحَ فَأَجْرُهُۥ عَلَى ٱللَّهِ ۚ إِنَّهُۥ لَا يُحِبُّ ٱلظَّٰلِمِينَ ۝٤٠

Жамандыктын жообу ошону менен тең (окшош) болгон жамандык. Бирок ким кечирсе жана оңдосо (тынчтыкты орнотсо), эми анын сыйлыгы Аллахка тиешелүү...
Шура Сүрөсү, 40

يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِنَّ مِنْ أَزْوَٰجِكُمْ وَأَوْلَٰدِكُمْ عَدُوًّۭا لَّكُمْ فَٱحْذَرُوهُمْ ۚ وَإِن تَعْفُوا۟ وَتَصْفَحُوا۟ وَتَغْفِرُوا۟ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌ ۝١٤

... Ошондо деле кечирип, токтоолук кылсаңар (кемчиликтерин бетине айтпасаңар) жана кечирсеңер, эми албетте Аллах кечиримдүү, коргоочу.
Тегабун Сүрөсү, 14

وَلَمَن صَبَرَ وَغَفَرَ إِنَّ ذَٰلِكَ لَمِنْ عَزْمِ ٱلْأُمُورِ ۝٤٣

Куранда «Ким сабыр кылса жана кечирсе, албетте бул улуу иштерден.
Шура Сүрөсү, 43

ٱلَّذِينَ يُنفِقُونَ فِى ٱلسَّرَّآءِ وَٱلضَّرَّآءِ وَٱلْكَٰظِمِينَ ٱلْغَيْظَ وَٱلْعَافِينَ عَنِ ٱلنَّاسِ ۗ وَٱللَّهُ يُحِبُّ ٱلْمُحْسِنِينَ ۝١٣٤

аяты менен кечирүүнүн бийик бир ахлак өзгөчөлүгү экенин билдирүүдө. Ошондуктан ыймандуулар кечиримдүү, мээримдүү, токтоо (толеранттуу) адамдар жана Куранда билдирилгендей алар «ачууларын жеңгендер жана адамдар(дагы акылары)нан кечирим менен кечип коюшкандар.
Али Имран Сүрөсү, 134

Ыймандуулардын кечиримдүүлүк түшүнүгү Куран ахлагын жашабаган адамдардыкынан такыр башкача. Кээ бир адамдар бир адамды кечирдим деп айтса да, бул адамдардын жүрөктөрүндөгү кек жана ачуудан кутулушу көп убакыт алат. Кыймыл-аракеттери көбүнчө бул ачуусун көрсөтүп турат. Ыймандуулардын кечиримдүүлүгү болсо чын жүрөктөн. Ыймандуулар адамдын бул дүйнөдө сыналып жаткан, ката жасап үйрөнүүчү бир жандык экенин билгендиктен, толеранттуу жана боорукер болушат. Мындан тышкары, ыймандуулар толугу менен акыйкат ал тарапта болуп, берки адам толугу менен туура эмес кылганда да, эч ойлонбостон кечире алышат. Кечирүүдө каталарды чоң же кичинекей деп бөлүшпөйт. Бир адам кетирген катасы менен чоң бир жоготууга себеп болушу мүмкүн. Бирок болгон ар бир окуянын Аллахтын башкаруусунда жана бир тагдырга ылайык ишке ашканын билген ыймандуулар мындай бир окуяга кабылганда, тобокелдик кылышат жана адамдык бир ачууга алдырышпайт.

Жакында эле жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө америкалык илимпоздор кечиргенди билген адамдардын руханий жактан да, денесинин да ден-соолукта болоорун аныкташты. Стенфорд университетинде иштеген илимпоз Фредерик Лускин (Frederic Luskin) жана анын командасы Сан-Франциско шаарында жашаган 259 адамды изилдешкен. Сыналуучу катары катышкан адамдарды 6 жолу 1,5 сааттык маектерге чакырган бул илимпоздор жасаган маектеринде кечиримдүүлүктү үйрөтүүнү максат кылышты.

Экспериментке катышкан адамдар аларга зыян келтирген адамдарды кечирген соң азыраак азап чегип калышканын айтышкан. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр кечирүүнү үйрөнгөн адамдардын бир гана сезимдик эмес, физикалык жактан да өздөрүн жакшы сезип калышканын көрсөткөн. Мисалы, эксперимент жыйынтыгында стресстен келип чыккан жондун оорушу, уйкусуздук жана ашказан оорусу сыяктуу руханий жана физикалык көрсөткүчтөрдүн да бул адамдарда маанилүү санда азайганы аныкталган.

Стенфорд университетинде Жол көрсөтүү жана ден-соолук психологиясы тармагында доктор болгон Фредерик Лускин (Frederic Luskin) Forgive for Good (Жакшылык үчүн кечиргиле) аттуу китебин тааныштырууда кечирүү жөнүндө «ден-соолук жана бактылуулук үчүн далилденген бир рецепт» деген сөздөрүн айткан. Бул китепте кечирүүнүн ачуулануу, азап, депрессия жана стрессти азайтып, үмүт, сабыр жана өзүнө ишенүү сыяктуу позитивдүү маанайга жетүүгө өбөлгө болоору айтылат. Др. Лускиндин ою боюнча, көпкө ачуулануу адамдардын физикалык ден-соолугунда байкалаарлык терс натыйжаларга себеп болот. Др. Лускин бул жөнүндө мындай дейт:

Көпкө уланган ачуулануунун зыяны – бул денедеги термостатты нөлгө түшүрүшү. Эгер дайыма кичинекей ачууга өзүңүздү көндүрүп алсаңыз, эмненин нормалдуу экенин айырмалай албай каласыз. Адамдар көнүмүш адатка айланта турган бир адреналин чабуулуна жол ачышы мүмкүн. Денени азаптайт жана объективдүү, жакшылап ойлонууну татаалдаштырат, бул болсо абалды андан да жаман бир кейипке келтирет.

Мындан тышкары, Др. Лускин дене ачуулануу жана стресс учурунда белгилүү энзимдерди чыгаргандыктан, холестерол жана кан басымынын жогорулаарын, мунун болсо денеде көпкө болбошу керек болгон бир абал экенин айтат.

Healing Currents Magazine журналынын 1996-ж. сентябрь-октябрь санында жарыкка чыккан «Кечирүү» аттуу макалада болсо бир адамга же окуяга карата болгон ачуулануунун адамдарда негативдүү сезимдерге жол ачаары, руханий тең салмактуулугун, ал турган физикалык ден-соолугун бузаары айтылган. Ушул эле макалада адамдардын ачуулануудан улам башынан өткөргөн терс жагдайларды убакыттын өтүшү менен түшүнөөрү жана бузулган мамилелерин оңдоо, көйгөйдү чечүү үчүн кечирүү чечимин алышаары жөнүндө да айтылууда. Башынан өткөргөн жагдайлардан соң баалуу убакыт жана өмүрлөрүн ачуулануу менен өткөргүлөрү келбегени, ошондуктан өздөрүн жана башкаларды кечирүү жолун тандашканы айтылган.

Кечиримдүүлүк жана анын ден-соолукка пайдалары

Ошондой эле, 1500 адамды камтыган бир изилдөөдө дин тутунган адамдарда депрессия, стресс жана акыл ооруларынын аз болоору аныкталган. Изилдөөнүн жүргүзгөн Др. Герберт Бенсон (Dr. Herbert Benson) бул абалды диндердин «кечиримдүүлүккө» чыкырышына байланыштырган жана мындай деген:

Диндер адамдарды башка кишилерди кечирүүгө чакырат. Ошондуктан диний ишеними бар адамдар көйгөйлөрүн ичтеринде сакташпайт жана жашоодо жеңил жашашат. Бул болсо депрессия жана стресс сыяктуу ооруларга азыраак чалдыгышын камсыздайт.

Гарвард университетинде жарыкка чыккан «Ачуулануу жүрөгүңүздүн душманы» аттуу макалада орун алган маалыматтар боюнча, ачуулануу жүрөк оорусу жагынан абдан зыян. Медицина тармагында ассистент профессор болгон Ичиро Кавачи (Ichiro Kawachi) жана кесиптештери бул чындыкты ар кандай тест жана өлчөөлөр менен илимий далилдешкен. Жасаган изилдөөлөрү жыйынтыгында жаман кыялдуу карыялардын жоошураак өзү теңдүүлөрдөн үч эсе көп жүрөк оорусу рискине ээ экенин аныкташкан. Кавачинин ою боюнча, «катуу ачуулануу жана буюмдарды сындыруу же бир адамга урушуу учурунда залака келтирүү каалоосу мындай рисктерди жогорулатууда.»1 Себеби ачуулануу учурунда стресс гормондору көбөйүп, жүрөк булчуңдарындагы клеткалардын көбүрөөк кычкылтекке муктаж болушуна жана кандагы тромбоциттердин жабышчаактыгынын жогорулап коюлушуна жол ачышына себеп болууда. Бул болсо жүрөккө терс таасир тийгизүүдө. Мындан тышкары, ачуулануу учурунда жүрөктүн согушу норманын үстүнө чыгат жана тамырларда кан басымынын жогорулашына, ошондуктан жүрөк кризиси рискинин жогорулашына себеп болот.

Изилдөөчүлөрдүн ою боюнча, ачуулануу жана душмандык канда инфекция менен байланыштуу протеиндердин өндүрүлүшүнө да түрткү болушу мүмкүн. Psychosomatic Medicine (Психосоматикалык медицина) аттуу журналда ашыкча ачуулануунун инфекцияга себеп болуучу протеиндердин өндүрүлүшүн жогорулатаары, мунун болсо артериялардын катуулашына, натыйжада тромбофлебитке жана жүрөк кризисине себеп болоору айтылган. Түндүк Каролина аймагындагы Дюк (Duke) университетинен ассистент профессор Эдвард Суарездин (Edward Suarez) ою боюнча interleukin 6 (IL-6) протеини абдан ачуулуу жана маанайы жаман адамдарда кадимки деңгээлинен жогору табылган. Кандагы көп сандагы IL-6 болсо артериялардын капталдарында майдын топтолушуна, бул болсо тромбофлебитке себеп болууда. Жыйынтыктасак, Суарездин ою боюнча жүрөк оорулары тамеки чегүү, жогорку кан басымы, ашыкча салмактуулук жана жогорку холестерол сыяктуу факторлор менен бирге депрессия, ачуулануу жана душмандык сыяктуу психологиялык маанайлар менен да тыгыз байланыштуу.2 The Times'да жарык көргөн «Ачуулануу жүрөк кризиси рискин жогорулатат» аттуу макалада бат ачуулануунун жүрөк кризисине кыска бир жол экени, стресске ачуулануу менен жооп берген адамдардын жүрөк ооруларына үч эсе көп, эрте болчу жүрөк кризисине болсо беш эсе көп чалдыгуу риски астында экендиги айтылууда. Мэриланд Балтимордогу (Maryland, Baltimore) Жон Хопкинс (John Hopkins) университетинин илимпоздорунун эмгектери боюнча, бат ачууланган адамдар үй-бүлөсүндө жүрөк оорулары кездешпесе да, риск астында болушат.

Изилдөөлөрдүн баары ачуулануунун адамдын эң биринчиден ден-соолугуна олуттуу терс таасир берген бир маанай экенин көрсөтүүдө. Кечиримдүүлүк болсо адамга оор сезилсе да, ачуулануунун бардык терс натыйжаларын жок кылган, адамдын физикалык да, руханий да ден-соолукта жашашына көмөкчү болгон сонун бир кыймыл-аракет жана ахлак өзгөчөлүгү. Албетте, кечиримдүүлүк ден-соолукта болууга себепчи болгон мамилелердин бири жана бүт адамдар кылышы керек болгон бир өзгөчөлүк. Бирок кечирүүдө негизги максат – бул, бүт башка нерселердеги сыяктуу, Аллахтын ыраазычылыгына туура келген ахлакта жашоо болушу керек. Пайдалары илим тарабынан учурда аныкталган бул ахлак өзгөчөлүгүнүн Куранда көп аяттар аркылуу билдирилиши – Курандагы терең сырлардын бирөөсү гана.

Эскертүүлөр

  1. "Hastalar için en iyi ilaç din mi?", Vatan Gazetesi, 4 Kasım 2003; Dr. Herbert Benson, "God&Health", Newsweek. ↩
  2. Peter Lavelle, "Anger trigger to heart disease found?", ABC Science Online, 5 Ağustos 2003; www.abc.net.au/science/news/stories/s915243.htm ↩
  3. http://www.almanacnews.com/morgue/1999/1999_06_09.forgive…; Jennifer Desai, Almanac, 9 Haziran 1999.
  4. http://www.almanacnews.com/morgue/1999/1999_06_09.forgive…; Jennifer Desai, Almanac, 9 Haziran 1999.
  5. Frederic Luskin, "Forgiveness ", Healing Currents Magazine, Eylül-Ekim 1996 ; www.stanford.edu/~alexsox/4_steps_to_forgiveness.htm
  6. Frederic Luskin, "Forgiveness ", Healing Currents Magazine, Eylül-Ekim 1996 ; www.stanford.edu/~alexsox/4_steps_to_forgiveness.htm
  7. William J. Cromie, "Anger is Hostile To Your Heart", Harvard Gazette Archieves; http://www.news.harvard.edu/gazette/1996/11.07/AngerisHos…
  8. William J. Cromie, "Anger is Hostile To Your Heart", Harvard Gazette Archieves; http://www.news.harvard.edu/gazette/1996/11.07/AngerisHos…
  9. Peter Lavelle, "Anger trigger to heart disease found?", ABC Science Online, 5 Ağustos 2003; www.abc.net.au/science/news/stories/s915243.htm
  10. Peter Lavelle, "Anger trigger to heart disease found?", ABC Science Online, 5 Ağustos 2003; www.abc.net.au/science/news/stories/s915243.htm
  11. Mark Henderson, "Anger Raises Risk Of Heart Attack", The Times, London, 24 Nisan 2002; http://www.rense.com/general24/anger.htm
  12. Mark Henderson, "Anger Raises Risk Of Heart Attack", The Times, London, 24 Nisan 2002; http://www.rense.com/general24/anger.htm

Аяттарга шилтемелер