Мүминун Сүрөсү, 12-14
Адамдын төрөлүшү
Куранда адамдар ыйман келтирүүгө чакырылып жатканда, абдан башка башка нерселер жөнүндө сөз болот. Аллах кээде асмандарды, кээде жер бетин, кээде жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү адамдарга далил катары көрсөтөт.
Куранда адамдар ыйман келтирүүгө чакырылып жатканда, абдан башка башка нерселер жөнүндө сөз болот. Аллах кээде асмандарды, кээде жер бетин, кээде жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү адамдарга далил катары көрсөтөт. Дагы көптөгөн аяттарда адамдын түздөн-түз өз жаратылышына карашы кеңеш кылынат. Адамдын кандайча жер бетине келгени, кайсы баскычтардан өткөнү жана негизги затынын эмне экени кайра кайра эске салынат. Мисалы, төмөндөгү аяттарда мындайча буюрулууда:

نَحْنُ خَلَقْنَٰكُمْ فَلَوْلَا تُصَدِّقُونَ ٥٧ أَفَرَءَيْتُم مَّا تُمْنُونَ ٥٨ ءَأَنتُمْ تَخْلُقُونَهُۥٓ أَمْ نَحْنُ ٱلْخَٰلِقُونَ ٥٩
Силерди Биз жараттык, дагы эле тастыктабайсыңарбы? (Жатындарга) куюлуп жаткан манини (сперманы) көрдүңөрбү? Аны силер жаратып жатасыңарбы, же Биз жаратып жатабызбы?
Адамдын жаратылуусундагы кереметтүү тараптан дагы көптөгөн аяттарда баса айтылат. Бирок мындай басымдар арасында ушундай маалыматтар бар, аларды 7-кылымда жашаган адамдардын билиши эч мүмкүн эмес. Мына алардын кээ бирлери:
1) Адам мани (сперма) суюктугунун баарынан эмес, тескерисинче абдан кичинекей бир бөлүгүнөн (спермадан) жаратылат.
2) Наристенин жынысын эркек аныктайт.
3) Адамдын эмбриону жатынга бир сүлүк (курт) сыяктуу жабышат.
4) Адам эне жатынында үч караңгы аймак ичинде өрчүйт.
Бул маалыматтар Куран түшүрүлгөн доордо билиниши мүмкүн болбогон жана байкоо жасоого да мүмкүн болбогон маалыматтар. Буларды түшүнүү 20-кылымдын технологиясы менен гана мүмкүн болду.
Эми бул маалыматтарды катары менен анализ кылалы.
Маниден бир тамчы
Спермалар жумурткага жеткенге чейин эненин денесинде жолоочулук кылышат. Бул сапарда 250 миллион спермадан болгону миңге жакыны гана жумурткага жете алат. Беш мүнөттөн соң аяктай турган жарыштын аягында жарым туз даанасындай чоңдуктагы жумуртка спермалардын бирөөсүн гана кабыл алат. Б.а. адамдын маңызы манинин баары эмес, анын кичинекей бир бөлүгү гана. Куранда бул чындык Кыямат Сүрөсүндөгү аяттарда мындайча баяндалат:
أَيَحْسَبُ ٱلْإِنسَٰنُ أَن يُتْرَكَ سُدًى ٣٦ أَلَمْ يَكُ نُطْفَةًۭ مِّن مَّنِىٍّۢ يُمْنَىٰ ٣٧
Адам «өз башымча жана жоопкерчиликсизмин» деп ойлойбу? Өзү куюлган маниден бир тамчы суу эмес беле?
Көңүл бурулган болсо Куранда адамдын манинин баарынан эмес, анын ичинен алынган кичинекей бир бөлүкчөдөн пайда болгону билдирилүүдө. Бул аяттагы атайын басымдын заманбап илим тарабынан гана ачылган бир чындыкты билдириши Курандын Аллахтын сөзү экенинин далили.
Манидеги аралашма
Мани деп аталган жана спермаларды алып жүрүүчү азыктандыруучу суюктук спермалардан гана турбайт. Тескерисинче мани бири-биринен айырмалуу суюктуктардын аралашмасынан турат. Мани – бул сперма каналдарынан, уруктук көбүкчөлөрдөн, простат безинен, сийдик каналдарына байланыштуу бөлүп чыгаруучу бездерден чыгарылган заттардын бир аралашмасы. Мани деп аталган суюктук терең анализ кылынса, бул суюктуктун лимон кислотасы, простоглодиндер, флавиндер, аскорбин кислотасы, эрготионеин (ergotionein), фруктоза, фосфорилхолин, холестерин, фосфолипиддер, фибринолизин, цинк, фосфатаз кислота, фосфаз, гиалуронидаз жана спермалар сыяктуу көптөгөн ар башка компоненттерден турат. Бул суюктуктардын сперма муктаж болгон энергияны камсыз кыла турган шекерге ээ болуу, эне жатынынын кире беришиндеги кислоталарды нейтралдаштыруу, сперма кыймылдай турган тайгалак чөйрөнү камсыздоо сыяктуу кызматтары бар.
Куранда мани жөнүндө сөз болуп жатканда, заманбап илим ортого койгон бул чындыкка да ишарат кылынууда жана мани «аралаш» бир суюктук катары сүрөттөлүүдө:
إِنَّا خَلَقْنَا ٱلْإِنسَٰنَ مِن نُّطْفَةٍ أَمْشَاجٍۢ نَّبْتَلِيهِ فَجَعَلْنَٰهُ سَمِيعًۢا بَصِيرًا ٢
Шексиз, Биз адамды аралашма бир тамчы суудан жараттык. Аны сынап жатабыз. Ошондуктан аны угуучу жана көрүүчү кылдык (кулак, көз бердик).
Башка аяттарда да манинин аралашма экенине ишарат кылынып, адамдын болсо бул аралашманын «маңызынан» жаратылганына басым жасалат:
ٱلَّذِىٓ أَحْسَنَ كُلَّ شَىْءٍ خَلَقَهُۥ ۖ وَبَدَأَ خَلْقَ ٱلْإِنسَٰنِ مِن طِينٍۢ ٧ ثُمَّ جَعَلَ نَسْلَهُۥ مِن سُلَٰلَةٍۢ مِّن مَّآءٍۢ مَّهِينٍۢ ٨
Ал – жараткан бүт нерсесин эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган (Зат). Кийин анын урпагын бир маңыздан, болгону бир суудан жасаган.
Бул жерде «маңыз» деп которулган Арапча «сулале» сөзү маңыз же болбосо бир нерсенин эң жакшы бөлүгү маанисине келет. Кайсы мааниси каралса да, «бир бүтүн нерсенин бир бөлүгү» маанисине келет. Бул абал Курандын адамдын жаратылуусун эң майда-чүйдөсүнө чейин билген Аллахтын сөзү экендигин апачык көрсөтүүдө.
Наристенин жынысы
Жакынкы жылдарга чейин эле адамдар наристенин жынысы эне клеткалары тарабынан аныкталат деп ойлошчу. Же болбосо, жок дегенде эне жана атадан келген клеткалар чогуу жынысты аныкташат деп кабыл алынчу. Бирок Куранда бул жөнүндө башкача бир маалымат берилген жана эркектик жана аялдыктын «жатынга куюлган маниден» жаратылаары билдирилген:
وَأَنَّهُۥ خَلَقَ ٱلزَّوْجَيْنِ ٱلذَّكَرَ وَٱلْأُنثَىٰ ٤٥ مِن نُّطْفَةٍ إِذَا تُمْنَىٰ ٤٦
Чынында жуптарды; эркек жана аялды Ал жараткан. Бир тамчы суудан (жатынга) мани куюлганда.
أَلَمْ يَكُ نُطْفَةًۭ مِّن مَّنِىٍّۢ يُمْنَىٰ ٣٧ ثُمَّ كَانَ عَلَقَةًۭ فَخَلَقَ فَسَوَّىٰ ٣٨ فَجَعَلَ مِنْهُ ٱلزَّوْجَيْنِ ٱلذَّكَرَ وَٱلْأُنثَىٰٓ ٣٩
Өзү куюлган маниден бир тамчы суу эмес беле? Анан бир алак (эмбрион) болду, анан (Аллах аны) жаратты жана бир «көрктүү калып берди.» Ошентип андан эркек жана аял кылып жуп жасады.
Куранда берилген бул маалыматтын тууралыгы генетика жана микробиология илимдеринин өнүгүшү менен илимий тараптан да далилденди. Жыныстын толугу менен эркектен келген сперма клеткалары тарабынан аныкталаары, аялдын болсо бул процессте эч бир ролунун жок экени аныкталды.
Жыныстын аныкталышындагы фактор – бул хромосомалар. Адамдын түзүлүшүн аныктаган 46 хромосомадан экөөсү жыныстык хромосома деп аталат. Бул эки хромосома эркекте ХҮ, аялда болсо ХХ деп аталат. Мунун себеби бул хромосомалардын бул тамгаларга окшош болушу. Ү хромосомасы эркектик, Х хромосомасы болсо аялдык гендерди алып жүрөт.
Бир адамдын пайда болушу эркек жана аялда жуптар абалында орун алган бул хромосомалардын бир бир даанасынын биригиши менен башталат. Аялда жумурткалоо учурунда экиге бөлүнгөн жыныстык клетканын эки бөлүгү тең Х хромосомасын алып жүрөт. Ал эми эркекте болсо экиге бөлүнгөн жыныстык клетка Х жана Ү хромосомаларын камтыган эки башка сперманы пайда кылат. Аялдагы Х хромосомасы, эгер эркектеги Х хромосомасын камтыган сперма менен бириксе, анда туула турган наристе кыз болот. Эгер Ү хромосомасын камтыган сперма менен бириксе, анда туула турган наристе эркек болот.
Башкача айтканда, туула турган баланын жынысы эркектеги хромосомалардын кайсынысынын аялдын жумурткасы менен биригишинен көз-каранды.
Албетте, генетика илими пайда болгонго чейин, т.а. 20-кылымга чейин булардын эч бири белгилүү эмес болчу. Тескерисинче, көп маданиятта туула турган наристенин жынысы аялдын денеси тарабынан аныкталат деген ишеним кеңири тараган эле. Ал тургай, ушул себептен кыз төрөгөн аялдар сындалышчу.
Ал эми Куранда болсо адамдарга гендердин ачылышынан 14 кылым мурда бул батыл (негизсиз) ишенимди жокко чыгарган бир маалымат берилип, жыныстын булагынын аял эмес, эркектен келген мани экендиги билдирилген.
Жатынга асылып кармалып турчу «алак»
Курандын адамдын пайда болушу жөнүндө берген маалыматтарын изилдөөнү улантканыбызда, дагы кээ бир абдан маанилүү илимий кереметтерге жолугабыз.
Эркектен келген сперма жана аялдагы жумуртка кошулганда, төрөлө турган наристенин алгачкы маңызы да пайда болгон болот. Биологияда «зигота» деп аталган бул жалгыз клетка эч убакыт коротпостон бөлүнүп көбөйөт жана акырындап кичинекей бир «эт бөлүкчөсү» абалына келет.
Бирок зигота мындай чоңойушун боштукта ишке ашырбайт. Жатындын капталына асылып карманат. Бутакчалары урматында топуракка жайгашкан тамырлар сыяктуу ал жерге жабышат. Мындай байланыш урматында болсо өрчүшү үчүн муктаж болгон заттарды эненин денесинен ала алат. Мына ушул жерде абдан маанилүү бир Курандын керемети байкалат. Аллах Куранда эне жатынына карманып, өнүгүп баштаган зигота жөнүндө сөз кылганда, «алак» сөзүн колдонууда:
ٱقْرَأْ بِٱسْمِ رَبِّكَ ٱلَّذِى خَلَقَ ١ خَلَقَ ٱلْإِنسَٰنَ مِنْ عَلَقٍ ٢ ٱقْرَأْ وَرَبُّكَ ٱلْأَكْرَمُ ٣
Жараткан Раббиңдин аты менен оку. Ал адамды бир «алактан» жаратты. Оку, Раббиң эң улуу берешен (Зат).
«Алак» сөзүнүн Арап тилиндеги мааниси болсо «бир жерге асылып карманган нерсе» деген мааниге келет. Ал тургай, бул сөз негизи териге жабышып, ал жерден кан соргон сүлүктөр үчүн колдонулат.
Албетте, эненин курсагында өрчүп жаткан зиготаны мындай өзгөчөлүгү менен сүрөттөгөн бир сөздүн колдонулушу Курандын ааламдардын Рабби болгон Аллахтын сөзү экенин дагы бир жолу далилдөөдө.
Сөөктөрдүн эт (булчуң) менен оролушу
Куран аяттарында кабар берилген дагы бир маанилүү маалымат болсо – бул адамдын эне жатынындагы өрчүү баскычтары. Аяттарда эне курсагында алгач сөөктөрдүн пайда болоору, андан соң булчуңдар пайда болуп, бул сөөктөрдү ороору мындайча билдирилүүдө:
ثُمَّ خَلَقْنَا ٱلنُّطْفَةَ عَلَقَةًۭ فَخَلَقْنَا ٱلْعَلَقَةَ مُضْغَةًۭ فَخَلَقْنَا ٱلْمُضْغَةَ عِظَٰمًۭا فَكَسَوْنَا ٱلْعِظَٰمَ لَحْمًۭا ثُمَّ أَنشَأْنَٰهُ خَلْقًا ءَاخَرَ ۚ فَتَبَارَكَ ٱللَّهُ أَحْسَنُ ٱلْخَٰلِقِينَ ١٤
Кийин ал суу тамчысын бир алак (клетка жыйындысы) кылып жараттык; анан ал алакты бир тиштем эт кылып жараттык; андан соң ал бир тиштем этти сөөк кылып жараттык; ошентип сөөктөргө эт кийгиздик; андан соң башка бир келбетте аны жасадык. Жаратуучулардын эң сонуну болгон Аллах кандай Улук.
Эне курсагындагы өрчүүнү изилдеген илим тармагы – бул эмбриология. Жана эмбриология тармагында жакынкы убакка чейин сөөктөр менен булчуңдар бирге пайда болуп, өрчүйт деп кабыл алынып келген эле. Бирок өнүккөн технология урматында жасалган тереңирээк микроскопиялык изилдөөлөр Куранда билдирилгендердин толугу менен туура экенин аныктады.
Бул микроскопиялык изилдөөлөр эне курсагында толугу менен аяттарда сүрөттөлгөндөй бир өрчүүнүн ишке ашаарын көрсөтүүдө. Алгач эмбриондогу тарамыш кыртышы сөөккө айланат. Андан соң болсо булчуң клеткалары сөөктөрдүн айланасындагы кыртыштан тандалып, топтолот жана бул сөөктөрдү оройт.
Бул абал Developing Human (Өрчүүчү адам) аттуу илимий бир эмгекте мындайча сүрөттөлгөн:

6-жумада тарамышташуунун уландысы катары алгачкы сөөктөшүү акырек сөөгүндө пайда болот. 7-жуманын аягында узун сөөктөрдө да сөөктөшүү башталган болот. Сөөктөр пайда болуусун улантып жатканда, булчуң клеткалары сөөктү курчаган кыртыштан тандалып булчуң жыйындысын пайда кылат. Булчуң кыртышы ушундайча сөөктүн айланасында алдыңкы жана арткы булчуң топторуна бөлүнөт.
Кыскача айтканда, Куранда сүрөттөлгөн өрчүү баскычтары заманбап эмбриологиянын табылгаларына толук дал келет.
Наристенин жатындагы үч караңгы баскычы
Куранда адамдын эне курсагында үч баскычтуу бир жаратылуу менен жаратылганы билдирилүүдө:
خَلَقَكُم مِّن نَّفْسٍۢ وَٰحِدَةٍۢ ثُمَّ جَعَلَ مِنْهَا زَوْجَهَا وَأَنزَلَ لَكُم مِّنَ ٱلْأَنْعَٰمِ ثَمَٰنِيَةَ أَزْوَٰجٍۢ ۚ يَخْلُقُكُمْ فِى بُطُونِ أُمَّهَٰتِكُمْ خَلْقًۭا مِّنۢ بَعْدِ خَلْقٍۢ فِى ظُلُمَٰتٍۢ ثَلَٰثٍۢ ۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ رَبُّكُمْ لَهُ ٱلْمُلْكُ ۖ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ فَأَنَّىٰ تُصْرَفُونَ ٦
... Силерди энелериңердин курсактарында, үч караңгылык ичинде, бир жаратылыштан соң (башка бир) жаратылышка (айлантып) жаратууда. Мына Раббиңер болгон Аллах ушул, мүлк Ага тиешелүү. Андан башка кудай (илах) жок. Ушуга карабастан, кантип бурулуп кетүүдөсүңөр?
Бул аятта кыргыз тилине «үч караңгылык ичинде», «үч кабат караңгылык ичинде» деп которулган Арап тилиндеги «фи зулуматин селасин» сүйлөмү эмбриондун өрчүү учурундагы үч караңгы аймакка ишарат кылууда. Бул аймактар катары менен:
a) Курсак тосмосунун караңгылыгы б) Жатын тосмосунун караңгылыгы в) Амниотикалык мембрана (тондун) караңгылыгы.
Байкалгандай, учурда заманбап биология наристенин эмбриологиялык өнүгүшүнүн жогорудагы аятта билдирилгендей үч ар башка караңгы аймакта ишке ашаарын ортого койгон. Мындан тышкары, эмбриология тармагындагы өнүгүүлөр бул аймактардын да үчтөн катмардан тураарын көрсөткөн.
Курсак тосмосу үч катмардан турат: тышкы булчуң катмарлары, ички булчуң катмарлары, кайчылаш булчуңдар.
Ошол сыяктуу жатын тосмосу да үч катмардан турат: эпиметрия, миометрия жана эндометрия.
Ошондой эле, эмбрионду курчаган тон да үч катмардан турат: амнион (жатында түйүлдүктү орогон эң ички кабыкча- amnion), хорион (ортоңку амнион кабыкчасы- chorion) жана децидуалдык кабыкча (сырткы амнион кабыкчасы- decidua).
Мындан тышкары, аятта адамдын эне курсагында бири-биринен айырмалуу үч башка баскычта өрчүшүнө ишарат кылынууда.
Чынында эле учурда заманбап биология наристенин эне курсагындагы эмбриологиялык өрчүшүнүн үч баскычта ишке ашаарын да аныктаган. Учурда медицина факультеттеринде окуу китеби катары окутулган бардык эмбриология китептеринде бул маалымат эң негизги маалыматтар арасында орун алат. Мисалы, эмбриология жөнүндөгү негизги китептердин бири болгон Basic Human Embryology (Адам эмбриологиясынын негиздери) аттуу китепте бул чындык мындайча айтылат:
Жатындагы жашоо 3 БАСКЫЧТАН турат; преэмбрионалдык (алгачкы 2,5 жума), эмбрионалдык (8-жуманын аягына чейин) жана феталдык (8-жумадан төрөлгөнгө чейин).
Бул баскычтар наристенин ар башка өрчүү баскычтарын камтыйт. Бул үч өрчүү баскычынын негизги өзгөчөлүктөрү кыскача төмөнкүдөй: - Преэмбрионалдык баскыч:
Бул алгачкы баскычта зигота бөлүнүп көбөйөт, бир клетка жыйындысы абалына келген соң өзүн жатын капталына көмөт. Клеткалар көбөйүшүн улантып жатып, 3 катмар абалында уюшулушат.
- Эмбриондук баскыч:
Экинчи баскыч жалпысынан 5,5 жума уланат жана бул учурда жандык «эмбрион» деп аталат. Бул баскычта клетка катмарларынан дененин негизги орган жана системалары пайда болот.
- Феталдык баскыч:
Бул баскычка кирилгенде, эмбрион эми «түйүлдүк» (плод) деп аталат. Бул период кош бойлуулуктун 8-жумасынан башталат жана наристе төрөлгөнгө чейин уланат. Мурдакы баскычтан айырмасы – бул түйүлдүктүн жүзү, колдору жана буттары пайда болуп белгилүү, адамдын сырткы көрүнүшүнө ээ бир жандык болушу. Бул периоддун башында бою 3 см болгонуна карабастан, бардык органдары пайда болгон болот. Бул период 30 жумадай уланат жана өрчүү төрөлүү жумасына чейин уланат.
Эне жатынындагы өрчүү жөнүндөгү бул маалыматтар заманбап технологиялык аспаптар менен жасалган байкоолор урматында гана алына алды. Бирок байкалгандай, бул маалыматтарга да, башка дагы көптөгөн илимий чындык сыяктуу, кереметтүү абалда Куран аяттарында көңүл бурулган. Адамзат медицина темаларында эч кандай терең маалыматка ээ болбогон бир доордо Куранда мынчалык терең жана туура маалыматтардын берилген болушу – албетте, Курандын Аллахтын сөзү экенинин апачык бир далили.
Булактар
- Moore, Keith L., E. Marshall Johnson, T. V. N. Persaud, Gerald C. Goeringer, Abdul-Majeed A. Zindani, and Mustafa A. Ahmed, 1992, Human Development as Described in the Qur'an and Sunnah, Makkah, Commission on Scientific Signs of the Qur'an and Sunnah, p. 36
- Moore, Developing Human, 6. edition,1998.
- Williams P., Basic Human Embryology, 3. edition, 1984, p. 64.


