Энам Сүрөсү, 38
Жаныбар коомдорунун бар болушу
Учурда жаныбар жана канаттууларга жасалган байкоолор натыйжасында бардык жаныбарлардын жана канаттуулардын өзүнчө коомдор абалында жашашаары аныкталды.
وَمَا مِن دَآبَّةٍۢ فِى ٱلْأَرْضِ وَلَا طَٰٓئِرٍۢ يَطِيرُ بِجَنَاحَيْهِ إِلَّآ أُمَمٌ أَمْثَالُكُم ۚ مَّا فَرَّطْنَا فِى ٱلْكِتَٰبِ مِن شَىْءٍۢ ۚ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّهِمْ يُحْشَرُونَ ٣٨
Жер бетиндеги жандык жана эки канаты менен учкан канаттуулардын бүт баары силер сыяктуу үммөттөр...
Учурда жаныбар жана канаттууларга жасалган байкоолор натыйжасында бардык жаныбарлардын жана канаттуулардын өзүнчө коомдор абалында жашашаары аныкталды. Көпкө созулган, кеңири масштабдуу изилдөөлөр натыйжасында жаныбарлар жөнүндө алынган маалыматтар жаныбарлар арасында абдан системалуу бир социалдык түзүлүштүн бар экенин аныктады.

Мисалы, коомдук жашоосу менен илимпоздорду таң калтырган бал аарылар колониялар абалында дарак коңулдарында же ошол сыяктуу жерлерде өздөрүнө уюк жасашат. Бир аары колониясы бир ханыша, бир канча жүз эркек жана 10-80 миң жумушчу аарыдан турат. Мурда да айтылгандай, аары колонияларынын ар биринде бир гана ханыша болот жана ханышанын негизги кызматы – бул жумурткалоо. Мындан тышкары, колониянын биримдигин жана уюктагы системанын иштешин камсыз кылуучу маанилүү заттарды да чыгарат. Эркектердин болсо жалгыз кызматы – бул ханышаны төлдөтүү (уруктандыруу). Уюкту жасоо, азык чогултуу, аары сүтүн өндүрүү, уюктун жылуулугун жөнгө салуу, тазалык, коргонуу сыяктуу акылга келген бардык иштерди болсо жумушчу аарылар жасашат. Аары уюгундагы жашоонун ар бир баскычында бир система бар. Личинкаларды кароодон баштап уюктун жалпы муктаждыктарын камсыз кылууга чейинки бүт иштер эч кемчиликсиз жасалат.
Кумурскалар да дүйнөнүн эң көп калкына ээ болушканына карабастан, технология, коллективдик иштөө, аскердик стратегия, өнүккөн байланыш тармагы, иерархиялык система, дисциплина, кемчиликсиз бир шаар пландоо сыяктуу көптөгөн тармакта адамдарга мисал боло тургандай бир тартипти көрсөтүшөт. «Колониялар» деп аталган коомдор абалында жашаган кумурскалар ушунчалык өнүккөн бир тартипте болушкандыктан, бул жагынан адамдардыкына окшош бир цивилизацияга ээ деп айтууга болот.
Кумурскалар азыктарын өндүрүп кампалашат, балдарын кайтарышат, колонияларын коргошот жана согушушат. Ал тургай, «тигүүчүлүк» кылышып, «айыл-чарба» менен алектенген, «айбан баккан» колониялар да бар. Араларында абдан күчтүү бир байланыш тармагы бар болгон бул жандыктар коомдук уюшуу жана адистешүү жагынан караганда, эч бир жаныбарга салыштырууга мүмкүн болбогондой жогору.
Топ-топ болуп жашаган жандыктар системалуу жашоо менен бирге коркунучтарга да чогуу каршы турушат. Мисалы, кичинекей канаттуулар бүркүт же бай уулу сыяктуу жырткыч канаттуулар алардын аймагына киргенде, чогуулап бул жандыктарды орошот. Ошол эле учурда айланадагы башка канаттууларды да аймакка чакыруу үчүн атайын бир үн чыгарышат. Кичинекей канаттуулардын чогуулап кол салышы жырткыч канаттууларды көбүнчө ал аймактан качууга мажбур кылат.

Топ болуп учкан бир канаттуу үйүрү да ошол сыяктуу бардык үйүр мүчөлөрү үчүн калкан болот. Мисалы, үйүр болуп учкан чыйырчыктар араларында кенен бир аралык калтырып учушат. Бирок бир бүркүт көрүшкөндө, араларындагы боштукту жабышат. Натыйжада бүркүттүн үйүрдүн арасына киришин оор кылышат, бүркүт кол салса да канаттарын майып кылып алат жана аңчылык кыла албайт.1 Сүт эмүүчү жаныбарлар да үйүрлөрүнө бир кол салуу болгондо, чогуу аракет кылышат. Мисалы, зебралар душмандарынан качып баратышып, балдарын үйүрдүн ортосуна алышат. Дельфиндер болсо дайыма топ-топ болуп жүрүшөт жана эң чоң душмандары болгон акулалардан тобу менен коргонушат.
Жаныбарлардын коомдук жашоосу жөнүндө сансыз мисал жана көптөгөн детальдарды айтып берүүгө болот. Жаныбарлар жөнүндө алынган бул маалыматтар көп жылдар бою жасалган терең изилдөөлөр натыйжасында алынган. Байкалгандай, башка тармактардагы сыяктуу эле жаныбарлар жөнүндө Куранда берилген маалыматтар да анын Аллахтын сөзү экенин көрсөтүүдө.
Эскертүүлөр
- Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, E. P. Dutton, New York, 1978, s. 69. ↩
- Edward O. Wilson, Sociobiology: The New Synthesis, The Belknap Press of Harvard University Press, İngiltere, 1975, s. 123.
- Russell Freedman, How Animals Defend Their Young, E. P. Dutton, New York, 1978, s. 69.


