Нур Сүрөсү, 45

Адамдын суудан жаратылуусу

Жандуулардын жана адамдын жаратылуусу жөнүндөгү аяттарды караганыбызда бул жаратылуулардын кереметтүү болгонун апачык көрөбүз. Мындай кереметтүү жаратылуу формаларынын бири – бул жандуулардын суудан жаратылышы.

1 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

وَٱللَّهُ خَلَقَ كُلَّ دَآبَّةٍۢ مِّن مَّآءٍۢ ۖ فَمِنْهُم مَّن يَمْشِى عَلَىٰ بَطْنِهِۦ وَمِنْهُم مَّن يَمْشِى عَلَىٰ رِجْلَيْنِ وَمِنْهُم مَّن يَمْشِى عَلَىٰٓ أَرْبَعٍۢ ۚ يَخْلُقُ ٱللَّهُ مَا يَشَآءُ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرٌۭ ۝٤٥

Аллах жандуулардын баарын суудан жаратты. Алардын кээ бирлери курсагы менен сойлоп жүрөт, кээ бирлери эки буту менен жүрөт, кээ бирлери болсо төрт буту менен жүрүүдө. Аллах каалаганын жаратат. Эч шексиз, Аллах – бүт нерсеге кудуреттүү.
Нур Сүрөсү, 45

أَوَلَمْ يَرَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ أَنَّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ كَانَتَا رَتْقًۭا فَفَتَقْنَٰهُمَا ۖ وَجَعَلْنَا مِنَ ٱلْمَآءِ كُلَّ شَىْءٍ حَىٍّ ۖ أَفَلَا يُؤْمِنُونَ ۝٣٠

Ал каапырлар билишпейби, (башында) асмандар менен жер бири-бирине жабышкан (бириккен) болчу, Биз аларды бөлдүк жана бүт жандыктарды суудан жараттык. Дагы эле алар ишенишпейби (ыйман келтиришпейби)?
Энбия Сүрөсү, 30

وَهُوَ ٱلَّذِى خَلَقَ مِنَ ٱلْمَآءِ بَشَرًۭا فَجَعَلَهُۥ نَسَبًۭا وَصِهْرًۭا ۗ وَكَانَ رَبُّكَ قَدِيرًۭا ۝٥٤

Жана адамды бир суудан жаратып, аны тек-назил жана куда-сөөк кылып койгон Зат. Сенин Раббиң Кудуреттүү.
Фуркан Сүрөсү, 54

Жандуулардын жана адамдын жаратылуусу жөнүндөгү аяттарды караганыбызда бул жаратылуулардын кереметтүү болгонун апачык көрөбүз. Мындай кереметтүү жаратылуу формаларынын бири – бул жандуулардын суудан жаратылышы. Көптөгөн аятта апачык айтылган бул маалыматка адамдардын жете алышы болсо кылымдардан соң микроскоптун табылышы менен гана мүмкүн болгон.

Адамдын суудан жаратылуусу

Учурда эң негизги энциклопедияларда «суу – жандуу нерсенин эң чоң элементи. Жандуу организмдердин салмагынын 50-90%ы суу» деген сүйлөмдөр орун алууда. Мындан тышкары, бардык биология китептеринде сөз болгон стандарттуу бир жаныбар клеткасынын цитоплазмасы (клетканын негизги заты) да 80% суудан турат. Цитоплазманын анализ кылынып, илимий булактарга жазылышы Курандын түшүрүлүшүнөн бир топ кылымдардан соң ишке ашкан. Ошондуктан, учурда илим дүйнөсү кабыл алган бул чындыктын Куран түшүрүлгөн доордо билиниши, албетте, мүмкүн эмес эле. Бирок ошого карабастан адамдардын ачылыш жасашынан 14 кылым мурда Куранда бул маалыматка көңүл бурулган.

Аяттарга шилтемелер