Ясин Сүрөсү, 39-40
Айдын орбитасы
Айдын орбитасы башка планеталардын спутниктери сыяктуу бирдей бир орбитада эмес. Ай орбитасында баратканда жердин кээде алдына, кээде артына өтөт.
وَٱلْقَمَرَ قَدَّرْنَٰهُ مَنَازِلَ حَتَّىٰ عَادَ كَٱلْعُرْجُونِ ٱلْقَدِيمِ ٣٩ لَا ٱلشَّمْسُ يَنۢبَغِى لَهَآ أَن تُدْرِكَ ٱلْقَمَرَ وَلَا ٱلَّيْلُ سَابِقُ ٱلنَّهَارِ ۚ وَكُلٌّۭ فِى فَلَكٍۢ يَسْبَحُونَ ٤٠
Биз ай үчүн да бир катар барчу жерлерди аныктап койдук; аягында ал эски бир курма бутагы сыяктуу кайтты (кайтат). Күн айга жете албайт, түн да күндүздөн алдыга өтүп кете албайт. Баары бир орбитада сүзүп жүрүшүүдө.
Айдын орбитасы башка планеталардын спутниктери сыяктуу бирдей бир орбитада эмес. Ай орбитасында баратканда жердин кээде алдына, кээде артына өтөт. Ошол эле учурда жер менен бирге күндүн айланасында айлангандыктан, космосто тынымсыз «S» тамгасына окшош бир орбита чийет. Айдын космостогу мындай орбитасынын калыбы Куранда «эски бир курма бутагы сыяктуу кайтты (кайтат)» сүйлөмүндө сүрөттөлгөндөй, кургаган курма дарагынын бутагынын ийрилигине абдан окшошууда. Аяттагы «уржун» сөзүнүн мааниси куурап ичкерген, тырышкан курма бутагы жана курма дарагынын мөмөлөр жыйылып алынган соң калган бөлүгүн айтуу үчүн колдонулат. Мындан тышкары, бул бутактын «эски» сөзү менен айтылышы да абдан сырдуу, себеби курма бутагынын эскиси ичкерээк жана ийрирээк.

Албетте, 1400 жыл мурун айдын орбитасы жөнүндө маалыматка ээ болуу мүмкүн эмес эле. Учурдун технологиясы жана илимий жетишкендиктери менен аныктала алган мындай түзүлүштүн Куранда мынчалык так бир окшоштуруу менен билдирилиши Курандын дагы бир илимий керемети.


