Фетих Сүрөсү, 27

Меккенин каратылышы

Пайгамбар Мырзабыз Мединада жашап жүргөн кезде көргөн бир түшүндө момундардын коопсуздук ичинде Меккедеги Месжиди Харамга киргенин жана Каабаны тооп кылышканын көргөн жана момундарды бул кабар менен сүйүнчүлөгөн эле.

2 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

لَّقَدْ صَدَقَ ٱللَّهُ رَسُولَهُ ٱلرُّءْيَا بِٱلْحَقِّ ۖ لَتَدْخُلُنَّ ٱلْمَسْجِدَ ٱلْحَرَامَ إِن شَآءَ ٱللَّهُ ءَامِنِينَ مُحَلِّقِينَ رُءُوسَكُمْ وَمُقَصِّرِينَ لَا تَخَافُونَ ۖ فَعَلِمَ مَا لَمْ تَعْلَمُوا۟ فَجَعَلَ مِن دُونِ ذَٰلِكَ فَتْحًۭا قَرِيبًا ۝٢٧

Ант болсун, элчиси көргөн түштүн акыйкат экенин Аллах чындыкка чыгарды. Эгер Аллах кааласа, силер сөзсүз Харам Мечитине коопсуздук ичинде (тынч гана), чачтарыңарды алдырып, (кээ бирлериңер) кыскартып, (жана) коркпостон киресиңер. Бирок Аллах силер билбегенди билет, ошентип мындан мурда силерге жакын бир жеңиш (насип) кылды.
Фетих Сүрөсү, 27

Пайгамбар Мырзабыз Мединада жашап жүргөн кезде көргөн бир түшүндө момундардын коопсуздук ичинде Меккедеги Месжиди Харамга киргенин жана Каабаны тооп кылышканын көргөн жана момундарды бул кабар менен сүйүнчүлөгөн эле. Себеби Меккеден Мединага хижрат кылган момундар ошол кезден бери Меккеге бара албай келишкен.

Меккенин каратылышы

Аллах Пайгамбарыбызга (сав) Өз Кабатынан бир жардам жана кубат катары Фетих Сүрөсүнүн 27-аятын вахий кылган жана түшүнүн туура экенин, эгер Аллах кааласа, момундардын Меккеге кире алаарын билдирген. Чындап эле, белгилүү мөөнөттөн соң алгач Худайбия тынчтыгы жана андан соң Меккенин каратылышы менен Мусулмандар дал аятта билдирилгендей, коопсуздук ичинде Месжиди Харамга киришкен. Ушундайча Аллах Пайгамбар Мырзабыз алдын ала билдирген сүйүнүчтүү кабардын чындык экенин көрсөткөн.

Бирок бул жерде көңүл буруу керек болгон маанилүү бир жагдай бар. Фетих Сүрөсүнүн 27- аятына көңүл бурулган болсо, Меккенин каратылышынан мурда ишке аша турган башка бир жеңиш жөнүндө да сөз болгону байкалат. Чынында эле аятта билдирилгендей, Мусулмандар алгач иудейлердин карамагындагы Хайбар мунарасын каратышкан, андан соң болсо Меккеге киришкен.1 Меккенин каратылышын сүйүнчүлөгөн башка аяттардын кээ бирлери болсо төмөнкүлөр:

وَهُوَ ٱلَّذِى كَفَّ أَيْدِيَهُمْ عَنكُمْ وَأَيْدِيَكُمْ عَنْهُم بِبَطْنِ مَكَّةَ مِنۢ بَعْدِ أَنْ أَظْفَرَكُمْ عَلَيْهِمْ ۚ وَكَانَ ٱللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرًا ۝٢٤

Алардын үстүнөн силерге жеңиш берген соң, Меккенин ортосунда колдорун силерден жана силердин колдоруңарды алардан Ал (артка) тартты. Аллах кылгандарыңарды толук көрүүчү.
Фетих Сүрөсү, 24

إِنَّا فَتَحْنَا لَكَ فَتْحًۭا مُّبِينًۭا ۝١ لِّيَغْفِرَ لَكَ ٱللَّهُ مَا تَقَدَّمَ مِن ذَنۢبِكَ وَمَا تَأَخَّرَ وَيُتِمَّ نِعْمَتَهُۥ عَلَيْكَ وَيَهْدِيَكَ صِرَٰطًۭا مُّسْتَقِيمًۭا ۝٢ وَيَنصُرَكَ ٱللَّهُ نَصْرًا عَزِيزًا ۝٣

Шексиз, Биз сага апачык бир фетих (жеңиш) бердик. Ошентип Аллах сенин өткөн жана келечектеги (бүт) күнөөңдү кечирсин, сага болгон немат-жакшылыгын толуктасын жана сени туптуура бир жолго багыттасын. Жана Аллах сага «улуу жана даңктуу» бир жеңиш менен жардам берсин.
Фетих Сүрөсү, 1-3

Исра Сүрөсүнүн 76-аятында болсо каапырлардын да Меккеде тура албашы мындайча билдирилген:

وَإِن كَادُوا۟ لَيَسْتَفِزُّونَكَ مِنَ ٱلْأَرْضِ لِيُخْرِجُوكَ مِنْهَا ۖ وَإِذًۭا لَّا يَلْبَثُونَ خِلَٰفَكَ إِلَّا قَلِيلًۭا ۝٧٦

Дээрлик сени (бул) жерден (мекениңден) чыгаруу үчүн тынчыңды алышмак эле, андай болсо алар да сенден соң (бул жерде) көпкө жашай алышпайт.
Исра Сүрөсү, 76

Пайгамбарыбыз (сав) хижраттын 8-жылы Меккеге кирип, бул шаарды караткан. Эки жылдан соң болсо Аллах Куранда билдиргендей, каапырлар Меккеден чыгышкан. Бул жердеги башка бир маанилүү жагдай болсо мындай: Пайгамбар Мырзабыз момундарга бул сүйүнүчтүү кабарларды айткан кезде, абал эч буга окшошпойт эле. Ал тургай, шарттар толук тескери көрүнүп, мушриктер ыймандууларды эч Меккеге киргизбейбиз деген чечкиндүү маанайда эле. Бул болсо жүрөгүндө «оору» барлардын Пайгамбар Мырзабыздын айткандарына шектенүү менен карашына себеп болгон. Бирок Пайгамбарыбыз (сав) Аллахка ишенип, адамдардын сөзүнө эч маани бербестен, Аллахтын ага билдиргенине ыйман келтирген жана муну адамдарга билдирген. Анын айткандарынын жакынкы бир келечекте ишке ашканы да Курандын маанилүү бир керемети.

Эскертүүлөр

  1. İmam Taberi, Taberi Tefsiri, c. 5, Ümit Yayıncılık, İstanbul, s. 2276. ↩

Аяттарга шилтемелер

Дагы кереметтер

1848
Келечек жөнүндө кабарлар

Византиянын жеңиши

Куранда келечек жөнүндө берилген кабарлардын бири Рум Сүрөсүнүн башындагы аяттарда орун алат. Бул аяттарда Византия императорлугунун бир жеңилүүгө кабылганы, бирок абдан кыска убакыт ичинде кайра жеңээри билдирилген:

Рум Сүрөсү, 2-4
1881
Келечек жөнүндө кабарлар

Фараондун денесинин сакталышы

Фараон өзүн кудай деп кабыл алган жана Аз. Мусанын Аллахка ыйман келтириши үчүн жасаган чакырыктарына жалган жалаа жана коркутуу менен жооп берген, буларга эмки бөлүмдөрдө тереңирээк токтолмокчубуз.

Юнус Сүрөсү, 90-92
Келечек жөнүндө кабарлар

Исраил урпактарынын текебердүү жогорулашы

Исра Сүрөсүндөгү бул аяттарда билдиригендей, Исраил урпактары жер бетинде эки жолу бузукулук чыгарышат. Булардын алгачкы «бузукулук жана текебердүү жогорулашынан» соң Аллах аларга күчтүү бир аскердик ордо жөнөткөнүн билдирүүдө.

Исра Сүрөсү, 4-6