Ниса Сүрөсү, 82
Куранда сөздөрдүн кайталанышы
Курандын буга чейин каралган кереметтүү өзгөчөлүктөрүнөн тышкары «математикалык кереметтери» да бар. Бул кереметке бир мисал Курандагы кээ бир сөздөрдүн кайталанышынын барабар болушу.
Курандын буга чейин каралган кереметтүү өзгөчөлүктөрүнөн тышкары «математикалык кереметтери» да бар. Бул кереметке бир мисал Курандагы кээ бир сөздөрдүн кайталанышынын барабар болушу. Бири-бири менен байланыштуу кээ бир сөздөр таң калыштуу болуп бирдей жолудан кайталанышат. Төмөндө мындай сөздөр жана Курандын ичиндеги кайталануу сандары берилген.

«Жети асман» сөзү 7 жолу колдонулган. «Асмандардын жаратылышы (халку семават)» сөзү да 7 жолу кайталанат.
«Күн (йевм)» жекелик түрдө 365 жолу кайталанса, көптүк түрдө, т.а. «күндөр (еййам жана йевмейн)» сөздөрү 30 жолу кайталанат. «Ай» сөзүнүн кайталануу саны болсо 12.
«Өсүмдүк» жана «дарак» сөздөрүнүн кайталануу саны бирдей: 26 «Жаза» сөзү 117 жолу кездешкен болсо, Курандын негизги ахлак өзгөчөлүктөрүнөн болгон «кечирүү» сөзү бул сандан эки эсе көп, т.а. 234 жолу кайталанат.
«Айт» сөздөрүн санаганыбызда чыккан жыйынтык 332. «Айтышты» сөзүн санаганыбызда да ушул эле санды алабыз.
«Дүйнө» сөзү жана «акырет» сөзүнүн кайталануу саны да бирдей: 115 «Шайтан» сөзү Куранда 88 жолу кездешет. «Периште» сөзүнүн кайталануу саны да 88.
«Ыйман» (толуктоо албастан) жана «күфүр (каапырдык)» сөздөрү болсо Куранда 25 жолу кайталанат.
«Бейиш» сөзү жана «тозок» сөзү да бирдей санда кайталанат: 77.
«Зекет» сөзү Куранда 32 жолу кайталанса, «берекет» сөзүнүн кайталануу саны да 32.
«Жакшылар (эбрар)» 6 жолу кайталанса, «жамандар (фужжар)» сөзү анын толук жарымынча, т.а. 3 жолу кездешет.
«Жай-ысык» сөздөрү менен «кыш-суук» сөздөрүнүн кайталануу саны да бирдей: 5.
«Шарап (хымр)» жана «мастык (секере)» сөздөрү да Куранда бирдей санда кайталанат: 6.
«Акыл жүгүртүү» жана «нур» сөздөрүнүн кайталануу саны да бирдей: 49.
«Тил» жана «динге чакыруу» сөздөрү бирдей санда -25 жолу- кайталанат.
«Пайда» сөзү 50, «бузуу» сөзү да 50 жолу кайталанат.
«Сооп» жана «кылмыш» сөздөрүнүн кайталануу саны да бирдей: 107.
«Сүйүү» жана «баш ийүү» сөздөрүнүн кайталанышы бирдей санда: 83.
Куранда «кайтуу» жана «түбөлүк» сөздөрү бирдей санда кездешет: 28.
«Кыйынчылык окуя (мусибет)» сөзү жана «шүгүр» сөзү Куранда бирдей санда кездешет: 75 жолу.
«Күн (шемс)» жана «нур» сөздөрү Куранда 33 жолудан кездешет.
* Бул саноодо «нур» сөзүнүн өз алдынча абалдары эсепке алынган.
«Туура жолго жеткирүүчү (Элхуда)» жана «рахмет (ырайым)» сөздөрүнүн кайталануу саны да барабар: 79.
Куранда «кыйынчылык» сөзү 13 жолу орун алса, «бейпилдик» сөзү да 13 жолу кайталанат.
«Аял» жана «эркек» сөздөрүнүн кайталануу саны да бирдей: 23.
Аял-эркек сөздөрүнүн Куранда кайталануу саны болгон 23 ошол эле учурда адам эмбрионунун пайда болушунда жумуртка жана спермадан келүүчү хромосома саны. Адамдын хромосомасынын саны эне жана атадан келген 23төн хромосоманын суммасынан туруп, 46га барабар.
«Кыянат» сөзү 16 жолу кездешсе, «зыянкеч» сөзүнүн кайталануу саны да 16.
«Адам» сөзү Куранда 65 жолу кездешет; адамдын жаратылуу баскычтарынын санынын суммасы да ошончо.
Салават сөзү бүт Куран бою 5 жолу айтылат жана Аллах адамдарга күнүнө беш жолу намаз кылууларын билдирген.
«Кургактык» сөзү Куранда 13 жолу кездешсе, «деңиз» сөзү 32 жолу кездешет. Бул сандардын суммасы бизге 45 санын берет. Эгер кургактык сөзүнүн Куранда кайталануу саны болгон 13тү 45ке бөлсөк, 28,888888888889% санын табабыз. Деңиз сөзүнүн Куранда кайталануу саны болгон 32ни 45 бөлгөндө болсо, 71,111111111111% санын табабыз. Бул катыштар болсо планетабыздагы суу жана кургактык бөлүктөрүнүн чыныгы катышы.
(Эң туурасын Аллах билет.)


