Алак Сүрөсү, 15-16

Кыймыл-аракеттерибизди башкарган аймак

Бул аяттардагы «жалганчы, күнөөкөр болгон маңдайынан» сөзү абдан терең маанилүү. Себеби акыркы жылдары жасалган изилдөөлөр баштын алдыңкы маңдай аймагында мээнин кээ бир кыймыл-аракеттерди башкаруучу бөлүмүнүн бар экенин…

1 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

كَلَّا لَئِن لَّمْ يَنتَهِ لَنَسْفَعًۢا بِٱلنَّاصِيَةِ ۝١٥ نَاصِيَةٍۢ كَٰذِبَةٍ خَاطِئَةٍۢ ۝١٦

Жок; эгер (ал мындай мамилесин) токтотпосо, ант болсун, аны маңдай чачынан кармап (тозокко) айдайбыз; ошол жалганчы, күнөөкөр болгон маңдайынан.
Алак Сүрөсү, 15-16

Бул аяттардагы «жалганчы, күнөөкөр болгон маңдайынан» сөзү абдан терең маанилүү. Себеби акыркы жылдары жасалган изилдөөлөр баштын алдыңкы маңдай аймагында мээнин кээ бир кыймыл-аракеттерди башкаруучу бөлүмүнүн бар экенин көрсөткөн. 1400 жыл мурда Куранда көңүл бурулган бул аймак жана анын кызматы жөнүндөгү маалыматтарга учурдагы илимпоздор акыркы 60 жыл ичинде гана түшүндүрмө бере алышты. Баштын ичине, баштын алдыңкы бөлүгүн караганда мээнин алдыңкы маңдай аймагын көрөбүз. Бул аймактын функциялары жөнүндө физиология тармагында жүргүзүлгөн изилдөөлөр натыйжасында алынган маалыматтар Essentials of Anatomy and Physiology (Анатомия жана физиологиянын негиздери) аттуу китепте мындайча айтылган:

Кыймыл-аракеттерибизди башкарган аймак

Кыймылдардын мотивациясы, пландоонун башталышы маңдайларынын алдыңкы тарабы болгон алдыңкы маңдай аймагында (cerebrum) ишке ашат. Бул жер биримдик кортексинин бир аймагы...

Китепте бул аймак жөнүндө мындай маалыматтар да бар:

Кыймыл менен болгон байланышы менен бирге алдыңкы маңдай аймагы ошол эле учурда ачуулануунун (кол салуунун) да функционалдык борбору деп кабыл алынууда...

Бул түшүндүрмөлөрдөн да байкалгандай мээнин алдыңкы маңдай аймагы пландоо, мотивация жана жакшы же жаман кыймылдардын баштатылышы, калп же чындыктын айтылышы менен байланыштуу бардык кыймыл-аракеттерди жүргүзүүдө.

Байкалгандай, Алак Сүрөсүндөгү «жалганчы, күнөөкөр болгон маңдай» сөзү жогорудагы түшүндүрмөлөргө абдан окшошот. Илимпоздор акыркы алтымыш жыл ичинде аныктаган ушул сыяктуу илимий чындыктарды Аллах Куран аяттарында кылымдар мурда адамдарга билдирген.

Эскертүүлөр

  1. Rod R. Seeley, Trent D. Stephens, Philip Tate, Essentials of Anatomy & Physiology, 2. baskı, Mosby-Year Book Inc., St. Louis, 1996, s. 211; Charles R. Noback, N. L. Strominger, R. J. Demarest, The Human Nervous System, Introduction and Review, 4. baskı, Lea & Febiger, Philadelphia, 1991, ss. 410-411.
  2. Rod R. Seeley, Trent D. Stephens, Philip Tate, Essentials of Anatomy & Physiology, 2. baskı, Mosby-Year Book Inc., St. Louis, 1996, s. 211; Charles R. Noback, N. L. Strominger, R. J. Demarest, The Human Nervous System, Introduction and Review, 4. baskı, Lea & Febiger, Philadelphia, 1991, ss. 410-411.

Аяттарга шилтемелер