Зилзал Сүрөсү, 1-4
Жердин жүгүн сыртка чыгарышы
Арап тилинде «зилзал» сөзү жер титирөө; «эскалеха» сөзү болсо «оордуктарын, оор жүктөрүн» деген маанилерге келет.
إِذَا زُلْزِلَتِ ٱلْأَرْضُ زِلْزَالَهَا ١ وَأَخْرَجَتِ ٱلْأَرْضُ أَثْقَالَهَا ٢ وَقَالَ ٱلْإِنسَٰنُ مَا لَهَا ٣ يَوْمَئِذٍۢ تُحَدِّثُ أَخْبَارَهَا ٤
Жер ошол күчтүү чайпалуу менен чайпалганда, жер оордуктарын сырткы чыгарганда жана адам: «Буга эмне болуп жатат?» дегенде; ошол күнү (жер) кабарларын айтып берет.
Арап тилинде «зилзал» сөзү жер титирөө; «эскалеха» сөзү болсо «оордуктарын, оор жүктөрүн» деген маанилерге келет. Жогорудагы аятта биринчи маанилери каралганда, жер титирөө жөнүндө маанилүү бир илимий чындыкка көңүл бурулганы байкалат.

Зилзала Сүрөсүнүн 2-аятында жер титирөө жөнүндө жердин оордуктарын чыгарышы айтылууда. Акыркы кылымдарда жасалган изилдөөлөр натыйжасында жердин борборунда оор металлдар бар экени жана алардын жердеги кыймылдар натыйжасында пайда болгону аныкталган. Геологдордун байкоолорунда, жер муздаган сайын оор жана тыгыз болгон заттар жердин ядросун көздөй чөгүп, жеңилирээктери жогорку, сырт тарапты көздөй көтөрүлгөн. Ошондуктан, жердин үстүңкү катмары эң жеңил заттардан (базальт жана гранит таштардан) турса, ядродо оор металлдар (никель жана темир) жайгашкан. Натыйжада ээриген металлдардан турган жердин асты жердин бетинен бир топ оор жана тыгыз бир заттан турат.
Жер титирөө учурларында болсо жердин астындагы заттар жердин бетине чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат; натыйжада аяттарда сүрөттөлгөндөй, жер жүзү оордуктарын сыртка чыгарган болот. Мындан тышкары, металл резервдери көп жайгашкан жерлер – бул жер титирөө жана вулкан кыймылдары көп болчу аймактар. Кеңири масштабдуу изилдөөлөр натыйжасында жакынкы өтмүштө аныкталган мындай илимий ачылыштар – Аллах Куранда ишарат кылган илимий чындыктардын бирөөсү гана.
