Рум Сүрөсү, 48

Жамгырдын пайда болушу

Жамгырдын кандайча пайда болоору көп убактан бери адамдар үчүн бир сыр эле. Бирок аба радарлары ойлоп табылган соң жамгырдын кайсы баскычтардан өтүп, пайда болоору так аныкталды.

3 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

Жамгырдын кандайча пайда болоору көп убактан бери адамдар үчүн бир сыр эле. Бирок аба радарлары ойлоп табылган соң жамгырдын кайсы баскычтардан өтүп, пайда болоору так аныкталды. Бул жыйынтыктар боюнча, жамгыр үч баскычтан пайда болот: алгач шамал аркылуу жамгырдын «чийки заты» асманга көтөрүлөт. Андан соң булуттар жана эң аягында жамгыр тамчылары пайда болот.

Жамгырдын пайда болушу

Куранда жамгырдын пайда болушу жөнүндө толугу менен ушул процесстер айтылган. Бир аятта бул пайда болуу жөнүндө мындай бир маалымат берилет:

ٱللَّهُ ٱلَّذِى يُرْسِلُ ٱلرِّيَٰحَ فَتُثِيرُ سَحَابًۭا فَيَبْسُطُهُۥ فِى ٱلسَّمَآءِ كَيْفَ يَشَآءُ وَيَجْعَلُهُۥ كِسَفًۭا فَتَرَى ٱلْوَدْقَ يَخْرُجُ مِنْ خِلَٰلِهِۦ ۖ فَإِذَآ أَصَابَ بِهِۦ مَن يَشَآءُ مِنْ عِبَادِهِۦٓ إِذَا هُمْ يَسْتَبْشِرُونَ ۝٤٨

Аллах шамалдарды жөнөтөт, ошентип бир булутту көтөрөт да, аны кандай кааласа асманда жайып-таркатат жана аны бөлүк бөлүк кылат; анан анын арасынан жамгырдын агып чыкканын көрөсүң. Кийин Өз пенделеринен каалаганына берээр замат (алар) кубанып калышат.
Рум Сүрөсү, 48

Эми аятта айтылган үч баскычты илимий анализ кылалы:

1-БАСКЫЧ: «Аллах шамалдарды жөнөтөт...»

Океандардагы көбүктөнүү менен пайда болгон сансыз аба көбүкчөлөрү тынымсыз пайда болуп турат жана майда суу тамчылары тынымсыз асманга чачылып турат. Тузга бай болгон бул майда тамчылар шамалдар менен учуп, атмосферада жогору көздөй жол алышат. Аэрозоль деп аталган бул кичинекей бөлүкчөлөр «суу тузагы» деп аталган бир механизм аркылуу океандардан көтөрүлгөн суу буусун өз чөйрөсүнө кичинекей тамчылар абалында топтоп булут тамчыларын пайда кылышат.

2-БАСКЫЧ: «... ошентип бир булутту көтөрөт да, аны кандай кааласа асманда жайып-таркатат жана аны бөлүк бөлүк кылат...»

Туз кристаллдарынын же абадагы майда чаңдардын айланасында чогулган суу буусу менен булуттар пайда болот. Булардын ичиндеги суу тамчылары абдан кичинекей болгондуктан (0,01-0,02 мм чоңдукта) абада учуп жүрө берет жана асманга таркашат. Натыйжада асман булуттар менен капталат.

3-БАСКЫЧ: «... анан анын арасынан жамгырдын агып чыкканын көрөсүң.»

Туз кристаллдарынын жана майда чаңдардын айланасында чогулган суу бөлүкчөлөрү жакшылап чогулушуп, жамгыр тамчыларын түзүшөт. Натыйжада абадан салмагы оорураак болуп калган тамчылар булуттан бөлүнүп жамгыр болуп, жерге түшүп башташат.

Байкалгандай, жамгырдын пайда болушунун ар бир баскычы Куран аяттарында билдирилүүдө. Болгондо да бул баскычтар туура катарга коюлуп, баяндалган. Жердеги бир катар табигый окуядагы сыяктуу, бул жерде да Аллах эң туура түшүндүрмөнү жасоодо, болгондо да бул түшүндүрмөнү илим тарабынан ачылаардан кылымдар мурда Куран аркылуу адамдарга билдирүүдө.

Жамгырдын пайда болушу жөнүндөгү башка бир аятта төмөнкү маалыматттар берилүүдө:

Жамгырдын пайда болушу

أَلَمْ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ يُزْجِى سَحَابًۭا ثُمَّ يُؤَلِّفُ بَيْنَهُۥ ثُمَّ يَجْعَلُهُۥ رُكَامًۭا فَتَرَى ٱلْوَدْقَ يَخْرُجُ مِنْ خِلَٰلِهِۦ وَيُنَزِّلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مِن جِبَالٍۢ فِيهَا مِنۢ بَرَدٍۢ فَيُصِيبُ بِهِۦ مَن يَشَآءُ وَيَصْرِفُهُۥ عَن مَّن يَشَآءُ ۖ يَكَادُ سَنَا بَرْقِهِۦ يَذْهَبُ بِٱلْأَبْصَٰرِ ۝٤٣

Аллахтын булуттарды айдап жатканын, кийин араларын бириктирип, андан соң аларды кабат кабат кылып жыйып жатканын көргөн жоксуңбу; ошентип жамгырдын булардын арасынан агып-чыкканын көрөсүң. Асмандан ичинде мөндүрү бар тоолор (сыяктуу булуттар) түшүрүп, аны каалаганына туш кылат, (жана) каалаганынан аны кайтарат (тосот); чагылганынын жаркыраганы көздөрдү алып көр кылчудай болот.
Нур Сүрөсү, 43

Булут түрлөрүн изилдеген илимпоздор жамгырдын пайда болушу жөнүндө таң калыштуу жыйынтыктарды алышкан. Жамгыр булуттары белгилүү бир система жана баскычтар менен пайда болуп, калыптанууда. Жамгыр булуттарынын бири болгон кумулонимбус (cumulonimbus) түрүндөгү булуттардын пайда болуу баскычтары илимде төмөнкүдөй:

1-БАСКЫЧ, айдалуу: Булуттар шамалдар тарабынан турган жеринен түртүлүшөт, б.а. айдалышат.

2-БАСКЫЧ, биригүү: Шамал тарабынан түртүлгөн бул кичинекей булуттар (кумулонимбус) айдалган жерде биригип, жаңы чоң булуттарды пайда кылышат.

3-БАСКЫЧ, чогулуу: Кичинекей булуттар бириккен соң чоң булуттун ичиндеги жогору көздөй тартуу күчү жогорулайт. Булуттун борборундагы жогору тартуу күчү четтериндеги тартуу күчүнөн күчтүүрөөк. Мындай жогору тартуулар булуттун формасынын вертикалдуу чоңойушуна себеп болот. Натыйжада булуттар жогору көздөй кеңейишип, үстү-үстүнө жыйналышат. Бул тигинен чоңойгон булуттун формасынын атмосферанын салкыныраак тараптарын көздөй чоюлушуна себеп болот. Мына ошондо атмосферанын салкын аймактарында булутта суу жана мөндүр тамчылары чоңойуп баштайт.

Бул баскычтардын натыйжасында суу жана мөндүр тамчылары, жогору тартуу күчү аларды кармай албай турганчалык, оордогондо булуттардан жамгыр, мөндүр ж.б. абалында түшүп башташат.

Бир нерсени унутпаш керек, метеорологдор булуттун пайда болушу, түзүлүшү жана функциясы жөнүндөгү детальдарды өнүккөн технологиялык каражаттарды (учак, спутник, компьютер ж.б.) колдонуу менен, жакынкы убакта гана аныктай алышты. Демек, Аллах бул аяттарында да бизге 1400 жыл мурда билиниши мүмкүн болбогон бир маалыматты берген.

Булактар

  1. Anthes, Richard A., John J. Cahir, Alistair B. Fraser, and Hans A. Panofsky, 1981, The Atmosphere, 3. edition, Columbus, Charles E. Merrill Publishing Company, p. 268-269; Millers, Albert; and Jack C. Thompson, 1975, Elements of Meteorology, 2. edition, Columbus, Charles E. Merrill Publishing Company, p. 141
  2. Anthes, Richard A.; John J. Cahir; Alistair B. Fraser; and Hans A. Panofsky, 1981, The Atmosphere, p. 269; Millers, Albert; and Jack C. Thompson, 1975, Elements of Meteorology, p. 141-142

Аяттарга шилтемелер