Исра Сүрөсү, 4-6

Исраил урпактарынын текебердүү жогорулашы

Исра Сүрөсүндөгү бул аяттарда билдиригендей, Исраил урпактары жер бетинде эки жолу бузукулук чыгарышат. Булардын алгачкы «бузукулук жана текебердүү жогорулашынан» соң Аллах аларга күчтүү бир аскердик ордо жөнөткөнүн билдирүүдө.

2 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

وَقَضَيْنَآ إِلَىٰ بَنِىٓ إِسْرَٰٓءِيلَ فِى ٱلْكِتَٰبِ لَتُفْسِدُنَّ فِى ٱلْأَرْضِ مَرَّتَيْنِ وَلَتَعْلُنَّ عُلُوًّۭا كَبِيرًۭا ۝٤ فَإِذَا جَآءَ وَعْدُ أُولَىٰهُمَا بَعَثْنَا عَلَيْكُمْ عِبَادًۭا لَّنَآ أُو۟لِى بَأْسٍۢ شَدِيدٍۢ فَجَاسُوا۟ خِلَٰلَ ٱلدِّيَارِ ۚ وَكَانَ وَعْدًۭا مَّفْعُولًۭا ۝٥ ثُمَّ رَدَدْنَا لَكُمُ ٱلْكَرَّةَ عَلَيْهِمْ وَأَمْدَدْنَٰكُم بِأَمْوَٰلٍۢ وَبَنِينَ وَجَعَلْنَٰكُمْ أَكْثَرَ نَفِيرًا ۝٦

Китепте Исраил урпактарына мындай өкүм бердик: «Силер жер (жүзүн)дө сөзсүз эки жолу бузукулук чыгарасыңар жана сөзсүз абдан текеберленип-көтөрүлөсүңөр. Ал экөөнөн алгачкы убада келгенде, абдан азаптуу пенделерибизди силерге жөнөттүк, (силерди) үйлөрдүн араларына чейин кирип издешти. Бул аткарылчу бир сөз эле. Кийин аларга каршы силерге кайрадан «күч жана кубат бердик», силерге мал-мүлк жана урпактар менен жардам бердик жана коом катары силердин саныңарды көбөйттүк.
Исра Сүрөсү, 4-6

Исра Сүрөсүндөгү бул аяттарда билдиригендей, Исраил урпактары жер бетинде эки жолу бузукулук чыгарышат. Булардын алгачкы «бузукулук жана текебердүү жогорулашынан» соң Аллах аларга күчтүү бир аскердик ордо жөнөткөнүн билдирүүдө. Чынында эле Исраил урпактары Аз. Яхьяны өлтүргөн жана Аз. Исаны өлтүрүү үчүн тузак курган доордон, т.а. текебердүү жогорулап, бузукулук чыгаргандан бир аздан соң б.з. 70-жылы римдиктер тарабынан Иерусалимден чыгарылып, бүт дүйнөгө жайылышкан.

Исраил урпактарынын текебердүү жогорулашы

Пайгамбар Мырзабызга бул аят вахий кылынган учурда болсо еврейлер ар кайсы өлкөлөрдө чачыранды абалда жашап жатышкан эле жана эч мамлекеттери жок болчу. Аллах болсо аяттарда Исраил урпактарына кайрадан күч берээрин билдирген.

Бирок ал доордо бул кабардын ишке ашышы абдан алыс жана ыктымалдыгы абдан аз көрүнгөн эле. Аллах аяттарда кабар берген бул окуя кылымдардан соң толугу менен ишке ашты. Еврейлер Палестинага кайра кайтышты жана 1948-жылы Израил мамлекетин курушту. Андан соң Исраил мамлекетинде жашаган, улутчул (фашист) көз-караштарга ээ бир катар сионисттердин мамилеси Ортоңку Чыгышта ызы-чуу, согуштарга себеп болду.

Мына ушул абал Исраил урпактары чыгарган экинчи «бузукулукка» ишарат кылууда. Бирок мындай бузукулуктун бардык еврей калкына тиешелүү эмес экенин да айта кетүү керек. Еврей калкы арасында да мындай бузуку мамиле токтошу керек деген көз-карашты жактаган абийирдүү, акылдуу адамдар бар. Бузукулукту күчөткөн бир катар фашист, радикалдуу сионисттер болсо Куранда Раббибиз кеңеш кылгандай «кечирим (же жеңилдик) жолун танда»шы (Араф Сүрөсү, 199) зарыл. Ушундай кылышса, Фуссилет Сүрөсүндө билдирилгендей, тынчтык, бир туугандык чөйрөсү Аллахтын каалоосу менен кайрадан курулат:

وَلَا تَسْتَوِى ٱلْحَسَنَةُ وَلَا ٱلسَّيِّئَةُ ۚ ٱدْفَعْ بِٱلَّتِى هِىَ أَحْسَنُ فَإِذَا ٱلَّذِى بَيْنَكَ وَبَيْنَهُۥ عَدَٰوَةٌۭ كَأَنَّهُۥ وَلِىٌّ حَمِيمٌۭ ۝٣٤

Жакшылык менен жамандык тең эмес. Сен эң сонун бир жол менен (жамандыкты) алыстат; ошондо, сени менен анын арасында душмандык болгон адамдын ысык бир досуң болуп калганын (көрөсүң).
Фуссилет Сүрөсү, 34

Исраил урпактары жөнүндөгү Исра Сүрөсүнүн аяттарындагы маанилүү нерселердин бири – бул ал доордо эч мүмкүн эместей көрүнгөн жана ал багытта эч кандай бир жылыш же белги болбогон окуялардын келечекте ишке ашаарынын билдирилгени. Албетте, булардын баары Курандын бир керемети.

Аяттарга шилтемелер

Дагы кереметтер

1848
Келечек жөнүндө кабарлар

Византиянын жеңиши

Куранда келечек жөнүндө берилген кабарлардын бири Рум Сүрөсүнүн башындагы аяттарда орун алат. Бул аяттарда Византия императорлугунун бир жеңилүүгө кабылганы, бирок абдан кыска убакыт ичинде кайра жеңээри билдирилген:

Рум Сүрөсү, 2-4
1881
Келечек жөнүндө кабарлар

Фараондун денесинин сакталышы

Фараон өзүн кудай деп кабыл алган жана Аз. Мусанын Аллахка ыйман келтириши үчүн жасаган чакырыктарына жалган жалаа жана коркутуу менен жооп берген, буларга эмки бөлүмдөрдө тереңирээк токтолмокчубуз.

Юнус Сүрөсү, 90-92
Келечек жөнүндө кабарлар

Меккенин каратылышы

Пайгамбар Мырзабыз Мединада жашап жүргөн кезде көргөн бир түшүндө момундардын коопсуздук ичинде Меккедеги Месжиди Харамга киргенин жана Каабаны тооп кылышканын көргөн жана момундарды бул кабар менен сүйүнчүлөгөн эле.

Фетих Сүрөсү, 27