Жасийе Сүрөсү, 5
Шамалдын пайда болуу системасы
Шамал – бул ар кайсы температура борборлору арасында пайда болгон аба агымы. Атмосферадагы ар кандай температуралар ар кандай аба басымдарын пайда кылгандыктан, аба тынымсыз жогорку басымдан төмөнкү басымды көздөй агат.
وَٱخْتِلَٰفِ ٱلَّيْلِ وَٱلنَّهَارِ وَمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مِن رِّزْقٍۢ فَأَحْيَا بِهِ ٱلْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا وَتَصْرِيفِ ٱلرِّيَٰحِ ءَايَٰتٌۭ لِّقَوْمٍۢ يَعْقِلُونَ ٥
... жана шамалдарды (белгилүү бир система ичинде) башкарышында акылын колдонгон бир коом үчүн аят-белгилер бар.
Шамал – бул ар кайсы температура борборлору арасында пайда болгон аба агымы. Атмосферадагы ар кандай температуралар ар кандай аба басымдарын пайда кылгандыктан, аба тынымсыз жогорку басымдан төмөнкү басымды көздөй агат. Басым борборлору, т.а. атмосферадагы температуралар арасындагы айырма эгер чоң болсо, анда аба агымы, б.а. шамал күчтүү болот. Чоң кыйроолорго себеп болгон күчтүү куюндар ушундайча пайда болууда.

Бул жерде таң калыштуу жагдай – бул экватор менен уюлдар арасында температура жана басымдарда абдан чоң айырма болгонуна карабастан, Аллахтын белгилүү бир система ичинде жаратышы урматында жерибиздин абдан күчтүү шамалдарга дуушар болбошу. Эгер уюлдар менен экватор арасында боло турган абдан чоң аба агымдары жумшартылбаганда, жер үстүңкү бети дайыма күчтүү куюндар болуп турган бир өлүк планетага айланмак.
Жогорудагы аятта «тасрифир рийах» сүйлөмүндөгү «тасриф» сөзү «бир нерсени абдан айлантуу, багыттоо, бир ишке багыт берүү, башкаруу, бөлүштүрүү» маанилерине келет. Байкалгандай, шамал үчүн тандалган бул сөз шамалдардын система ичиндеги кыймылын толук сүрөттөөдө. Мындан тышкары, бул абал шамалдын өз башынча, каалагандай сокпошунун апачык бир баяны. Шамалдарды адамдардын жашоосуна ыңгайлуу кылып башкарган – бул Аллах.
