Немл Сүрөсү, 18

Кумурскалардын байланыш курушу

Куранда Аз. Сулаймандын аскерлери жөнүндө айтылып жатып, кумурскалар арасында бир «байланыш системасынын бар экенине ишарат кылынууда:

Куранда610–632
1327+ жылдан кийин
Ачылган1959

2 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

Куранда Аз. Сулаймандын аскерлери жөнүндө айтылып жатып, кумурскалар арасында бир «байланыш системасынын бар экенине ишарат кылынууда:

Кумурскалардын байланыш курушу

حَتَّىٰٓ إِذَآ أَتَوْا۟ عَلَىٰ وَادِ ٱلنَّمْلِ قَالَتْ نَمْلَةٌۭ يَٰٓأَيُّهَا ٱلنَّمْلُ ٱدْخُلُوا۟ مَسَٰكِنَكُمْ لَا يَحْطِمَنَّكُمْ سُلَيْمَٰنُ وَجُنُودُهُۥ وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ ۝١٨

Анан кумурска өрөөнүнө келишкенде, бир ургаачы кумурска: «Эй кумурска коому, уяларыңарга киргиле, Сулайман менен ордолору (аскерлери) байкабастан силерди эзип кетпесин» деди.
Немл Сүрөсү, 18

20-кылымда кумурскаларга жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөр бул кичинекей жандыктардын абдан уюшумдуу бир коомдук жашоосу бар экенин жана мындай уюшумдуулуктун бир талабы катары өз ара абдан комплекстүү бир байланыш тармагына ээ экенин аныктаган. National Geographic журналында жарык көргөн бир макалада бул жөнүндө мындайча айтылат:

Чоң же кичине кандайдыр бир кумурска башындагы татаал сезүү органдары аркылуу миллиондогон, ал тургай андан да көп химиялык жана көрүү сигналдарын кармайт. Мээ 500000 нерв клеткасын камтыйт; көздөр бириккен; антеналар адамдагы мурун жана манжа учу сыяктуу кыймылдайт. Ооздун астындагы проекциялар даамды кабылдайт, кылдар тийүүгө жооп берет.

Биз байкабасак да, кумурскалар назик сезүү органдары жардамында абдан көп түрдүү байланыш ыкмаларын колдонушат. Олжосун табуудан бири-бирин ээрчүүгө, уяларын куруудан согушууга чейин жашоолорунун ар бир көз ирмеминде бул сезүү органдарынан пайдаланышат. 2-3 миллиметр квадраттык денелеринин ичине батырылган 500000 нерв клеткалары менен адамдарды таң калтыра турган бир байланыш системасына ээ.

Бул жандыктардын байланыштарындагы реакциялар белгилүү категорияларга бөлүнгөн: сигнал берүү, чогулуу, азыктын ордун кабар берүү, тазалануу, суюк азык алмашуусу, топтошуу, таануу, максат аныктоо...

Системалуу бир коомду түзгөн кумурскалардын бул реакциялар аркылуу бири-бирине кабар жөнөтүү системасына таянган бир жашоолору бар. Кумурскалар маалымат алып-берүүдө кээде адамдар сүйлөшүп чече албаган багыттарда (чогулуу, бөлүшүү, тазалык, коргонуу сыяктуу) бир топ жакшы байланыш курушат.

Кумурскалар көбүнчө химиялык бир байланыш курушат. Кумурскалар байланыш куруу максатында колдонгон химиялык заттар – бул жарым-химикаттар (semiochemicals) катары белгилүү болгон «феромендер». Жыт катары кабылданган жана ички бездер тарабынан чыгарылган бир суюктук болгон «феромендер» кумурска топторунун уюшуусунда эң маанилүү ролду аткарат. Бир кумурска сигнал катары бул суюктукту чыгарганда, башкалары жыт же даам сезүү органы аркылуу кабарды алышат жана жооп беришет. Кумурска феромендери жөнүндө жасалган изилдөөлөр бардык сигналдардын кумурска тобунун муктаждыктарына жараша чыгарылаарын аныктаган. Ошондой эле, кумурскалар чыгарган феромендин көлөмү абалдын канчалык зарыл экенине жараша өзгөрүүдө.

Байкалгандай, кумурскалар кылган иштерди кыла алуу үчүн терең бир химия илимине муктаждык бар. 14 кылым мурда, кумурскалар жөнүндө мынчалык терең маалымат болбогон бир доордо, кумурскалардын байланыш системасына көңүл бурулушу Курандын илимий кереметтеринин бири.

Эскертүүлөр

  1. National Geographic, c. 165, no. 6, s. 777.
  2. Bert Hölldobler-Edward O.Wilson, The Ants, Harvard University Press, 1990, s. 227.
  3. Bert Hölldobler-Edward O.Wilson, The Ants, Harvard University Press, 1990, p. 244.

Аяттарга шилтемелер