Рад Сүрөсү, 41

Кургактыктардын айланасынан азайышы

Жер күндөн келген протон, электрон жана альфа бөлүкчөлөрүнүн агымы тарабынан бомбалоого кабылат. Мындай күн шамалдары атмосфераны жерден бөлө ала тургандай күчкө ээ.

3 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

أَوَلَمْ يَرَوْا۟ أَنَّا نَأْتِى ٱلْأَرْضَ نَنقُصُهَا مِنْ أَطْرَافِهَا ۚ وَٱللَّهُ يَحْكُمُ لَا مُعَقِّبَ لِحُكْمِهِۦ ۚ وَهُوَ سَرِيعُ ٱلْحِسَابِ ۝٤١

Алар көрбөй жатышабы, чынында Биз жерге келип, аны айланасынан кемитип жатабыз...
Рад Сүрөсү, 41

بَلْ مَتَّعْنَا هَٰٓؤُلَآءِ وَءَابَآءَهُمْ حَتَّىٰ طَالَ عَلَيْهِمُ ٱلْعُمُرُ ۗ أَفَلَا يَرَوْنَ أَنَّا نَأْتِى ٱلْأَرْضَ نَنقُصُهَا مِنْ أَطْرَافِهَآ ۚ أَفَهُمُ ٱلْغَٰلِبُونَ ۝٤٤

... Бирок, эми, Биздин чынында жерге келип аны айланасынан кемитип жатканыбызды көрүшкөн жокпу?...
Энбия Сүрөсү, 44

Жер күндөн келген протон, электрон жана альфа бөлүкчөлөрүнүн агымы тарабынан бомбалоого кабылат. Мындай күн шамалдары атмосфераны жерден бөлө ала тургандай күчкө ээ. Бирок атмосферанын түгөнүшү жердин учурдагы зат жоготуу көлөмү менен (секундасына эң көп 3 кг) күндүн жалпы өмүрүнөн 5 эсе узун убакыт алат. Себеби жер атмосферадагы магнитосфера катмары түзгөн күчтүү магниттик талаа урматында мындай күчтүү эрозиялардан белгилүү деңгээлде корголгон болот. Жердин ионосфера катмарынын үстүнөн космостун тереңдиктерин көздөй таркаган ион (кычкылтек, гелий жана суутек) жоготуусу жерди курчаган учу-кыйырсыз аба катмарына салыштырганда абдан кичинекей көлөмдө болуп калат. Бирок ошондо деле космоско чыгарылган көлөм маанилүү санда болууда.

Кургактыктардын айланасынан азайышы

Окумуштуулар күндөгү энергия жарылууларынын жердин атмесферасынын тышкы кабатынан кычкылтек жана башка газдардын космоско чыгып, таркашына себеп болоорунун алгачкы так далилдерин NASAнын (Улуттук аба жана космос башкармалыгынын) космостук унаалары урматында ала алышты. Ушундайча илимпоздор жердин тышкы катмарларынан зат жоготуусуна кабылып тураарын алгачкы жолу 1998-жылдын 24-25-сентябрларында көрүшкөн.

Жогорудагы аяттар бир тараптан жер бетиндеги кургактыктардын азайышын да айтып жаткан болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө уюлдардагы айсберг катмарлары ээрип жатат жана океандардын суусу көтөрүлүүдө. Суунун көбөйүшү кургактыкты басып, каптап жатат. Океандын жээктери суунун астында калган сайын жер бетинин жалпы аянты же кургактык да азайууда. Жогорудагы аяттарда айтылган «аны айланасынан азайтуудабыз» жана «(Биз) айланасынан азайтып жаткан»

сүйлөмдөрү океан жээктеринин суунун астында калып жатышына ишарат кылып жаткан болушу мүмкүн.

New York Times гезитинде бул жөнүндөгү бир кабар төмөнкүдөй:

Өткөн кылымда жер бетинин орточо температурасы 1 Фаренгейт шкаласына жогорулады, температуранын көтөрүлүү темпи да акыркы чейрек кылымда өстү. Бул маанилүү чоңдук... Мурдакы спутниктик изилдөөлөр жана суу асты байкоолордо Түндүк уюл аймагынын температурасынын көтөрүлүү тенденциясында болгону, айсберг массаларынын ээрүү ыктымалынын да өскөнү аныкталган... Манхеттенде бир NASA изилдөө борбору болгон Goddard космос илимдери институтунун илимпоздору 1950- жана 1960-жылдардын суу асты маалыматтарын 1990-жылдардын байкоолору менен салыштырышты жана Түндүк уюл бассейниндеги айсберг катмарынын 45%га ичкергенин далилдешти. Космостон алган сүрөттөр аймакты каптаган айсбергдердин көлөмүнүн өткөн жылдары маанилүү көлөмдө азайганын көрсөтүүдө.

20-кылымдын аягында алынган жыйынтыктар Анбия Сүрөсүнүн 44- жана Рад Сүрөсүнүн 41- аяттарындагы сырларды түшүнүшүбүзгө жардам берген.

Кургактыктардын айланасынан азайышы

Аллах аятта билдирген жер бетинин айланасынан азайышы Куранда билдирилген дагы бир илимий чындыкка ишарат деп жоромолдоого болот. Өз огунун айланасында айланган жердин айланышынан келип чыккан эллипс формага ээ экени акыркы кылымдарда аныкталган бир чындык.

Изилдөөлөрдө айлануудан келип чыккан күч менен жердин экватор чөйрөсүнүн кеңейип, учтагы чекиттерден, т.а. уюлдардан басылганы аныкталган. Мындан тышкары, жердин айлануу кыймылы уланып туруучу бир процесс болгондуктан, бул өзгөрүү дагы эле уланууда. Рад Сүрөсүнүн 41-аятында «кемитип жатабыз» деп которулган «ненкусу» сөзү кемитүү этишинин дагы эле уланып жатканын да көрсөтүүдө.

Жердин тартылуу күчү жер сыяктуу асман планеталарын тоголок абалдардагы формага салган. Бирок мындай форма топтоголок эмес, уюлдардан бираз түздөлгөн жана экватордон биразга сыртка чыккан бир форма. NASA'нын маалыматтары боюнча, жердин экватор радиусу 6378,1 км болсо, уюлдардан эсептелген радиусу 6356,8 км.1 Бул айырма болжол менен 0,3%дык бир айырманы түзөт.

Жердин формасы жөнүндөгү бул модел алгач 1687-жылы Исаак Ньютон тарабынан айтылган. Аяттарда болжол менен 1400 жыл мурда ишарат кылынган мындай абал Курандын дагы бир илимий керемети.

Эскертүүлөр

  1. http://nssdc.gsfc.nasa.gov/planetary/factsheet/earthfact.… ↩
  2. http://science.nasa.gov/newhome/headlines/ast08dec98_1.htm
  3. http://science.nasa.gov/newhome/headlines/ast08dec98_1.htm
  4. Dr. Mazhar U. Kazi, 130 Evident Miracles in the Qur'an, Crescent Publishing House, New York, ABD, 1998, s. 53.
  5. http://www.planetwaves.net/polar_NYT.html; New York Times, 19 Ağustos 2000.

Аяттарга шилтемелер