Меариж Сүрөсү, 40

Күндүн чыгуу жана батуу чекиттеринин айырмасы

Жогорудагы аяттарда байкалгандай, чыгыш менен батыш сөздөрү көптүк түрдө колдонулган. Мисалы, биринчи аятта колдонулган «мешарик» сөзү чыгыштын, «мегариб» сөзү болсо батыштын экиден көп экенин билдирген көптүк түрлөрү.

1 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

فَلَآ أُقْسِمُ بِرَبِّ ٱلْمَشَٰرِقِ وَٱلْمَغَٰرِبِ إِنَّا لَقَٰدِرُونَ ۝٤٠

Чыгыштардын жана батыштардын Раббисине ант ичем; Биз чынында кудуреттүүбүз;
Меариж Сүрөсү, 40

رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا وَرَبُّ ٱلْمَشَٰرِقِ ۝٥

Асмандардын, жердин жана экөөсүнүн арасындагылардын Раббиси, чыгыштардын да Раббиси.
Саффат Сүрөсү, 5

رَبُّ ٱلْمَشْرِقَيْنِ وَرَبُّ ٱلْمَغْرِبَيْنِ ۝١٧

Ал эки чыгыштын да Раббиси, эки батыштын да Раббиси.
Рахман Сүрөсү, 17

Жогорудагы аяттарда байкалгандай, чыгыш менен батыш сөздөрү көптүк түрдө колдонулган. Мисалы, биринчи аятта колдонулган «мешарик» сөзү чыгыштын, «мегариб» сөзү болсо батыштын экиден көп экенин билдирген көптүк түрлөрү. Акыркы аятта болсо «мешрикейн» эки чыгыш, «маарибейн» эки батыш маанисинде колдонулган. Аяттарда колдонулган «мешарик» жана «меариб» сөздөрү «күн чыккан жана баткан жер» маанилерине да келет. Ошондуктан, жогорудагы аяттарда күн чыгыштын жана күн батыштын ар кандай чекиттери жөнүндө сөз болууда. Мындан тышкары, алгачкы аятта чыгыштардын жана батыштардын Рабби деп ант ичилиши да көңүл бурат.

Күндүн чыгуу жана батуу чекиттеринин айырмасы

Белгилүү болгондой, жердин өз огунда айлануу огу (эклиптикалык огу) 230 27'лик бир кыйшайууга ээ. Мындай кыйшайуу жана жердин тоголок абалы себебинен күндүн нурлары жердин бетине дайыма бирдей бурч менен түшпөйт. Ошондуктан күн чыгыш тарапта ар башка жерлерден чыгып, батышта да ар башка жерлерден батат.

Жогорудагы аяттарда айтылган чыгыш жана батыш менен байланыштуу сүйлөмдөр да күндүн башка башка чекиттерден чыгып, башка башка чекиттерден батаарына ишарат кылышы жагынан абдан маанилүү. (Эң туурасын Аллах билет.)

Аяттарга шилтемелер