Рум Сүрөсү, 2-4
Византиянын жеңиши
Куранда келечек жөнүндө берилген кабарлардын бири Рум Сүрөсүнүн башындагы аяттарда орун алат. Бул аяттарда Византия императорлугунун бир жеңилүүгө кабылганы, бирок абдан кыска убакыт ичинде кайра жеңээри билдирилген:
Куранда келечек жөнүндө берилген кабарлардын бири Рум Сүрөсүнүн башындагы аяттарда орун алат. Бул аяттарда Византия императорлугунун бир жеңилүүгө кабылганы, бирок абдан кыска убакыт ичинде кайра жеңээри билдирилген:


Алиф. Лам. Мим. Рум (аскерлери) жеңилүүгө дуушар болду. «Дүйнөнүн эң төмөнкү жеринде». Бирок алар жеңилген соң жеңишет. Үч менен тогуз жыл ичинде. Мындан мурун да, кийин да буйрук Аллахтын колунда. Жана ал күнү момундар сүйүнүшөт. (Рум Сүрөсү, 1-4) Бул аяттар христиан византиялыктардын 613-614-жылдары путпарас (путка сыйынган) бир коом болгон перстерден абдан оор бир жеңилүүгө кабылышынан болжол менен 7 жылдан кийин б.з. 620-жылдары түшкөн эле. Аяттарда Византиянын абдан жакында жеңээри билдирилген эле. Чынында болсо ал кезде Византия ушунчалык чоң жоготууларга кабылгандыктан, кайра жеңиши мындай турсун, өзүн сактап калышы да мүмкүн эместей болуп турган эле. Перстер византиялыктарды 613-жылы Антакияда жеңишип, жеңишин Сирия, Киликия, Тарсус, Армения жана Иерусалимди каратуу менен улантышкан. Өзгөчө 614-жылы Иерусалимдин колдон чыгышы, Ыйык мазар чиркөөсүнүн кыйратылышы жана Христиан дининин символу «чыныгы кресттин» перстер тарабынан колго алынышы византиялыктар үчүн оор бир сокку болгон эле.
Ал доордо бир гана перстер эмес, аварлар, славяндар жана ломбарддар да Византия мамлекетине чоң бир кооптуулук болуп турган. Аварлар Стамбулдун алдына чейин келишкен эле. Византия ханы Ираклий аскердик күчтүн чыгымдарын камсыздоо үчүн чиркөөлөрдөгү алтын жана күмүш кооздук буюмдарынын ээритилип, акчага айлантылышын буйрук кылган. Ал тургай, булар да жетпеген соң коло айкелдер да акча жасоо үчүн ээритилип башталган. Көптөгөн аким Ираклий ханга баш көтөрүшүп, императорлук бөлүнүү чегине келген эле. Мурда Византия жерлери болгон Месопотамия, Киликия, Сирия, Палестина, Египет жана Армения путпарас перстердин карамагына өткөн.
Кыскача айтканда, бүт баары Византиянын жок болушун күтүп жаткан эле. Бирок дал ушул учурда Рум Сүрөсүнүн алгачкы аяттары вахий кылынды жана Византиянын тогуз жыл өтпөстөн, кайрадан жеңээри билдирилди. Бул жеңиш ушунчалык мүмкүн эместей көрүнгөндүктөн, Арап мушриктери Куранда кабар берилген бул жеңиш эч ишке ашпайт деп ойлошкон эле.
Бирок Курандын бардык кабарлары сыяктуу бул да, албетте, чындык эле. 622-жылы Ираклий Арменияны басып алып, перстерди жеңип, бир топ жеңиштерге жетишти. 627-жылдын декабрь айында Византия жана Перс императорлуктары арасында Багдадга жакын жерде Дижле дарыясынын 50 км чыгыш тарабында жайгашкан Нинова калдыктарына жакын жерде дагы бир чоң согуш болду. Византия аскердик күчү перстерди бул жерде да жеңди. Бир канча айдан соң болсо перстер басып алган жерлерин Византияга кайра берген бир келишимге кол коюуга мажбур болду.
Византиянын жеңиши 630-жылы император Ираклийдин Перс өкүмдары Khosrow II'ни жеңип, Иерусалимди кайра алышы жана Христиан дининин символу «чыныгы крестти» Ыйык мазар чиркөөсүнө кайтарышы менен толукталды.
Ушундайча Аллах Куранда билдирген «Византиянын жеңиши» аяттагы «үч менен тогуз жыл ичинде» деп айтылган убакыт ичинде, кереметтүү абалда ишке ашты.
Бул аяттардагы башка бир керемет болсо – бул ал доордо эч ким аныктай албаган географиялык бир чындыктын билдирилиши. Рум Сүрөсүнүн 3-аятында византиялыктардын «дүйнөнүн эң төмөнкү жеринде» жеңилгени айтылат. Арапчасы «эдна эль ард» болгон бул сөз кээ бир Куран маанилеринин котормолорунда «жакын бир жер» деп да которулат. Бирок мындай котормо чыныгы маанини толук чагылтпайт, болжолдуу бир жоромолу гана. «Эдна» сөзү Арап тилинде «төмөн» дегенди билдирген «дени» сөзүнөн келип чыккан жана «эң төмөн» маанисине келет. «Ард» болсо жер жүзү дегенди билдирет. Ошондуктан, «эдна эль ард» сөзү «жер жүзүнүн эң төмөнкү жери» маанисине келет.

Кээ бир тафсирчилер бул аймактын Араптарга жакындыгын эске алышып, сөздүн «эң жакын» маанисин тандашууда. Бирок сөздүн чыныгы мааниси Куран түшүрүлгөн доордо эч ким билиши мүмкүн болбогон абдан маанилүү бир геологиялык чындыкка ишарат кылууда. Себеби дүйнөнүн эң төмөнкү жерин изилдегенибизде, бул жердин византиялыктар 613-614-жылдары жеңилүүгө кабылган жерлердин бири болгон Лут көлү (Dead Sea) бассейни экенин көрөбүз.
Мындай жеңилүүнүн эң оор соккусу, мурдараак да айтылгандай, Лут көлүнө жакын жердеги Иерусалимдеги жеңилүү менен бирге Христиан дининин символу «чыныгы кресттин» колдон чыгышы болгон.
Византия императорлугу менен перстер арасындагы согуш ишке ашкан бул аймак Сирия, Палестина жана азыркы Иордания аймактары кесишкен аймакта орун алган Лут көлү бассейни. Лут көлүнүн айланасы болсо деңиз деңгээлинен 417 метр төмөндө жайгашкан, жер бетинин «эң төмөн» аймагы.
Бул жерде көңүл бурула турган жагдай – бул Лут көлүнүн бийиктигинин заманбап өлчөөлөр менен гана аныкталган болушу. Андан мурда эч кимдин Лут көлүнүн дүйнөнүн эң төмөнкү аймагы экенин билиши мүмкүн эмес эле. Бирок бул аймак Куранда «жер жүзүнүн эң төмөнкү жери» деп сүрөттөлгөн. Бул маалымат Курандын Аллахтын сөзү экендигинин дагы бир далили.
Эскертүүлөр
- http://en.wikipedia.org/wiki/Heraclius
- Warren Treadgold, A History of the Byzantine State and Society, Stanford University Press, 1997, ss. 287-299.
- http://fstav.freeservers.com/emperors/heraclius.html
- Warren Treadgold, A History of the Byzantine State and Society, Stanford University Press, 1997, ss. 287-299.
- http://en.wikipedia.org/wiki/Heraclius
- http://www.beconvinced.com/science/QURANLOWEST.htm; http://www.tasabeeh.com/english/html/print.php?sid=71
- World Book Encyclopedia, 2003, George Washington Üniversitesi'nden Siyasi Bilimler ve Uluslararası İlişkiler Profesörü Bernard Reich'in katkılarıyla.


