Локман Сүрөсү, 14
Кереметтүү аралашма: эне сүтү
Эненин сүтү – бул наристенин азык муктаждыктарын кемчиликсиз камсыздоо жана наристени ыктымалдуу инфекциялардан коргоо үчүн Аллах жараткан теңдешсиз бир аралашма.
وَوَصَّيْنَا ٱلْإِنسَٰنَ بِوَٰلِدَيْهِ حَمَلَتْهُ أُمُّهُۥ وَهْنًا عَلَىٰ وَهْنٍۢ وَفِصَٰلُهُۥ فِى عَامَيْنِ أَنِ ٱشْكُرْ لِى وَلِوَٰلِدَيْكَ إِلَىَّ ٱلْمَصِيرُ ١٤
Биз адамга эне жана атасын (аларга жакшы мамиле кылууну) насаат кылдык. Энеси аны абдан кыйынчылык менен (курсагында) көтөрүп жүргөн. Анын (сүттөн) чыгышы эки жыл ичинде (болот). «Мага да, эне жана атаңа да шүгүр кыл, Мага гана кайтасыңар.
Эненин сүтү – бул наристенин азык муктаждыктарын кемчиликсиз камсыздоо жана наристени ыктымалдуу инфекциялардан коргоо үчүн Аллах жараткан теңдешсиз бир аралашма. Эне сүтүндөгү азыктык заттардын тең салмактуулугу эң идеалдуу өлчөмдөрдө жана наристенин али жетиле элек дене системалары үчүн эң сонун формада. Ал камтыган азыктардын наристе үчүн идеалдуу өлчөмдөрдө болушу себебинен «кереметтүү аралашма» деп атоого боло турган эне сүтү наристенин мээ клеткаларынын чоңойушун камсыз кылуучу жана нерв системасынын өрчүшүн ылдамдатуучу азыктарга абдан бай. Учурдун эң акыркы технологиясы менен даярдалган жасалма наристе азыктары да бул кереметтүү азыкка жете албай келүүдө.

Изилдөөлөр жыйынтыгында эне сүтүнүн наристеге болгон пайдаларына күн сайын жаңылары кошулууда. Мисалы, эне сүтү менен эмизилген наристелердин өзгөчө дем алуу жана тамак сиңирүү каналынын инфекциялардан корголоору аныкталган. Себеби эне сүтүндөгү антителолор инфекциядан түздөн-түз калканыч болушат. Эне сүтүнүн башка инфекцияга каршы өзгөчөлүктөрү болсо – бул «нормалдуу флора» деп аталган «жакшы» бактерияларга достой «мамиле кылып», зыяндуу бактериялар, вирустар же паразиттердин жашашына болсо тоскоол болушу. Мындан тышкары, эне сүтүндө жугуштуу ооруларга карата иммундук системаны жөнгө салган жана жакшы иштешин камсыздаган факторлор да аныкталган.
Эне сүтү наристе эң оңой сиңире ала турган азык. Азыктарга абдан бай болгонуна карабастан, наристелердин назик системаларына ылайыктуу болуп сиңиши оңой. Натыйжада наристе азыктарды сиңирүүгө азыраак энергия короткондуктан, энергиясын дененин башка кыймыл-аракеттерине, чоңойууга жана органдарынын өнүгүшүнө каржаган болот.
Эрте төрөгөн энелердин сүтүндө кереметтүү абалда наристенин муктаждыгына ылайык көбүрөөк май, протеин, натрий, хлорид жана темир болот. Өз энелеринин сүтү менен азыктанган эрте төрөлгөн (недоношенный) наристелерде көз функцияларынын жакшыраак өнүгүшү, мээ тесттеринде ийгиликтүүрөөк болуу сыяктуу көптөгөн артыкчылыктар аныкталган.
Эне сүтүнүн жаңы төрөлгөн наристелердин өнүгүшүндөгү маанилеринин бири – бул омега-3 май кислоталарын камтышы. Омега-3 май кислоталары адамдын мээси жана көз торчосунун маанилүү бир компоненти болгондуктан, өзгөчө жаңы төрөлгөн наристелер үчүн мааниси чоң. Омега-3 өзгөчө кош бойлуулук периоду боюнча жана наристелик периоддун баштарында мээ жана нервдердин жетиштүү өрчүшү үчүн да абдан маанилүү. Эне сүтү болсо табигый жана кемчиликсиз бир омега-3 кампасы болгондуктан, илимпоздор эне сүтүнүн маанисине өзгөчө басым жасашууда.
Мындан тышкары, Бристол (Bristol) университетинин илимпоздору жасаган изилдөөлөрдө эне сүтү менен тамактануунун узун мөөнөттүү пайдалары арасында кан басымына оң таасири бар экени жана натыйжада жүрөк кризиси рисктеринин азайаары аныкталган. Изилдөөнү жасаган топ эне сүтүнүн коргоочу өзгөчөлүгү анын курамы менен байланыштуу дешет. Circulation аттуу медицина журналында жарык көргөн изилдөө жыйынтыктары боюнча, эне сүтү менен азыктанган наристелердин жүрөк ооруларына чалдыгуу риски төмөнүрөөк. Эне сүтүндө кан-тамырдын катуулугуна тоскоол болуучу май кислоталарынын болушу себебинен эне сүтү менен азыктанган наристелер азыраак натрий алышкандыктан жана ашыкча салмак топтошпогондуктан, эне сүтүнүн жүрөк ооруларынын рискин азайтаары аныкталган.
Мындан тышкары, АКШдагы Цинциннати (Cincinnati) университетине караштуу балдар ооруканасынын кызматкери Лиза Мартин (Lisa Martin) башчылык кылган топ эне сүтүндө көп санда «адипонектина» аттуу протеин гормонун табышты. Канда көп санда адипонектинанын болушу жүрөк кризиси рискинин төмөндөшү менен байланыштуу деп айтылат. Толук (ашыкча салмактуу)
жана жүрөк кризиси жогору болгон адамдарда болсо кандагы адипонектинанын саны аз. Ошондуктан эне сүтү менен азыктанган наристелердин келечекте толук (ашыкча салмактуу) болуу рискинин ушул гормондун негизинде азайаары аныкталды. Мындан тышкары, эне сүтүндө лептина деп аталган жана май метаболизмасында абдан маанилүү бир рол ойногон дагы бир гормондун бар экени аныкталган. Илимпоздордун ою боюнча, лептина денедеги май жөнүндө мээге жөнөтүлгөн бир сигнал. Ошондуктан Др. Мартиндин түшүндүрмөлөрү боюнча наристе кезинде эне сүтү аркылуу алынган бул гормондор келечекте ашыкча салмактуулук (семирүү), 2-тип шекер оорусу, инсулинге резустуулук жана жүрөк оорусу сыяктуу оорулардын рискин төмөндөтүүдө.
«Эң жаңы азык» жөнүндөгү чындыктар Эне сүтү жөнүндөгү чындыктар булар менен эле чектелбейт. Эне сүтүнүн балага пайдалары наристенин чоңойушуна жараша өзгөрөт жана наристенин кайсы жашта кандай азыкка муктаждыгы болсо, сүттүн ичиндеги компоненттери да жашына жараша өзгөрүп турат. Идеалдуу температурада дайыма даяр турган эне сүтү ичиндеги шекер жана май менен мээнин өрчүшүндө да маанилүү бир рол ойнойт. Ошондой эле, сүттүн ичиндеги кальций сыяктуу элементтер наристенин сөөктөрүнүн өрчүшүндө чоң мааниге ээ.
Бул кереметтүү аралашма сүт деп аталса да, негизи эне сүтүнүн 90%ы суудан турат. Бул дагы абдан маанилүү бир өзгөчөлүк. Себеби наристелер азык менен бирге суюктук катары сууга да муктаж болушат. Эне сүтүнөн тышкары ичиле турган суу же башка суюктуктар толугу менен гигиеналык таза болбошу мүмкүн. Ал эми 90%ы суу болгон эне сүтү аркылуу наристенин суу муктаждыгы да эң гигиеналык негизде камсыздалууда.
Эне сүтү жана мээ
Илимий изилдөөлөр эне сүтүн эмген наристелердин мээсинин өрчүшүнүн эне сүтүн эмбеген наристелерге салыштырмалуу жакшыраак экенин көрсөтүүдө. Кентукки (Kentucky) университетинин адистеринен Жейм Андерсондун (Jame Anderson) эне сүтү менен азыктанган балдар менен бутылка менен азыктангандар арасында салыштыруу жасаган изилдөөсү натыйжасында «эне сүтү менен тамактанган балдардын IQ'ларынын бутылка менен тамактанган балдардыкына салыштырмалуу 5 баллга жогору экени» аныкталган. Бул изилдөө жыйынтыгында наристенин мээсинин эне сүтү менен өнүгүшүнүн 6 айга чейин болушу мүмкүн экени, 8 жумадан аз эне сүтүн эмген балдарда болсо эне сүтүнүн мээге пайда бербеши да аныкталган.

Эне сүтү ракка дарыбы? Жүргүзүлгөн изилдөөлөр натыйжасында ал жөнүндө жүздөгөн макала жазылган эне сүтүнүн эң аягында наристелерди рактан коргоору далилденген, бирок мунун механизми али толук түшүнүлө элек. Изилдөөчүлөр лабораторияда чоңойтулган рак клеткаларын эне сүтүнүн өлтүрөөрүнүн далилдениши менен чоң бир потенциалдын аныкталганын айтышкан. Швецияда Лунд (Lund)
университетинде доктор жана иммунолог катары эмгектенген Катарина Свенборг (Catharina Svanborg) эне сүтүндөгү мындай кереметтүү сырларды ачкан топто бар эле. Лунд университетиндеги бул топ кадимки эне сүтүнүн рактын ар кандай түрүнөн бир калканыч экенине кереметтүү бир ачылыш деп баа берген.
Алгач жаңы төрөлгөн наристелерден алган ичеги-ыйлаакча кабыкчасы клеткаларын эне сүтү менен чайкаган изилдөөчүлөр натыйжада Pnemococcus бактериясы тарабынан пайда кылынган жана пневмония деп аталган ооруну эне сүтүнүн абдан жакшы токтотконун көрүшкөн. Мындан тышкары, эне сүтү менен азыктанган наристелер бутылка менен азыктангандарга караганда угуу проблемасына да азыраак кабылышкан жана дем алуу системасы инфекцияларына аз чалдыгышкан эле. Көпкө уланган изилдөөлөр натыйжасында эне сүтүнүн рактан да бир калканыч экенин көрүштү. (Балалык кезде кездешүүчү лимфа рагы рискинин бутылка менен тамактанган балдарда тогуз эсе көп экенин көрсөткөн соң, ушундай эле жыйынтыктын башка рак түрлөрүнө да тиешелүү экенин байкашкан). Алынган жыйынтык боюнча, эне сүтү рагы бар клеткалардын ордун толук аныктап, андан соң аларды өлтүрөт. Рагы бар клеткалардын ордун аныктап өлтүргөн нерсе болсо – бул эне сүтүндө көп санда кездешүүчү альфа-лак (alphalactalbumin) деп аталган зат. Альфа-лак сүттүн ичиндеги лактоза шекеринин өндүрүлүшүнө жардам берген бир протеин тарабынан жасалууда.
Бул теңдешсиз немат Улуу Аллахтын бир тартуусу...
Эне сүтү менен байланыштуу дагы бир кереметтүү өзгөчөлүк болсо – бул наристенин эне сүтү менен 2 жыл бою азыктанышынын абдан пайдалуу экендиги. Илим жаңы гана аныктаган бул маанилүү маалыматты Аллах бизге Куранда «Толук эмизүүнү каалаган энелер балдарын толук эки жыл эмизишет...» (Бакара Сүрөсү, 233) аяты менен 14 кылым мурда билдирген.
Коргоого, тамактанууга муктаж болуп төрөлгөн наристе үчүн эне ага эң идеалдуу азык болгон эне сүтүн, денесинде өзү чечим кабыл алып чыгарбаган сыяктуу эле, сүттүн өзгөрүп туруучу азык баалуулуктарын да, албетте эне өзү аныктабайт. Ар бир жандыктын муктаждыгын билген жана аларга ырыскы тартуулаган Улуу Аллах эне сүтүн эненин денесинде наристе үчүн жаратууда.
Эскертүүлөр
- http://www.uuhsc.utah.edu/healthinfo/pediatric/ Hrnewborn/bhrnb.htm
- http://www.uuhsc.utah.edu/healthinfo/pediatric/ Hrnewborn/bhrnb.htm
- C. Billeaud, D. Bouglé, P. Sarda, N. Combe, S. Mazette, F. Babin, B. Entressangles, B. Descomps, A. Nouvelot, F. Mendy, European Journal of Clinical Nutrition, 1997, c. 51, ss. 520-526
- "Breast milk 'does cut heart risk'", 1 Mart 2004; http://news.bbc.co.uk/2/hi/health/3523143.stm
- "Breast milk helps reduce obesity", 2 Mayıs 2004; http://news.bbc.co.uk/2/hi/health/3673149.stm
- "Breast milk helps reduce obesity", 2 Mayıs 2004; http://news.bbc.co.uk/2/hi/health/3673149.stm
- http://www.genetikbilimi.com/genbilim/annesutu.htm
- “Breakthrough in Cancer Research,” http://www.mediconvalley.com/news/Article.asp?NewsID=635
- http://www.icr.org/pubs/imp-259.htm; Rex D. Russell, "Design in Infant Nutrition".


