Мүддессир Сүрөсү, 30
Куранда 19 керемети
Курандын математикалык кереметтеринин дагы бир тарабы болсо 19 санынын аяттардын ичине коддолгон абалда жайгаштырылган болушу. Куранда «Анын үстүндө он тогуз бар.»
Курандын математикалык кереметтеринин дагы бир тарабы болсо 19 санынын аяттардын ичине коддолгон абалда жайгаштырылган болушу. Куранда «Анын үстүндө он тогуз бар.»

(Мүдессир Сүрөсү, 30) аяты менен көңүл бурулган бул сан Курандын көп жеринде коддолгон. Буга бир канча төмөнкү мисалдарды берүүгө болот:
Бисмиллах 19 тамга.
Куран 114 (19 х 6) сүрөдөн турат.
Биринчи вахий кылынган сүрө (96-сүрө) аягынан санаганда 19-сүрө.
Курандын биринчи вахий кылынган аяттары 96-сүрөнүн алгачкы 5 аяты жана бул аяттардын жалпы сөздөрүнүн саны 19.
Көрүнүп тургандай, алгачкы 5 аят жалпысы 19 сөздөн турат. Ортодогу "" бул тамга, сөз эмес. "" тамгалары да санакка кошулган эмес.
Вахий кылынган алгачкы сүрө (Алак Сүрөсү) 19 аяттан жана 285 (19 х 15) тамгадан турат.
Акыркы вахий кылынган сүрө болгон Наср жалпысынан 19 сөздөн турат.
Мындан тышкары, Наср Сүрөсүнүн Аллахтын жардамынан сөз кылган алгачкы аяты да 19 тамга.
Куранда 114 (19 х 6) бисмиллах бар. Бул сан болсо 19дун 6 эсеси.
Куранда 113 сүрө бисмиллах менен башталат. Башында бисмиллах болбогон жалгыз сүрө - бул 9-катардагы Тообо Сүрөсү. Куранда бир гана Немл Сүрөсүндө эки бисмиллах бар. Бул бисмиллахтардын бири сүрөнүн башында, экинчиси болсо 30-аятта орун алган. Бисмиллах менен башталбаган Тообо Сүрөсүнөн баштап санап баштасак, Немл Сүрөсүнүн 19-катарда орун алганын көрөбүз.
Тообо Сүрөсүнөн 19 сүрө кийин келген 27-катардагы Немл Сүрөсүнүн башында да, 30- аятында да бисмиллах бар. Ушундайча 27-сүрөдө эки бисмиллах бар. Бисмиллахтарды 114 кылып толуктаган – бул 27-сүрөнүн 30-аяты. Бул сүрө жана аят катарларын, т.а. 27 жана 30ду кошконубузда, 57 (19 х 3) санын табабыз.
Тообо Сүрөсүнөн (9) Немл Сүрөсүнө (27) чейин болгон сүрө катарларынын суммасы;
(9+10+11+12+13+14+15+16+17+18+19+20+21+22+23+24+25+26+27=) 342. Бул болсо 19дун 18 эсеси (19 х 18).
Катар номери 19 жана 19дун эсеси болгон аяттардагы Аллах ысмынын жалпы саны 133 (19 х 7).
Бир маанисине келген «вахид» (и тамгасы окулуп жатканда кошулат) сөзүнүн эбжед мааниси 19. Куранда бул сөз бир түр тамак, бир эшик ж.б. сыяктуу ар түрдүү сөздөргө колдонулган. «Бир Аллах» катары колдонулушу болсо 19 жолу.
19 жолу «вахд» сөзү кездешкен аяттардын сүрө жана аят номерлеринин суммасы: 361 (19 х 19).
Башталгыч тамгалары (хуруфу мукатта) бар болгон алгачкы сүрө менен башталгыч тамгалары бар акыркы сүрө арасында башталгыч тамгалары болбогон 38 (19 х 2) сүрө бар.
«Рахман» сөзү болсо Куранда 57 (19 х 3) жолу кездешет.
Куранда сөз болгон 30 ар башка сан бар.
Куранда кездешкен бардык бул сандарды (кайталанууларын эске албастан) кошконубузда чыккан сан 162146 болот. Бул болсо 19дун 8534 эсеси:
1+2+3+4+5+6+7+8+9+10+11+12+19+20+30+40+50+60+70+80+99+100+200+300+1000+2000+ 3000+5000+50000+100000=162146 (19 x 8534)
Бул 30 түрдүү сандан тышкары Куранда 8 даана бөлчөк сандан сөз болот. Булар 1/10, 1/8, 1/6, 1/5, 1/4, 1/3, 1/2, 2/3. Ошентип, Куран 38 (19 х 2) ар башка санды камтыйт.
Курандын башынан караганда 19 аятка ээ болгон алгачкы сүрө - бул Инфитар Сүрөсү. Бул сүрөнүн дагы бир өзгөчөлүгү – бул акыркы сөзүнүн Аллах болушу. Бул ошол эле учурда Раббибиз «Аллах» деп зикир кылынган Курандагы аяк жагынан 19-ысмы.
Каф тамгасы менен башталган 50-сүрөдө 57 (19 х 3) даана Каф тамгасы бар. Башында Каф тамгасы бар 42-сүрөдө да 57 (19 х 3) даана Каф тамгасы бар. 50-сүрөнүн 45 аяты бар. Буларды кошсок, жыйынтык 95 (19 х 5) чыгат. 42-сүрөнүн 53 аяты бар. Буларды да кошсок 42+53=95 (19 х 5) чыгат.
Каф Сүрөсүнүн алгачкы аятында Куран үчүн колдонулган Межид сөзүнүн эбжед мааниси 57 (19 х 3). Жогоруда да айтылгандай, сүрөнүн ичиндеги Каф тамгаларынын суммасы да 57.
Каф Сүрөсүндөгү Каф тамгалары кездешкен аяттардын катар номерлерин кошсок, 19дун 42 эсеси болгон 798 санын алабыз. 42 саны болсо башталгыч тамгалары арасында Каф бар болгон башка бир сүрөнүн катар номери.
Нун тамгасы бир гана 68-сүрөнүн башында бар. Бул сүрөдөгү Нун тамгаларынын суммасы 133 (19 х 7).
Йа, Син тамгалары Йасин Сүрөсүнүн башында бар. Син тамгасы Йасин Сүрөсүндө 48 жолу кездешсе, Йа тамгасы 237 жолу кездешет. Бул эки тамганын суммасы 285 (19 х 15).
Бир сүрө гана (7-сүрө) «Элиф, Лам, Мим, Сад» башталгыч тамгалары менен башталат. Элиф тамгасы бул сүрөдө 2529 жолу, Лам тамгасы 1530 жолу, Мим тамгасы 1164 жолу жана Сад тамгасы 97 жолу кездешет. Натыйжада бул 4 тамга бул сүрөдө жалпысынан 2529 + 1530 + 1164 + 97 = 5320 (19 x 280) жолу кездешет.

Элиф, Лам, Мим тамгалары Арапчада эң көп колдонулган тамгалар. Бул тамгалар чогуу 6 сүрөнүн (2, 3, 29, 30, 31 жана 32-сүрөлөрдүн) башында орун алган жана бул 3 тамга 6 сүрөнүн ар биринде жалпысынан 19дун эсеси катары кездешүүдө. Катары менен [9899 (19 x 521), 5662 (19x298), 1672 (19 x 88), 1254 (19 x 66), 817 (19 x 43)]. Бул үч тамга 6 сүрөдө жалпысынан 19874 (19 х 1046) жолу кездешет.
Элиф, Лам, Ра башталгыч тамгалары 10, 11, 12, 14 жана 15-сүрөлөрдө бар. Бул тамгалар бул сүрөлөрдө жалпысынан 2489 (19 x 131), 2489 (19x131), 2375 (19 x 125), 1197 (19 x 63) жана 912 (19 x 48) жолу кездешет.
Элиф, Лам, Мим, Ра башталгыч тамгаларынын жалпы кездешкен саны 1482 (19 х 78). Элиф тамгасы 605 жолу, Лам тамгасы 480 жолу, Мим тамгасы 260 жолу жана Ра тамгасы 137 жолу кездешет.
Каф, Ха, Йа, Айн, Сад башталгыч тамгалары бир сүрөдө гана (19-сүрө) кездешет. Каф тамгасы бул сүрөдө 137 жолу, Ха тамгасы 175 жолу, Йа тамгасы 343 жолу, Айн тамгасы 117 жолу жана Сад тамгасы 26 жолу кездешет. 5 тамга жалпысынан 137 + 175 + 343 + 117 + 26 = 798 (19 x 42) жолу кездешет.
Бул жөнүндө башка төмөнкүлөр аныкталган:
Бүт Куранда;
- Этиу (баш ийгиле) сөзү 19 жолу, - Абд (кул, пенде), абид (кулчулук кылган адам) жана ибадат сөздөрү болсо жалпысынан 152 (8 х19) жолу кездешет.
Төмөндө мисал катары берилген Аллахтын ысымдарынын кээ бирлеринин сандык эбжед мааниси да 19дун эсеси.
- Вахид (Жалгыз) 19 (19 х 1)
- Жами (Чогултуучу) 114 (19 х 6)
КЕРЕМЕТТҮҮ БИР САН 19 Он тогуз 9 жана 10 сандарынын биринчи даражаларынын суммасы. 9 жана 10 сандарынын экинчи даражалары арасындагы айырма да 19 санын берет.
Күн, ай жана жер ар 19 жылда бир, салыштырмалуу бирдей позицияга тизилишет.
Галилей куйруктуу жылдызы ар 76 (19 х 4) жылда бир күн системасынын ичинен өтөт.
19 санынын Паскаль үч бурчтугундагы орду Жыйынтык:
Алгачкы 19 цифранын суммасы 19дун эсеси.
Алгачкы 19 сандын суммасы 19дун эсеси.
Куран аяттарынын түшүрүлүү катары боюнча, 19 кодунун Паскаль үч бурчтугу менен байланышы Алгачкы вахий болгон 96-сүрө аяк жагынан 19-сүрө. 19 аяттан турат жана бул сүрөдө жалпы 285 (19 х 15) тамга бар. Вахийдин алгачкы 5 аятында болсо 76 (19 х 4) сөз бар.
Экинчи вахий кылынган 68-сүрөдө вахий кылынган аяттар 38 (19 х 2) сөздөн турат.
Үчүнчү вахий болгон 73-сүрө 57 (19 х 3) сөздөн турат.
(Эң туурасын Аллах билет.)
Булактар
- "The Celtic Wheel of the Year Calendar;" www.iol.ie/~plugin/stonecal.htm
- Robert Nemiroff, Jerry Bonnell, "Astronomy Picture of the Day Index - Solar System: Comets: Halley," http://antwrp.gsfc.nasa.gov/apod/halley.html


