Ясин Сүрөсү, 36

Микроскопиялык жашоонун бар болушу

Бул аяттарда Куран түшүрүлгөн учурда адамдар билбеген жашоо түрлөрүнүн бар экенине ишарат кылынууда. Микроскоптун табылышы менен бирге адамдын көзүнө көрүнбөгөн кичинекей жаңы жандыктар аныкталган.

2 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

سُبْحَٰنَ ٱلَّذِى خَلَقَ ٱلْأَزْوَٰجَ كُلَّهَا مِمَّا تُنۢبِتُ ٱلْأَرْضُ وَمِنْ أَنفُسِهِمْ وَمِمَّا لَا يَعْلَمُونَ ۝٣٦

Жерде өскөндөрдөн, алардын напсилеринен жана али билбеген канча нерселерден бардык жуптарды жараткан (Аллах абдан) Улук.
Ясин Сүрөсү, 36

وَٱلْخَيْلَ وَٱلْبِغَالَ وَٱلْحَمِيرَ لِتَرْكَبُوهَا وَزِينَةًۭ ۚ وَيَخْلُقُ مَا لَا تَعْلَمُونَ ۝٨

... дагы силер билбеген эмнелерди жаратууда?
Нахл Сүрөсү, 8

Бул аяттарда Куран түшүрүлгөн учурда адамдар билбеген жашоо түрлөрүнүн бар экенине ишарат кылынууда. Микроскоптун табылышы менен бирге адамдын көзүнө көрүнбөгөн кичинекей жаңы жандыктар аныкталган. Ушундайча Куранда көңүл бурулган мындай жандыктардын бар экени жөнүндө адамдар маалыматка ээ боло башташты. Куралсыз көз менен көрүүгө мүмкүн болбогон жана көбүнчө бир гана клеткадан турган микро жандыктардын бар экенине ишарат кылган башка аяттар болсо төмөнкүлөр:

Микроскопиялык жашоонун бар болушу

وَقَالَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ لَا تَأْتِينَا ٱلسَّاعَةُ ۖ قُلْ بَلَىٰ وَرَبِّى لَتَأْتِيَنَّكُمْ عَٰلِمِ ٱلْغَيْبِ ۖ لَا يَعْزُبُ عَنْهُ مِثْقَالُ ذَرَّةٍۢ فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَلَا فِى ٱلْأَرْضِ وَلَآ أَصْغَرُ مِن ذَٰلِكَ وَلَآ أَكْبَرُ إِلَّا فِى كِتَٰبٍۢ مُّبِينٍۢ ۝٣

... Асмандарда жана жерде кыпындай (атомдой) оордуктагы эч нерсе Андан алыс (жашыруун) калбайт. Мындан кичинеси да, чоңу да, баары сөзсүз апачык бир китепте (жазылуу).
Себе Сүрөсү, 3

وَمَا تَكُونُ فِى شَأْنٍۢ وَمَا تَتْلُوا۟ مِنْهُ مِن قُرْءَانٍۢ وَلَا تَعْمَلُونَ مِنْ عَمَلٍ إِلَّا كُنَّا عَلَيْكُمْ شُهُودًا إِذْ تُفِيضُونَ فِيهِ ۚ وَمَا يَعْزُبُ عَن رَّبِّكَ مِن مِّثْقَالِ ذَرَّةٍۢ فِى ٱلْأَرْضِ وَلَا فِى ٱلسَّمَآءِ وَلَآ أَصْغَرَ مِن ذَٰلِكَ وَلَآ أَكْبَرَ إِلَّا فِى كِتَٰبٍۢ مُّبِينٍ ۝٦١

... Жерде жана асманда кыпындай (атом салмагында) болгон эч бир нерсе Раббиңден алыста (жашыруун) калбайт. Мындан кичинекейирээги да, чоңураагы да баары китепте (жазылуу).
Юнус Сүрөсү, 61

Жер бетинин бүт тарабына таркаган мындай жашыруун дүйнөнүн мүчөлөрү, т.а. микроорганизмдер жер бетиндеги жаныбарлардан 20 эсе көп. Көзгө көрүнбөгөн кичинекей мындай микроорганизмдер тобу бактериялар, вирустар, козу карындар, суу балырлары жана мителерден турат. Бул микро жандыктар жер бетиндеги жашоо тең салмактуулугунун маанилүү бир элементи. Мисалы, жер бетинде жашоонун пайда болушун камсыздаган негизги элементтердин бири болгон азоттун айланышы бактериялар тарабынан камсыз кылынат. Өсүмдүктөрдүн топурактагы минералдарды ала алышын камсыз кылган эң маанилүү элемент болсо – бул тамыр козу карындары. Салат же эт сыяктуу нитраты бар азыктардан ууланып калышыбыздан болсо тилибиздеги бактериялар коргойт. Ошол эле учурда кээ бир бактериялар жана балырлар дүйнөдө жандуулуктун бар болушунун негизги элементи болгон фотосинтез кыла алуу жөндөмүнө ээ жана бул кызматты өсүмдүктөр менен бөлүшүшөт. Кээ бир мите түрлөрү органикалык заттарды майдалап, азыктарды өсүмдүктөр колдоно ала турган абалга айланта алышат. Байкалгандай, биз технологиялык аспаптар менен гана алар жөнүндө маалымат ала алган бул кичинекей жандыктар адамдын жашоосу үчүн орду толгус мааниге ээ.

Куранда кылымдар мурда биздин көзүбүзгө көрүнгөн ааламдардан башка да жандыктар бар экенине көңүл бурулган болушу – бул албетте Курандын дагы бир керемети.

Аяттарга шилтемелер