Хижр Сүрөсү, 22
«Төлдөтүүчү» шамалдар
Курандын бир аятында шамалдардын «төлдөтүүчү» (уруктандыруучу) өзгөчөлүгүнө жана мунун натыйжасында жамгырдын пайда болооруна мындайча көңүл бурулат:
Курандын бир аятында шамалдардын «төлдөтүүчү» (уруктандыруучу) өзгөчөлүгүнө жана мунун натыйжасында жамгырдын пайда болооруна мындайча көңүл бурулат:

وَأَرْسَلْنَا ٱلرِّيَٰحَ لَوَٰقِحَ فَأَنزَلْنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ فَأَسْقَيْنَٰكُمُوهُ وَمَآ أَنتُمْ لَهُۥ بِخَٰزِنِينَ ٢٢
Жана төлдөтүүчүлөр (уруктандыруучулар) катары шамалдарды жөнөттүк, ошентип асмандан суу түшүрүп, силерди сугардык...
Аятта жамгырдын пайда болушундагы алгачкы баскычтын шамалдар экенине көңүл бурулууда. Бирок 20-кылымдын баштарына чейин «шамал менен жамгырдын арасындагы жалгыз байланыш – бул шамалдын булуттарды айдашы» деп айтылып келген. Заманбап метеорологиялык ачылыштар болсо шамалдардын жамгырдын пайда болушунда «төлдөтүүчү» рол ойноорун көрсөттү.
Шамалдардын мындай төлдөтүү өзгөчөлүгү мурдараак да айтылгандай мындайча ишке ашат: океандардын жана деңиздердин бетинде көбүктөнүү себебинен дайыма сансыз аба көбүкчөлөрү пайда болууда. Бул көбүкчөлөр жарылганда, миллиметрдин 100дөн бириндей чоңдукта миңдеген бөлүкчөнү абага ыргытышат. «Аэрозоль» деп аталган бул бөлүкчөлөр шамалдар урматында кургактыктардан келген чаңдарга аралашып атмосферанын үстүңкү катмарларына көтөрүлөт. Шамалдар ушундайча асманга көтөргөн бөлүкчөлөр ал жерде суунун буусуна тийет. Суу буусу болсо бул бөлүкчөлөрдүн айланасына чогулуп, жыйналат жана суу тамчыларына айланат. Бул суу тамчылары алгач чогулуп булуттарды пайда кылат, бир мөөнөттөн соң болсо жамгыр болуп жерге түшөт. Байкалгандай, шамалдар абада эркин абалда жүргөн суу буусун деңиз-океандардан алып келген бөлүкчөлөр менен «төлдөтүүдө» жана натыйжада жамгыр булуттарынын пайда болушун камсыз кылууда.
Эгер шамалдардын мындай өзгөчөлүгү болбогондо, жогорку атмосферадагы суу тамчылары эч качан пайда болмок эмес жана жамгыр деген нерсе эч болмок эмес.
Бул жердеги маанилүү жагдай болсо – шамалдардын жамгырдын пайда болушундагы мындай абдан маанилүү кызматынын кылымдар мурда Куранда билдирилген болушу. Болгондо да адамдар табигый кубулуштар жөнүндө дээрлик эч нерсе билбеген бир доордо...

Аятта шамалдардын төлдөтүүчү тарабы жөнүндө билдирилген дагы бир маалымат – бул шамалдардын өсүмдүктөрдүн төлдөнүшүндөгү ролу. Жер бетиндеги көптөгөн өсүмдүк өз түрүнүн уланышын чаңчаларын шамал аркылуу таркатуу менен камсыз кылат. Көптөгөн ачык уруктуу өсүмдүк, кайрагачтар (сосна), пальма жана башка дарактар, мындан тышкары гүл ачкан бардык уруктуу өсүмдүктөр менен чым тибиндеги чөптөрдүн баары шамалдар аркылуу төлдөнүшөт. Шамал гүл чаңчаларын өсүмдүктөрдөн алып, ошол эле түрдөгү башка өсүмдүктөргө жеткирүү аркылуу төлдөнүүнү (уруктанууну) ишке ашырат.
Шамалдардын өсүмдүктөрдү кандайча уруктантаары жакынкы убакка чейин белгилүү эмес эле. Бирок өсүмдүктөрдүн да эркек жан ургаачы болуп, жыныстык айырмаланаары белгилүү болгон соң шамалдардын уруктандыруучу таасири бар экени аныкталды. Бул чындыкка Куранда «Биз асмандан суу түшүрдүк, муну менен жерде ар бир сонун жуптан бир өсүмдүк өстүрдүк.»
(Локман Сүрөсү, 10) аяты менен көңүл бурулат.
