Небе Сүрөсү, 6-7

Тоолордун кызматы

Көңүл бурсак, аятта тоолордун жер жүзүндөгү жер титирөөлөрдүн алдын алуучу өзгөчөлүгү бар экени айтылууда. Куран түшүрүлгөн доордо эч бир адам билбеген бул чындык учурда заманбап геологиянын ачылыштары аркылуу аныкталды.

Куранда610–632
1223+ жылдан кийин
Ачылган1855

4 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

Куранда тоолордун маанилүү бир геологиялык кызматына көңүл бурулган:

Тоолордун кызматы

وَجَعَلْنَا فِى ٱلْأَرْضِ رَوَٰسِىَ أَن تَمِيدَ بِهِمْ وَجَعَلْنَا فِيهَا فِجَاجًۭا سُبُلًۭا لَّعَلَّهُمْ يَهْتَدُونَ ۝٣١

Жер бетинде, аларды чайпалтпасын деп, кыймылсыз тоолорду жараттык...
Энбия Сүрөсү, 31

Көңүл бурсак, аятта тоолордун жер жүзүндөгү жер титирөөлөрдүн алдын алуучу өзгөчөлүгү бар экени айтылууда. Куран түшүрүлгөн доордо эч бир адам билбеген бул чындык учурда заманбап геологиянын ачылыштары аркылуу аныкталды.

Илгери тоолор жер бетинен жогору көтөрүлгөн нерселер деп кабыл алынчу. Бирок илимпоздор тоолордун бир гана үстүңкү тарабы эмес, «тоонун тамыры» деп аталган бөлүктөрүнүн да бар экенин жана тамырынын кээде өз боюнан 10-15 эсе узун тереңге кирип тураарын аныкташкан. Мындай өзгөчөлүктөрү менен тоолор бир мык же казыктын чатырды жерге жабыштырып, кармап турушуна окшош кызмат аткарат. Мисалы, чокусу жерден болжол менен 9 км бийикте болгон Эверест тоосунун 125 километрден узун тамыры бар.

Мындан тышкары, тоолор жердин үстүңкү катмарын түзгөн абдан чоң катмарлардын кыймылы жана сүзүшүүлөрү натыйжасында пайда болот. Эки катмар кагылышканда, чыдамкайыраагы беркисинин астына кирет. Үстүндөгү катмар акырындап бийиктейт жана тоолорду пайда кылат. Астыңкы катмар болсо жердин астында тереңдеп тамырды пайда кылат. Ошондуктан, жогоруда да айтылгандай, жер бетинде биз көргөн массалардай чоң жердин астына тереңдеп сүңгүгөн тамырлар да бар. Илимий бир булакта тоолордун мындай түзүлүшү төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Материктер калыңыраак болгон тоолуу аймактарда жердин үстүңкү катмары мантияга терең сүңгүйт.

Дүйнөгө таанымал суу асты геологдордун бири профессор Сиаведа (Siaveda) болсо тоолордун жерге тамырлардай сүңгүгөнү жөнүндө мындай жоромол жасаган:

Материктердеги тоолор менен океандардагы тоолор арасындагы негизги айырма материалында... Бирок экөөсүндө тең тоолорду кармап турган тамырлар бар. Материктердеги тоолордо жеңил жана тыгыздыгы аз зат жердин ичин көздөй тамыр болуп сүңгүйт. Океандардагы тоолордо болсо тоону тамыр катары кармап турган жеңил зат бар... Тамырлардын кызматы Архимеддин мыйзамы боюнча тоолорду кармап туруу үчүн.

Мындан тышкары, Америка илимдер академиясынын мурдакы башчысы Франк Пресстин (Frank Press) дүйнө жүзүндө көптөгөн университетте окуу китеби катары окутулган Earth (Жер) аттуу китебинде тоолордун казык сыяктуу экени жана жерге терең көмүлүп сүңгүгөнү айтылат.

Тоолордун кызматы

Курандын аяттарында болсо тоолордун мындай кызматына «казыкка» окшоштуруу аркылуу төмөнкүдөй ишарат кылынган:

أَلَمْ نَجْعَلِ ٱلْأَرْضَ مِهَٰدًۭا ۝٦ وَٱلْجِبَالَ أَوْتَادًۭا ۝٧

Биз жер жүзүн бир төшөк кылбадыкпы? Тоолорду болсо бир казык?
Небе Сүрөсү, 6-7

Дагы бир аятта Аллах «Тоолорун тигип-отургузду» (Назиат Сүрөсү, 32) деп кабар берет. Бул аяттагы «эрсайха» сөзү «тамырдуу кылды, туруктуу кылды, бекемдеди, жерге какты» маанилерине келет. Мындай өзгөчөлүктөрү урматында тоолор жер катмарлары бириккен чекиттерде жердин бетин жана жердин астын көздөй созулуп, бул катмарларды бири-бирине бекитет (кагат). Ушундайча жердин үстүңкү катмарын бекемдеп, магма катмарынын үстүндө же өз катмарлары арасында жылып кетишине тоскоол болот. Кыскача айтканда, тоолорду тактайларды кыймылдатпай кармап турган мыктарга окшотууга болот. Тоолордун бекемдөө таасири илимий булактарда изостазия деп аталат. Изостазия – бул мантия катмары жогору көздөй түрткөн күч менен жер катмары төмөн көздөй түрткөн күч арасындагы тең салмактуулук. Тоолор эрозия, жердин жылышы же айсбергдердин ээриши сыяктуу себептер менен массасын жоготуп, айсбергдердин пайда болушу, вулкан атылуулары же топурактын пайда болушу себебинен массасы өсүшү мүмкүн. Ошондуктан, тоолор жеңилдегенде суюктуктар таасир эткен көтөрүү күчү менен төмөндөн жогору көздөй түртүлөт; же оордогондо жердин тартылуу күчү себебинен мантиянын ичине матырылышат. Жердин үстүңкү катмарындагы бул эки күчтүн арасындагы тең салмактуулук изостазия урматында камсыздалат. Тоолордун мындай тең салмактуулукту камсыздоочу өзгөчөлүгү илимий бир булакта мындайча айтылат:

Ж. Б. Аири (G. B. Airy) 1855-жылы жердин үстүңкү катмарын суу үстүндө сүзгөн, тактайдан жасалган кайыкка окшотууга болот деген. Калың тактай бөлүктөрү ичке бөлүктөргө салыштырмалуу суунун өйдөрөөгүндө сүзүшөт. Ошол сыяктуу, жердин үстүңкү катмарынын калың тараптары да бир суюктук же калыңыраак болгон астыңкы катмарлардын үстүндө сүзөт. Аири тоолор түздүктөрдө болбогон азыраак тыгыздыктагы таштардан турган терең тамырларга ээ деп жактайт. Аири эмгектерин жарыкка чыгаргандан 4 жылдан кийин Пратт (J. H. Pratt) альтернативдүү бир гипотеза сунуштады... Бул гипотеза боюнча, тоолордун астындагы аскалуу тамырлар түздүктөрдүн астындагы аскалуу тамырлардан узун болгондуктан, азыраак тыгыздыкта болушу керек эле. Аири жана Праттын гипотезаларынын экөөсү тең жер бетиндеги тең салмаксыздыктардын жердин үстүңкү катмарындагы белгилүү бөлүктөрдөгү (тоолор жана түздүктөр) таштардын тыгыздыктарындагы айырма эсебинен тең салмактуулукка келээрин айтышкан. Мындай тең салмактуулук абалы «изостазия» деп айтылат.

Бүгүнкү күндө жер бетинин таштуу болгон үстүңкү катмары терең бузулуулар менен бузулган жана ээриген магманын үстүндө сүзүп жүргөн доскалар абалында майдаланган. Жердин өз огунун айланасында айлануу ылдамдыгы абдан жогору болгондуктан, сүзүп жүргөн доскалар эгер тоолордун жылдырбай туруучу таасири болбогондо, кыймылдуу абалда болмок. Мындай учурда жер бетинде топурак чогулбай, топуракта эч суу жыйылбай, эч бир өсүмдүк өнбөй, эч бир жол, үй курула албай калышы мүмкүн эле; кыскача айтканда, жердин бетинде жашоо мүмкүн болбой калышы мүмкүн эле. Бирок Аллахтын мээрими менен тоолор мыктар сыяктуу кызмат кылып, жер бетиндеги кыймылдуулукка бир топ тоскоол болушат.

Байкалгандай, заманбап геологиялык жана сейсмикалык изилдөөлөр натыйжасында аныкталган тоолордун абдан маанилүү бир кызматы кылымдар мурда түшүрүлгөн Курани Керимде Аллахтын жаратуусундагы терең илимге бир мисал катары берилген. Бир аятта мындай буюрулат:

خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ بِغَيْرِ عَمَدٍۢ تَرَوْنَهَا ۖ وَأَلْقَىٰ فِى ٱلْأَرْضِ رَوَٰسِىَ أَن تَمِيدَ بِكُمْ وَبَثَّ فِيهَا مِن كُلِّ دَآبَّةٍۢ ۚ وَأَنزَلْنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ فَأَنۢبَتْنَا فِيهَا مِن كُلِّ زَوْجٍۢ كَرِيمٍ ۝١٠

... Жерде болсо силерди чайпалтпасын деп чайпалбас тоолорду жаратты...
Локман Сүрөсү, 10

Эскертүүлөр

  1. http://www.wamy.co.uk/announcements3.html; Prof. Zighloul Raghib El-Naggar'ın konuşmasından.
  2. Carolyn Sheets, Robert Gardner, Samuel F. Howe, General Science, Allyn & Bacon Inc. Newton, Massachusetts, 1985, s. 305.
  3. http://www.beconvinced.com/science/QURANMOUNTAIN.htm
  4. Frank Press, Raymond Siever, Earth, 3. baskı, W. H. Freeman & Company, San Francisco, 1982, s. 413.
  5. M. J. Selby, Earth's Changing Surface, Clarendon Press, Oxford, 1985, s. 32.

Аяттарга шилтемелер