Фуссилет Сүрөсү, 10-11
Ысык түтүндөн жаралуу
Учурда илимпоздор жылдыздардын түтүндөн, ысык бир газ булутунан, пайда болооруна күбө болушууда. Ысык газ жыйындысынан пайда болуу ааламдын жаратылуусуна да тиешелүү.
Учурда илимпоздор жылдыздардын түтүндөн, ысык бир газ булутунан, пайда болооруна күбө болушууда. Ысык газ жыйындысынан пайда болуу ааламдын жаратылуусуна да тиешелүү. Куранда да ааламдын жаратылуусу бул илимий ачылыштарды тастыктай турган абалда сүрөттөлгөн:
وَجَعَلَ فِيهَا رَوَٰسِىَ مِن فَوْقِهَا وَبَٰرَكَ فِيهَا وَقَدَّرَ فِيهَآ أَقْوَٰتَهَا فِىٓ أَرْبَعَةِ أَيَّامٍۢ سَوَآءًۭ لِّلسَّآئِلِينَ ١٠ ثُمَّ ٱسْتَوَىٰٓ إِلَى ٱلسَّمَآءِ وَهِىَ دُخَانٌۭ فَقَالَ لَهَا وَلِلْأَرْضِ ٱئْتِيَا طَوْعًا أَوْ كَرْهًۭا قَالَتَآ أَتَيْنَا طَآئِعِينَ ١١
Ал жакта (жерде) анын бетинде чайпалбас тоолорду жаратты, анда берекелерди жаратты жана каалап-издегендер үчүн тең кылып ал жердеги ырыскыларды төрт күндө жаратты. Андан соң түтүн абалындагы асманга кайрылды; ага жана жерге мындай деди: «Каалап же каалабастан келгиле (моюн сунгула).» Экөөсү тең: «Каалап (баш ийип) келдик» дешти.
Бул аятта «асман» деп которулган «сема» сөзү менен бүт аалам айтылууда. Аятта «түтүн» деп которулган «духанун» сөзү болсо учурда илимпоздор кабыл алган, ааламдын калыптанышынан мурдакы затты, ааламдын жаратылуусундагы ошол космостук жана ысык бир түтүндү сүрөттөөдө. Катуу заттарга жабышып учкан бөлүкчөлөрдү камтыган, газ абалындагы масса болгон мындай түтүн абалы аяттагы сөз менен толук сүрөттөлөт. Байкалгандай, Куранда ааламдын бул баскычтагы көрүнүшүн сүрөттөгөн эң ылайыктуу сөз колдонулган. Илимпоздор болсо ааламдын түтүн абалындагы ысык бир газ массасынан пайда болгонун 20-кылымда гана аныкташты.
Мындан тышкары, «кийин түтүн абалындагы асманга кайрылды» сүйлөмүндөгү «кийин» деп которулган «сүмме» сөзүнүн «мунун ордуна, мындан башка, мындан тышкары, анын үстүнө, кайра, дагы бир жолу» сыяктуу башка маанилери да бар. Бул жерде «сүмме» сөзү бир убакыт маанисинде эмес, кошумча түшүндүрмө үчүн колдонулууда. Ааламдын жаратылуусу жөнүндөгү мындай бир маалыматтын Куранда билдирилиши, албетте, Курандын илимий бир керемети.
Эскертүүлөр
- Mahdi La'li, A Comprehensive Exploration of the Scientific Mireacles in Holy Qur'an, Trafford, Kanada, 2003, ss. 35-38.
- Ebu'l-A'lâ Mevdûdî, Tefhimu'l Kur'an; http://www.enfal.de/tefhim/)


