Энам Сүрөсү, 95

Азыктын айланышы

Бул аятта Куран түшүрүлгөн доордо билүү мүмкүн болбогон бир азык айлануусуна көңүл бурулган.

1 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

۞ إِنَّ ٱللَّهَ فَالِقُ ٱلْحَبِّ وَٱلنَّوَىٰ ۖ يُخْرِجُ ٱلْحَىَّ مِنَ ٱلْمَيِّتِ وَمُخْرِجُ ٱلْمَيِّتِ مِنَ ٱلْحَىِّ ۚ ذَٰلِكُمُ ٱللَّهُ ۖ فَأَنَّىٰ تُؤْفَكُونَ ۝٩٥

Данекти жана урукту жаруучу – бул шексиз Аллах. Ал тирүүнү өлүктөн чыгарат, өлүктү болсо тирүүдөн чыгарат. Мына Аллах ушул. Андай болсо кантип бурулуп кетүүдөсүңөр?
Энам Сүрөсү, 95

Бул аятта Куран түшүрүлгөн доордо билүү мүмкүн болбогон бир азык айлануусуна көңүл бурулган.

Азыктын айланышы

Бир жандык өлгөндө, микроорганизмдер аны абдан бат майдалашат. Натыйжада өлүү дене органикалык молекулаларга айланган болот. Бул молекулалар топуракка аралашып, өсүмдүк жана жаныбарлардын, жана натыйжада адамдардын негизги азык булагы болот. Эгер мындай айлануу болбосо, жашоо да мүмкүн болбой калмак.

Бактериялар болсо жандыктардын муктаждыгы болгон минерал жана азыктарды даярдоо милдетин аткарышат. Кыш бою дээрлик өлүк абалда болгон өсүмдүк жана кээ бир жаныбарлар жазында кайрадан жанданып жатканда муктаж болгон бардык азык жана минералдар кышындагы бактериялардын иш-аракеттери менен камсыз кылынат. Кыш бою бактериялар органикалык калдыктарды, б.а. жаныбар жана өсүмдүк өлүктөрүн майдалап, минералдарга айландырышат.1 Натыйжада жандыктар жазында ойгонушканда азыктары даяр болгон болот. Бактериялар урматында бир тараптан алар жашаган чөйрөдө бир «жаз тазалыгы» жасалган болсо, экинчи тараптан жазда кайрадан жанданган табият үчүн жетиштүү көлөмдө азык даярдалган болот.

Байкалгандай, өлгөн жандыктар жаңы жандыктардын жашашында биринчи даражадагы ролго ээ. Ошентип Аллах аятта «тирүүнү өлүктөн чыгарат, өлүктү болсо тирүүдөн чыгарат» сүйлөмү менен көңүл бурган бул айлануу эч кемчиликсиз ишке ашкан болот. Куранда мынчалык детальдуу бир маалыматка кылымдар мурда көңүл бурулушу – Курандын Аллахтын сөзү экендигинин далилдеринин бири.

Эскертүүлөр

  1. Bilim ve Teknik, Mayıs 1987, no. 234, s. 17. ↩

Аяттарга шилтемелер