Энбия Сүрөсү, 104

Ааламдын аягы жана Биг кранч (Big Crunch)

Ааламдын жаратылышы, жогоруда да айтылгандай, Биг Бенг деп аталган чоң бир жарылуу менен башталган жана ошондон бери аалам кеңейүүдө.

2 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

Ааламдын жаратылышы, жогоруда да айтылгандай, Биг Бенг деп аталган чоң бир жарылуу менен башталган жана ошондон бери аалам кеңейүүдө. Илимпоздор аалам жыйындысы жетиштүү деңгээлге жеткенде, тартылуу күчү себебинен бул кеңейүүнүн токтоорун жана мунун ааламдын өз ичине чөгүп, кысылып башташына себеп болоорун айтышууда.

Ааламдын аягы жана Биг кранч (Big Crunch)

Кысылган ааламдын болсо аягында «Big Crunch» (Чоң кагылышуу, Биг кранч) деп аталган абдан жогорку бир температура жана кысылуу менен натыйжаланаарын айтышууда. Бул болсо биз билген бүт жашоо түрлөрү жок болот деген мааниге келет. Стэнфорд (Stanford) университетинин физика профессору Рената Каллош (Renata Kallosh) жана Андрей Линденин (Andrei Linde) бул жөнүндөгү түшүндүрмөсү мындай:

Ааламдын аягы кичирейүү жана жок болууну көздөй баратат. Көзгө көрүнгөн жана андан алыстардагы бизге көрүнбөгөн бүт нерселер бир протондон да кичинекей бир чекиттей кичирейет. Кара тешиктин ичинде турганыңыз сыяктуу... Кара энергияны эң жакшы төмөнкүдөй сүрөттөөгө болоорун түшүндүк: баскыч баскыч негативдүү абалга келген бул кара энергия ааламдын тең салмактуулугунун өзгөрүшүнө себеп болот жана кичирейип кыйрайт... Физиктер кара энергиянын негативдүү энергияга айланаарын жана ааламдын жакынкы бир келечекте кысылаарын билишет... Бирок бүгүнкү күндө биз бул кубулуштун башында эмес, балким ааламыбыздын жашоо циркуляциясынын ортосунда болушубуз мүмкүн экенин көрүп турабыз.

Big Crunch деп аталган бул илимий гипотезага Куранда мындайча ишарат кылынууда:

يَوْمَ نَطْوِى ٱلسَّمَآءَ كَطَىِّ ٱلسِّجِلِّ لِلْكُتُبِ ۚ كَمَا بَدَأْنَآ أَوَّلَ خَلْقٍۢ نُّعِيدُهُۥ ۚ وَعْدًا عَلَيْنَآ ۚ إِنَّا كُنَّا فَٰعِلِينَ ۝١٠٤

Ошол күнү Биз асманды китептин барактарын кабаттаган сыяктуу кабаттайбыз, алгачкы жолу жаратып баштаган сыяктуу кайра аны (мурдакы абалына) кайтарабыз. Бул Биздин милдетибиздеги убада. Албетте, Биз (муну) жасоочубуз.
Энбия Сүрөсү, 104

Башка бир аятта болсо асмандардын мындай абалы төмөнкүчө сүрөттөлүүдө:

وَمَا قَدَرُوا۟ ٱللَّهَ حَقَّ قَدْرِهِۦ وَٱلْأَرْضُ جَمِيعًۭا قَبْضَتُهُۥ يَوْمَ ٱلْقِيَٰمَةِ وَٱلسَّمَٰوَٰتُ مَطْوِيَّٰتٌۢ بِيَمِينِهِۦ ۚ سُبْحَٰنَهُۥ وَتَعَٰلَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ ۝٦٧

Алар Аллахтын кудуретин жакшылап (толугу менен) аңдап түшүнүшкөн жок. Чындыгында, Кыямат күнү жер толугу менен Анын уучунда, асмандар да оң колу менен түрүлүп бүктөлгөн болот. Ал шерик кошкондорунан таза жана Улуу.
Зүмер Сүрөсү, 67

Big Crunch теориясы боюнча, аалам алгач жай, бирок барган сайын ылдамдап чөгүп баштайт. Андан соң болсо аалам чексиз тыгыздык жана чексиз ысык температурада, чексиз кичинекей бир чекит абалына келет. Сүрөттөлгөн бул илимий теория Куран аяттарына дал келет. (Эң туурасын Аллах билет.)

Эскертүүлөр

  1. Philip Ball, "Black Crunch Jams Universal Cycle", Nature, 23 Aralık 2002; Dr. David Whitehouse, "Universe is 'doomed to collapse'", BBC News Online, 22 Ekim 2002, http://news.bbc.co.uk/1/hi/sci/tech/2346907.stm; Mark Schwartz, "Cosmic 'big crunch' could trigger an early demise of our universe", Stanford Report, 25 Eylül 2002.
  2. Philip Ball, "Black Crunch Jams Universal Cycle", Nature, 23 Aralık 2002; Dr. David Whitehouse, "Universe is 'doomed to collapse'", BBC News Online, 22 Ekim 2002, http://news.bbc.co.uk/1/hi/sci/tech/2346907.stm; Mark Schwartz, "Cosmic 'big crunch' could trigger an early demise of our universe", Stanford Report, 25 Eylül 2002.

Аяттарга шилтемелер