Хаж Сүрөсү, 5
Топурактын кыймылга келип, көбүшү
Бул аятта «кыймылга келип» деп которулган сөздүн Арапчасы «ихтеззет» жана бул сөз «кыймылга келүү, жандануу, титирешүү, кыймылдоо, өсүмдүктүн кыймылга келиши жана өсүшү» маанилерине келет.
يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّاسُ إِن كُنتُمْ فِى رَيْبٍۢ مِّنَ ٱلْبَعْثِ فَإِنَّا خَلَقْنَٰكُم مِّن تُرَابٍۢ ثُمَّ مِن نُّطْفَةٍۢ ثُمَّ مِنْ عَلَقَةٍۢ ثُمَّ مِن مُّضْغَةٍۢ مُّخَلَّقَةٍۢ وَغَيْرِ مُخَلَّقَةٍۢ لِّنُبَيِّنَ لَكُمْ ۚ وَنُقِرُّ فِى ٱلْأَرْحَامِ مَا نَشَآءُ إِلَىٰٓ أَجَلٍۢ مُّسَمًّۭى ثُمَّ نُخْرِجُكُمْ طِفْلًۭا ثُمَّ لِتَبْلُغُوٓا۟ أَشُدَّكُمْ ۖ وَمِنكُم مَّن يُتَوَفَّىٰ وَمِنكُم مَّن يُرَدُّ إِلَىٰٓ أَرْذَلِ ٱلْعُمُرِ لِكَيْلَا يَعْلَمَ مِنۢ بَعْدِ عِلْمٍۢ شَيْـًۭٔا ۚ وَتَرَى ٱلْأَرْضَ هَامِدَةًۭ فَإِذَآ أَنزَلْنَا عَلَيْهَا ٱلْمَآءَ ٱهْتَزَّتْ وَرَبَتْ وَأَنۢبَتَتْ مِن كُلِّ زَوْجٍۭ بَهِيجٍۢ ٥
... Жер бетин куураган (бир) өлүк сыяктуу көрөсүң, бирок Биз анын үстүнө сууну түшүргөнүбүздө, кыймылга келип, көбөт жана ар бир сонун жуптан (эгиндер, түшүмдөрдү) өстүрөт.
Бул аятта «кыймылга келип» деп которулган сөздүн Арапчасы «ихтеззет» жана бул сөз «кыймылга келүү, жандануу, титирешүү, кыймылдоо, өсүмдүктүн кыймылга келиши жана өсүшү» маанилерине келет. «Көбөт» деп которулган «ребет» сөзү болсо «көбөйүү, көбүү, чоңойуу, өнүгүү, (өсүмдүктүн) көтөрүлүшү, ырыскы берүү, шишүү, ичине аба толуу» маанилерине келет. Аяттагы бул сөздөр жамгыр учурунда топурактын молекулярдык түзүлүшүндөгү өзгөрүүлөрдү эң ылайыктуу сөздөр менен сүрөттөөдө.

Аятта сүрөттөлгөн кыймыл жердин үстүңкү катмарынын жер титирөөлөр учурундагы жалпы кыймылынан айырмалуу жана топуракты түзгөн бөлүкчөлөрдүн кыймылдашы катары баяндалууда. Топурак бөлүкчөлөрү бири-биринин үстүнө жайгашкан катмарлардан турат жана суу бул катмарлардын арасына киргенде, топурак бөлүкчөлөрүнүн көлөмүнүн өсүшүнө, көбүшүнө себеп болот. Аяттагы баскычтар илимий тараптан төмөнкүдөй:
1- Топурактын кыймылга келиши: Топурак жамгырдын суусун жетиштүү көлөмдө сиңиргенде, топурак бөлүкчөлөрүнүн бетинде пайда болгон электростатикалык заряд тең салмаксыздыкка себеп болот, бул болсо бөлүкчөлөрдүн кыймылдашына жол ачат. Бул кыймыл бөлүкчөлөрдүн электрдик заряды теңделгенге чейин уланат. Топурак бөлүкчөлөрүнүн кыймылга келиши суу тамчылары менен урунушунан да келип чыгат. Суу тамчыларынын кыймылы белгилүү бир багытта эмес. Ар тараптан урунган суу топурак бөлүкчөлөрүнүн ордунан жылышына себеп болот. Бул кыймыл учурда «Броун кыймылы (Brownian movement)» деп аталган жана 1827-жылы Роберт Броун аттуу шотландиялык бир ботаник сүрөттөгөн микроскопиялык бөлүкчөлөрдүн кыймылы. Броун жамгыр тамчылары жерге түшкөндө, топурак молекулаларында бир силкинүү жана кыймылдоонун болоорун аныктаган.
2- Топурактын көбүшү: Жамгыр жааганда ар тараптан келген суу тамчылары топурак бөлүкчөлөрүнүн кыймылдашына, натыйжада сууну сиңирип, көлөмүнүн чоңойушуна жол ачат. Себеби суу көп санда болгондо, топурак бөлүкчөлөрүнүн арасындагы аралык өсөт. Бул боштуктар суу тамчыларынын жана ээриген иондордун топурактын ичине киришине мүмкүндүк берет. Суу жана суунун ичинде ээриген абалда жайгашкан башка азыктар катмарлар арасында таркайт. Бул болсо топурак бөлүкчөлөрүнүн көлөмүн жогорулатат. Ошондуктан бул бөлүкчөлөр топуракты жандандыруу үчүн керектүү суу кампасы функциясын аткарат. Жердин тартылуу күчүнө карабастан, суунун сиңбестен, топурак бөлүкчөлөрүнүн катмарлары арасында кампаланышы Аллахтын адамдарга болгон чексиз мээриминин мисалдарынын бири. Эгер топурактын сууну кармап калуу өзгөчөлүгү болбогондо жана топуракта бул минерал кампалары болбогондо, суу топурактын тереңине сиңип кетмек жана өсүмдүктөр кыска мөөнөттө куурап калмак. Бирок Раббибиз топуракты ар кандай түшүмдөрдүн чыгышына шарт түзө турган өзгөчөлүктөрү менен бирге жараткан.
3- Топурактын түшүм бериши: Топурактагы суу жетиштүү көлөмгө жеткенде, уруктар активдүү абалга келет жана жөнөкөй азык элементтерди сиңирип баштайт. Барган сайын чоңойгон өсүмдүктөр суу муктаждыгын 2-3 ай бою ушул кампалардан алышат.
Кургак топуракка жамгыр түшкөндө, ишке ашкан кубулуштар жогорудагы аятта үч баскычтуу баяндалууда: топурактын кыймылга келиши, топурактын көбүшү жана топурактын түшүм бериши. Байкалгандай, Куранда мындан 14 кылым мурда билдирилген бул баскычтар илимий түшүндүрмөлөргө толук дал келет. Башка бир аятта болсо мындай деп айтылат:
وَءَايَةٌۭ لَّهُمُ ٱلْأَرْضُ ٱلْمَيْتَةُ أَحْيَيْنَٰهَا وَأَخْرَجْنَا مِنْهَا حَبًّۭا فَمِنْهُ يَأْكُلُونَ ٣٣
Өлүк топурак алар үчүн бир аят (белги); Биз аны тирилттик, андан уруктарды чыгардык, ошентип андан жеп жатышат.
Эскертүүлөр
- Brian J. Ford, "Brownian Movement in Clarkia Pollen: A Reprise of the First Observations", The Microscope, 1992, vol. 40, no. 4, ss. 235-241; http://www.brianjford.com/wbbrowna.htm
