Сад Сүрөсү, 71-72

Ылайдан жаратылуу

Аллах Куранда адамдын жаратылуусунун кереметтүү бир формада болгонун билдирет. Алгачкы адам Аллахтын ылайды калыпка салып, адам денеси абалына келтириши жана андан соң бул денеге рух үйлөшү менен жаратылган:

1 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

Аллах Куранда адамдын жаратылуусунун кереметтүү бир формада болгонун билдирет. Алгачкы адам Аллахтын ылайды калыпка салып, адам денеси абалына келтириши жана андан соң бул денеге рух үйлөшү менен жаратылган:

Ылайдан жаратылуу

إِذْ قَالَ رَبُّكَ لِلْمَلَٰٓئِكَةِ إِنِّى خَٰلِقٌۢ بَشَرًۭا مِّن طِينٍۢ ۝٧١ فَإِذَا سَوَّيْتُهُۥ وَنَفَخْتُ فِيهِ مِن رُّوحِى فَقَعُوا۟ لَهُۥ سَٰجِدِينَ ۝٧٢

Раббиң периштелерге: «Чынында Мен ылайдан бир адам жаратам» деп айткан эле. «Ага бир калып берип, ага Рухумдан үйлөгөнүмдө силер ал үчүн ылдам сажда кылгыла.
Сад Сүрөсү, 71-72

فَٱسْتَفْتِهِمْ أَهُمْ أَشَدُّ خَلْقًا أَم مَّنْ خَلَقْنَآ ۚ إِنَّا خَلَقْنَٰهُم مِّن طِينٍۢ لَّازِبٍۭ ۝١١

Эми алардан сурачы: аларды жаратуу кыйыныраакпы, же Биздин жараткандарыбыздыбы? Чынында Биз аларды жабышчаак бир ылайдан жараттык.
Саффат Сүрөсү, 11

Учурда адамдын кыртыштары изилденгенде, жер бетинде болгон көптөгөн элементтин адамдын кыртыштарында да бар экени көрүлөт. Жандуу кыртыштардын 95%ы көмүртек (С), суутек (Н), кычкылтек (О), натрий (N), фосфор (P) жана сульфит аралашмасынан (S) турат жана жандуу кыртыштарда жалпысынан 26 элемент бар. Курандын башка бир аятында мындайча буюрулууда:

وَلَقَدْ خَلَقْنَا ٱلْإِنسَٰنَ مِن سُلَٰلَةٍۢ مِّن طِينٍۢ ۝١٢

Ант болсун, Биз адамды сүзүлгөн бир ылайдан жараттык.
Мүминун Сүрөсү, 12

Аятта «сүзүлгөн» деп которулган «сулале» сөзү «өкүл мисал, маңыз, негиз» сыяктуу маанилерге келет. Байкалгандай, Куранда 14 кылым мурда билдирилгендер заманбап илимдин айткандарын –адамдын жаратылуусундагы материал менен топурак өзүнө камтыган негизги элементтердин бир экенин- тастыктоодо.

Эскертүүлөр

  1. http://www.ldeo.columbia.edu/dees/ees/life/lectures/lect2…

Аяттарга шилтемелер

Дагы кереметтер