Зарият Сүрөсү, 47

Ааламдын кеңейиши

Астрономия илими али өнүгө элек бир доордо, 14 кылым мурда түшүрүлгөн Курани Керимде ааламдын кеңейиши жөнүндө мындайча билдирилет:

Куранда610–632
1297+ жылдан кийин
Ачылган1929

2 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

Астрономия илими али өнүгө элек бир доордо, 14 кылым мурда түшүрүлгөн Курани Керимде ааламдын кеңейиши жөнүндө мындайча билдирилет:

Ааламдын кеңейиши

وَٱلسَّمَآءَ بَنَيْنَٰهَا بِأَيْي۟دٍۢ وَإِنَّا لَمُوسِعُونَ ۝٤٧

Биз асманды «улуу бир күч менен» курдук жана албетте, Биз (аны) кеңейтүүчүбүз.
Зарият Сүрөсү, 47

Бул аяттагы «сема (асман)» сөзү Курандын көп жеринде космос жана аалам маанисинде колдонулат. Бул жерде да ушул мааниде колдонулган жана ааламдын кеңейүүчү экендиги билдирилген. Кыргызчага «Албетте, Биз кеңейтүүчүбүз (кеңейтип жатабыз)» деп которулган Арапча «инна ле мусиъуне» сүйлөмүндөгү «мусиъуне» сөзү «кеңейтүү» маанисине келген «евсеа» этишинен келип чыккан. «Ле» алдыңкы-мүчөсү болсо өзүнөн кийин келген ысым же сыпатка басым кошуп, «абдан көп, өтө» деген маанини кошот. Ошондуктан, бул сүйлөм «Биз асманды же ааламды өтө кеңейтип жатабыз» деген мааниге келет. Илимдин бүгүнкү жеткен жыйынтыгы да Куранда бизге билдирилген менен бирдей.

20-кылымдын баштарына чейин илим дүйнөсүндө өкүмчүлүк кылган бирден-бир көз-караш – бул «аалам туруктуу бир түзүлүшкө ээ жана түбөлүктөн бери уланып келүүдө» деген көз-караш эле. Бирок бүгүнкү күндүн технологиясы урматында жасалган изилдөө, байкоо жана эсептөөлөр ааламдын бир башталышы бар экенин жана тынымсыз «кеңейип баратканын» аныктады.

Орусиялык физик Александар Фридман (Alexander Friedmann) жана бельгиялык аалам таануучу Жорж Леметр (Georges Lemaitre) 20-кылымдын баштарында ааламдын тынымсыз кыймылда экенин жана кеңейип баратканын теориялык жактан эсептешти.

Бул чындык 1929-жылы байкоолор аркылуу да далилденди. Америкалык астроном Эдвин Хаббл (Edwin Hubble) ири бир телескоп менен асманды изилдеп жатып, жылдыздардын жана галактикалардын тынымсыз бири-биринен алыстап баратканын байкады. Бул ачылыш астрономия тарыхынын эң чоң ачылыштарынын бири деп саналууда. Хаббл бул изилдөөлөр учурунда жылдыздардын алыстыгына жараша кызыл түскө жакындаган бир жарык чыгарганын аныктады. Себеби белгилүү болгон физика мыйзамдары боюнча байкоо жасалган чекитти көздөй кыймылдаган жарыктардын спектри кырмызы түстү көздөй, байкоо жасалган чекиттен алыстаган жарыктардын спектри болсо кызыл түстү көздөй өзгөрөт. Хабблдын байкоолору учурунда болсо жылдыздардын нурларында кызылды көздөй бир өзгөрүү байкалган. Кыскача айтканда, жылдыздар тынымсыз алыстап баратышкан эле.

Ааламдын кеңейишиАаламдын кеңейиши

Жылдыздар жана галактикалар бир гана бизден эмес, бири-биринен да алыстап баратышкан. Бүт баары бири-биринен алыстаган бир аалам болсо тынымсыз «кеңейип бараткан» бир аалам деген мааниге келет. Ааламдын кеңейип бараткандыгы кийинки жылдардагы байкоолор менен да тастыкталды.

Муну жакшыраак түшүнүү үчүн ааламды желденип жаткан бир шардын бетине окшоштурууга болот. Шардын бетиндеги чекиттердин шар чоңойгон сайын бири-биринен алысташы сыяктуу, ааламдагы планеталар да аалам кеңейген сайын бири-биринен алыстоодо. Негизи бул чындык 20- кылымдын эң улуу илимпоздорунун бири деп саналган Альберт Эйнштейн тарабынан да теориялык жактан табылган эле. Бирок Эйнштейн ал доордо көпчүлүк тарабынан кабыл алынган «туруктуу аалам моделине» каршы чыкпоо үчүн бул ачылышын бир бурчка таштап койгон. Эйнштейн бул кылганын кийинчерээк «жашоомдун эң чоң катасы» деп айткан.

Бул илимий чындык али эч бир адам тарабынан билине электе Куранда кылымдар мурда айтылган. Себеби Куран – бул бүт ааламдын жаратуучусу жана ээси болгон Аллахтын сөзү.

Эскертүүлөр

  1. S. Waqar Ahmed Husaini, The Quran for Astronomy and Earth Exploration from Space, Goodword Press, 3. baskı, New Delhi, 1999, ss. 103-108.
  2. http://www.time.com/time/time100/scientist/profile/hubble…

Аяттарга шилтемелер