Нахл Сүрөсү, 66
Биомиметика: жандыктардагы долбоорлорду өрнөк алуу
Силер үчүн жаныбарларда да албетте сабак-насааттар бар, силерге алардын курсактарындагы ферс (жарым сиңген азыктар) менен кандын арасынан, ичкендердин тамагынан оңой гана өтүүчү таптаза бир сүт ичирүүдөбүз. (Нахл сүрөсү, 66)
Силер үчүн жаныбарларда да албетте сабак-насааттар бар, силерге алардын курсактарындагы ферс (жарым сиңген азыктар) менен кандын арасынан, ичкендердин тамагынан оңой гана өтүүчү таптаза бир сүт ичирүүдөбүз. (Нахл сүрөсү, 66)

Чындыгында жаныбарларда да силер үчүн бир сабак (насаат) бар; курсактарынын ичиндегилерден силерге ичирүүдөбүз жана аларда силер үчүн дагы көптөгөн пайдалар бар. Силер аларды жейсиңер. Алардын үстүндө жана кемелерде жол жүрөсүңөр. (Мүминун Сүрөсү, 21-22)
Учурда көптөгөн илимпоз жана изилдөө-өнүктүрүү (R&D) адиси долбоорун баштоодон мурда мунун жаныбарлардагы өрнөктөрүн изилдөөдө жана алардагы система жана долбоорлорду тууроодо. Башкача айтканда, илимпоздор Аллах табиятта жараткан долбоорлорду көрүп изилдешүүдө жана алардан илхам алышып, жаңы технологияларды иштеп чыгышууда.
Бул жаңы бир илим тармагын пайда кылды: «биомиметика». «Табияттагы жандууларды тууроо» маанисине келген бул илим тармагы өзгөчө акыркы убактарда технология дүйнөсүндө кеңири таркады. Куранда Мүминун Сүрөсүнүн 21-аятында жана Нахл Сүрөсүнүн 66-аятында «сабак алуу, маани, маанилүү нерсе, өрнөк» маанилерине келген «ибретен» сөзүнүн колдонулушу бул жагынан абдан терең мааниге ээ.
Биомиметика – бул адамдар табияттагы системаларды туурап жасаган буюмдардын, аспаптардын, механизм жана системалардын баарын камтыган бир термин. Табияттагы долбоорлор өрнөк алынып жасалган аспаптарга өзгөчө нанотехнология, робот технологиясы, жасалма мээ (AI), медицина индустриясы жана аскердик жабдыктар сыяктуу тармактарда колдонулуу үчүн муктаждык болууда.
Биомиметика (биомимикрия) – алгачкы жолу Монтаналык бир автор жана илим изилдөөчү Жанин М. Бенюз (Janine M. Benyus) тарабынан чыгарылган бир түшүнүк. Кыргызча «био-тууроо» маанисине келген бул түшүнүк буга чейин көп адамдар тарабынан жоромолдонуп, ишке ашырылды. Биомиметика жөнүндө жасалган жоромолдордун бири төмөнкүдөй:
Биомимикрия табияттан модел, критерий жана акыл катары өрнөк ала турган көп нерсебиз бар экенин көрсөтөт. Мындай изилдөөлөрдүн орток чекити – бул табияттагы долбоорлорго урмат көрсөтүшү жана адамдардын кабылган көйгөйлөрдү чечүүдө буларды колдонуп илхам алышы.
Продукттун сапатын жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатууда табияттан пайдаланган фирмалардын бири болгон Интерфейстин продукт стратеги Давид Оаклей (David Oakley)
биомиметика жөнүндө мындай дейт:
Табият менин жумуш жана долбоор темаларында акыл мугалимим, жашоо стилим үчүн бир модел. Табияттын системасы миллиондогон жылдан бери иштөөдө... Биотууроо табияттан үйрөнүүнүн бир жолу.
Акыркы жылдары илимпоздор ылдам тараган бул көз-карашты кабыл алышты; алдыларындагы теңдешсиз жана кемчиликсиз моделдерди өрнөк алышып, иштерине ылдамдык кошушту. Табияттагы долбоорлор эң аз каражат жана энергия менен эң көп натыйжа алышы, өзүн-өзү оңдоо өзгөчөлүгү, кайра иштетүүгө мүмкүн болгон жана табият-досу болушу, үнсүз тынч иштеши, кооз, чыдамкай жана узун өмүрлүү болушу жагынан технологиялык эмгектерге өрнөк болушат. High Country News аттуу бир гезитте биомиметикага илимий бир кыймыл катары аныктама берилген жана мындай бир жоромол жасалган:
Табигый системаларды модел алып, учурда биз колдонуп жатканыбыздан бир топ узун мөөнөттүү технологияларды жасоого болот.

Табиятта көргөн кемчиликсиз системалар жөнүндө ойлонуп, табияттагы моделдерди тууроо керек деп ойлогон Жанин М. Бенюз Biomimicry (Биомимикрия) аттуу китебинде берген мисалдарынын кээ бирлери төмөнкүлөр:
Аары жегич канаттуунун 10 граммдан аз бир күйүүчү май менен Мексика Корфезунан өтө алышы, Ийнеликтердин эң мыкты вертолеттордон да жакшыраак маневр жасай алышы, Термит мунараларында жайгашкан температураны жөнгө салуу жана желдетүү системаларынын каражат жана энергия колдонушу жагынан адамдардын жасагандарынан жакшы болушу, Жарганаттын көп-жыштыктуу кабар жөнөтүүчүсүнүн адамдар жасаган радарлардан ийгиликтүү жана сезгичирээк иштеши, Жарык чыгарган балырлардын дене чырактарын күйгүзүү үчүн ар кандай химикаттарды бириктириши, Уюл балыктары жана бакалардын тоңгондон кийин кайрадан жашоого кайтуулары жана органдарынын муздан жабыркабашы, Хамелеондун жана сыя балыгынын жашаган чөйрөлөрүнө толук окшош абалга келе турган негизде терилеринин өңдөрүн, «саймаларын» заматта өзгөртүшү, Аарылардын, ташбакалардын жана чымчыктардын колдорунда карталары болбостон, алыс жолго сапар кылуулары, * Киттердин жана пингвиндердин кычкылтек түтүгүн колдонбостон сууга чөмүлүүлөрү.
Бул жерде бир канча гана мисалы берилген табияттагы таң калтырган ушул сыяктуу механизм жана долбоорлор технологиянын көптөгөн тармагын байытуу потенциалына ээ. Маалыматыбыздын көбөйүшү жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдүн өнүгүшү менен бирге бул потенциал күн сайын улам жакшыраак көрүнүүдө.
Жаныбарлардын ар бири адамдарды таң калтырган көптөгөн жаратылуу өзгөчөлүктөрүнө ээ. Кээ бирлери сууда кыймылдоосун камсыз кылуучу эң идеалдуу формага (гидродинамикага) ээ болсо, кээ бирлери биз үчүн абдан жат болгон сезүү органдарын колдонушат. Булардын көпчүлүгү адамдар алгачкы жолу көргөн, тагыраак айтканда, эми байкаган өзгөчөлүктөр. Кээде бир жандыктын бир эле өзгөчөлүгүн тууроо үчүн компьютер, механика, электроника, математика, физика, химия жана биология сыяктуу илим тармактарынын алдыңкы илимпоздорунун чогулушу керек болууда.
Илимпоздор күн сайын табиятта байкаган теңдешсиз түзүлүштөр жана системалар алдында айраң калышууда жана буларга болгон таң калууларын адамзаттын пайдасына жаңы технологияларды өндүрүү үчүн колдонуу аркылуу көрсөтүшүүдө. Табияттагы кемчиликсиз системалардын, колдонулган кереметтүү ыкмалардын илимпоздордун илими жана акылынан бир топ жогору экенин, көйгөйлөргө теңдешсиз чечүү жолдорду сунганын түшүнгөн илимпоздор эми жылдар бою алектенип чече албаган көп темада табияттагы долбоорлордон жардам алышууда. Мунун натыйжасында кыска мөөнөттө ийгиликтүү натыйжаларга жетүү мүмкүн болууда. Мындан тышкары, табиятты тууроо менен илимпоздор убакыт, эмгек күчү жана ошондой эле материалдык булактарды натыйжалуу пайдалануу жагынан маанилүү ийгиликтерге жетишүүдө.
Учурда өнүккөн технологиянын жаратылуу кереметтерин бир-бирден ачып көрсөтүп жатканын жана «биомиметика» илиминдеги сыяктуу жандыктардагы кереметтүү долбоорлорду өрнөк алып адамзатка кызмат кылып жатканын көрүүдөбүз. Жанин М. Бенюз да табиятты туурасак, тамак-аш жана энергия өндүрүшү, маалымат жыйноо, саламаттыкты сактоо сыяктуу көп тармактарда өзүбүздү оңой гана өнүктүрө алаарыбызды айткан. Бул темаларды колго алган көптөгөн илимий макалалардын бир канчасы төмөнкүлөр:
- Илим табиятты тууроодо
- Жашоонун долбоордогу сабактары
- Биомимикрия: көз алдыбызда жашырылган сырлар
- Биомимикрия: табият илхам берген ачылыштар
- Биомимикрия: бизди курчаган жогорку талант
- Биомиметика: табияттан жакшы дизайндар чыгаруу
- Биомиметика: табияттагы долбоорлордон материалдарды жасоо
- Инженерлер долбоор үчүн табияттан өрнөк алышууда
19-кылымда табиятты тууроо бир гана кооздук чөйрөсүндө жасалчу. Ошол доордун сүрөтчү жана архитекторлору табияттагы кооздуктардан таасирленип, жасаган эмгектеринде бул түзүлүштөрдүн сырткы көрүнүштөрүн өрнөк алышкан эле. Бирок табияттагы долбоорлордун кереметтүүлүгү жана аларды тууроо адамдарга пайда алып келээри табияттагы механизмдердин молекулярдык деңгээлде изилденип башташы менен гана -20-кылымда- башталган. Учурда илимпоздор жана изилдөөчүлөр, Куранда болжол менен 1400 жыл мурда билдирилгендей, жандыктардан «сабак (өрнөк)» алышууда..
Эскертүүлөр
- http://www. biomimicry. org/reviews_text.html
- http://www.bfi.org/Trimtab/spring01/biomimicry.htm
- http://www. biomimicry. org/reviews_text.html
- Bilim ve Teknik Dergisi, Ağustos 1994, s. 43.
- http://www. nature. com/cgi-taf/DynaPage. taf?file=/nature/journal/v409/n6818/full/409413a0_fs. html&_UserReference=C0A804EF46B465AFF2C953AE40623B641423
- http://www. natlogic. com/resorces/nbl/v06/n22. html
- http://www. biomimicry. org/reviews_text.html
- http://www. biomimicry. org/reviews_text.html
- http://www. rdg. ac. uk/AcaDepts/cb/96vincent.html
- http://www. the-scientist.com/yr1991/july/research_910708.html
- New York Times, 11 Aralık 2001.


