Юнус Сүрөсү, 90-92

Фараондун денесинин сакталышы

Фараон өзүн кудай деп кабыл алган жана Аз. Мусанын Аллахка ыйман келтириши үчүн жасаган чакырыктарына жалган жалаа жана коркутуу менен жооп берген, буларга эмки бөлүмдөрдө тереңирээк токтолмокчубуз.

Куранда610–632
1249+ жылдан кийин
Ачылган1881

1 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

Фараон өзүн кудай деп кабыл алган жана Аз. Мусанын Аллахка ыйман келтириши үчүн жасаган чакырыктарына жалган жалаа жана коркутуу менен жооп берген, буларга эмки бөлүмдөрдө тереңирээк токтолмокчубуз. Фараон мындай текебердүү мамилесин өлүм коркунучуна кабылып, суулардын астында калаарын түшүнгөнгө чейин уланткан эле. Куранда Фараондун Аллахтын азабына кабылганда, ошол замат ыйманга багытталганы төмөнкү аяттарда кабар берилген:

Фараондун денесинин сакталышы

۞ وَجَٰوَزْنَا بِبَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ ٱلْبَحْرَ فَأَتْبَعَهُمْ فِرْعَوْنُ وَجُنُودُهُۥ بَغْيًۭا وَعَدْوًا ۖ حَتَّىٰٓ إِذَآ أَدْرَكَهُ ٱلْغَرَقُ قَالَ ءَامَنتُ أَنَّهُۥ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا ٱلَّذِىٓ ءَامَنَتْ بِهِۦ بَنُوٓا۟ إِسْرَٰٓءِيلَ وَأَنَا۠ مِنَ ٱلْمُسْلِمِينَ ۝٩٠

Биз Исраил урпактарын деңизден өткөрдүк; Фараон жана аскерлери көөп, душмандык менен (алардын) артынан кубалады. Суулар аны чөктүрө турган деңгээлге жеткенде, (Фараон): «Исраил урпактары ишенген (ыйман келтирген) Кудайдан башка кудай жок экенине ишендим жана мен да Мусулмандарданмын» деди.
Юнус Сүрөсү, 90

Бирок Аллах Фараондун мындай кезде ыйман келтиришин кабыл кылган эмес. Аллах Фараондун мындай чын ыклассыз мамилесин Куранда төмөнкү аяттар аркылуу билдирет:

ءَآلْـَٰٔنَ وَقَدْ عَصَيْتَ قَبْلُ وَكُنتَ مِنَ ٱلْمُفْسِدِينَ ۝٩١ فَٱلْيَوْمَ نُنَجِّيكَ بِبَدَنِكَ لِتَكُونَ لِمَنْ خَلْفَكَ ءَايَةًۭ ۚ وَإِنَّ كَثِيرًۭا مِّنَ ٱلنَّاسِ عَنْ ءَايَٰتِنَا لَغَٰفِلُونَ ۝٩٢

Эмиби? Мурдалары болсо сен баш көтөргөн элең жана бузукулук чыгаргандардан элең. Бүгүн болсо сенден кийинкилерге бир аят (тарыхый бир далил, насаат) болушуң үчүн сени бир гана денең менен куткарабыз (бүт адамдарга өлгөн денеңди көрсөтөбүз). Чынында адамдардын көпчүлүгү Биздин аяттарыбыздан кабарсыз.
Юнус Сүрөсү, 91-92

Бул аяттарда Фараонго тиешелүү дененин келечек урпактарга сабак болоорунун билдирилиши дененин «бузулбашына» бир ишарат деп кабыл алууга болот. Куранда 1400 жыл алдын ала кабар берилгендей, учурда тарыхый бир маалымат катары турган бир дене Каирдеги Египет музейинин Хандык мумиялары бөлмөсүндө көргөзмөдө турат. Чоң бир ыктымалдуулук менен, суулардын астында калып, чөгүп өлгөн соң Фараондун денеси жээкке чыгып калган жана египеттиктер тарабынан табылып мурдатан даярдалган мазарына алып барылган.

Эскертүүлөр

  1. http://www.angelfire.com/az/miracles/Archaeology.html

Аяттарга шилтемелер

Дагы кереметтер

1848
Келечек жөнүндө кабарлар

Византиянын жеңиши

Куранда келечек жөнүндө берилген кабарлардын бири Рум Сүрөсүнүн башындагы аяттарда орун алат. Бул аяттарда Византия императорлугунун бир жеңилүүгө кабылганы, бирок абдан кыска убакыт ичинде кайра жеңээри билдирилген:

Рум Сүрөсү, 2-4
Келечек жөнүндө кабарлар

Меккенин каратылышы

Пайгамбар Мырзабыз Мединада жашап жүргөн кезде көргөн бир түшүндө момундардын коопсуздук ичинде Меккедеги Месжиди Харамга киргенин жана Каабаны тооп кылышканын көргөн жана момундарды бул кабар менен сүйүнчүлөгөн эле.

Фетих Сүрөсү, 27
Келечек жөнүндө кабарлар

Исраил урпактарынын текебердүү жогорулашы

Исра Сүрөсүндөгү бул аяттарда билдиригендей, Исраил урпактары жер бетинде эки жолу бузукулук чыгарышат. Булардын алгачкы «бузукулук жана текебердүү жогорулашынан» соң Аллах аларга күчтүү бир аскердик ордо жөнөткөнүн билдирүүдө.

Исра Сүрөсү, 4-6