Нахл Сүрөсү, 68-69

Ургаачы бал аары

Бүт аарылар көптөгөн милдеттерди аркалаган аары колонияларында эркек аарылар өзгөчө болуп саналат. Эркек аарылар уянын корголушуна да, тазалыгына да, азык топтоого да, уюк же бал жасоого да эч көмөкчү болушпайт.

Куранда610–632
977+ жылдан кийин
Ачылган1609

1 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

وَأَوْحَىٰ رَبُّكَ إِلَى ٱلنَّحْلِ أَنِ ٱتَّخِذِى مِنَ ٱلْجِبَالِ بُيُوتًۭا وَمِنَ ٱلشَّجَرِ وَمِمَّا يَعْرِشُونَ ۝٦٨ ثُمَّ كُلِى مِن كُلِّ ٱلثَّمَرَٰتِ فَٱسْلُكِى سُبُلَ رَبِّكِ ذُلُلًۭا ۚ يَخْرُجُ مِنۢ بُطُونِهَا شَرَابٌۭ مُّخْتَلِفٌ أَلْوَٰنُهُۥ فِيهِ شِفَآءٌۭ لِّلنَّاسِ ۗ إِنَّ فِى ذَٰلِكَ لَءَايَةًۭ لِّقَوْمٍۢ يَتَفَكَّرُونَ ۝٦٩

Раббиң бал аарысына вахий кылды: тоолордо, дарактарда жана алар курган үйлөрдө өзүңө үйлөр кур. Кийин мөмөлөрдүн баарынан же, ушундайча Раббиң сага жеңил кылган жолдор менен жүр-уч. Алардын курсактарынан ар кандай түстөрдөгү шербеттер чыгат, анда адамдар үчүн бир шыпаа бар. Шек жок, ойлонгон бир коом үчүн чындыгында мында аяттар бар.
Нахл Сүрөсү, 68-69

Бүт аарылар көптөгөн милдеттерди аркалаган аары колонияларында эркек аарылар өзгөчө болуп саналат. Эркек аарылар уянын корголушуна да, тазалыгына да, азык топтоого да, уюк же бал жасоого да эч көмөкчү болушпайт. Эркек аарылардын уюктагы жалгыз кызматы – бул ханыша аарыны уруктандыруу.1 Жупташуу органдарынан тышкары башка аарылардагы өзгөчөлүктөрдүн дээрлик эч бирине ээ болушпагандыктан, эркек аарылардын ханыша аарыны уруктандыруудан башка бир жумуш аткарышы да мүмкүн эмес.

Ургаачы бал аары

Колониянын бардык жүгү мойнуна жүктөлгөн жумушчу аарылардын болсо, ханыша аарылар сыяктуу ургаачы болгонуна карабастан, жумурткалыктары өнүккөн эмес, б.а. алар кысыр (туубас). Уюктун тазалыгы, аары личинкаларын жана балдарын кароо, ханыша аары жана эркек аарыларды азыктандыруу, бал жасоо, уюктарды куруу жана оңдоо иштери, уюкту желдетүү, уюктун коопсуздугу, нектар (бал маңызы), чаңча (гүл чаңчасы), суу, смола сыяктуу материалдарды топтоо жана аларды уюкта кампалоо сыяктуу кызматтары бар.

Арап тилинде этиш эки түрдө колдонулат жана этиштердин колдонулушуна жараша сүйлөмдүн ээсинин (зат атоочтун) эркек же ургаачы экенин түшүнүүгө болот. Жогорудагы аяттарда аары үчүн колдонулган этиштер (асты сызылган сөздөр) этиштин ургаачы үчүн колдонулчу формасында колдонулган. Ушундайча Куранда бал жасоодо иштеген аарылардын ургаачы экенине ишарат кылынууда.2 Аарылар жөнүндөгү бул чындыктын мындан 1400 жыл мурда билинишинин мүмкүн эмес экенин унутпаш керек. Бирок Аллах бул чындыкка көңүл буруу менен Курандын дагы бир кереметин бизге көрсөткөн.

Эскертүүлөр

  1. Hayvanlar Ansiklopedisi-Böcekler, Phoesbus Publishing Company, İstanbul, 1979, s. 97. ↩
  2. Dr. Mazhar U. Kazi, 130 Evident Miracles in the Qur'an, Crescent Publishing House, New York, ABD, 1998, s. 53. ↩

Аяттарга шилтемелер