Энбия Сүрөсү, 30
Ааламдын жаралышы
20-кылымдын ортолоруна чейин «аалам чексиз көлөмгө ээ, чексиз мурдатан бери бар жана түбөлүккө чейин болот» деген көз-караш өкүмдарлык кылган.
20-кылымдын ортолоруна чейин «аалам чексиз көлөмгө ээ, чексиз мурдатан бери бар жана түбөлүккө чейин болот» деген көз-караш өкүмдарлык кылган. «Статикалык (туруктуу) аалам модели» деп аталган бул түшүнүк боюнча ааламдын кандайдыр бир башталышы да, аягы да жок эле.

Материалисттик философиянын да негизин түзгөн бул көз-караш ааламды туруктуу жана өзгөрбөс заттардын жыйындысы катары кабыл алып, бир Жаратуучунун бар экенин да жокко чыгарган. Бирок 20-кылымда өнүккөн илим жана технология материалисттерге фундамент болгон «туруктуу аалам модели» деген примитивдүү түшүнүктөрдү түп-тамырынан кыйратты.
21-кылымдын башы болгон бүгүнкү күндө ааламдын бир башталышы бар экендиги, жоктуктан чоң бир жарылуу менен бир заматта жаралганы заманбап физика тарабынан көптөгөн эксперимент, байкоо жана эсептөөлөр аркылуу далилденди. Мындан тышкары, ааламдын материалисттер жактагандай туруктуу эмес, тескерисинче тынымсыз бир кыймыл жана өзгөрүү ичинде экендиги, кеңейип бараткандыгы аныкталды. Учурда бул чындыктар бардык илим дүйнөсү тарабынан кабыл алынууда.
Курани Керимде ааламдын пайда болушу мындайча баяндалат:

بَدِيعُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۖ أَنَّىٰ يَكُونُ لَهُۥ وَلَدٌۭ وَلَمْ تَكُن لَّهُۥ صَٰحِبَةٌۭ ۖ وَخَلَقَ كُلَّ شَىْءٍۢ ۖ وَهُوَ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌۭ ١٠١
Ал асмандарды жана жерди жоктон жараткан...
Куранда берилген бул маалымат илимий ачылыштарга толук дал келет. Башында да айтылгандай, бүт ааламдын зат жана убакыт өлчөмдөрү менен бирге, жоктуктан (жок кезинде) чоң бир жарылуу менен пайда болгондугу – бул астрофизика тапкан далилдүү чындык. «Чоң жарылуу», түпкү аты менен айтканда «Биг Бенг» (Big Bang) теориясы бүт ааламдын болжол менен 15 миллиард жыл мурда жалгыз бир чекиттин жарылышы натыйжасында жоктуктан пайда болгонун далилдеди.
«Чоң жарылуудан» мурда зат деген нерсе жок эле. Зат, энергия, ал тургай, убакыт да болбогон, толугу менен метафизикалык деп айтууга боло турган бир жоктук чөйрөсүндө зат, энергия жана убакыт бир заматта жаратылган. Заманбап физика аныктаган бул улуу чындык Куранда бизге 1400 жыл мурдатан билдирилген.

