Немл Сүрөсү, 88
Тоолордун кыймылдашы
Бир аятта тоолордун сырттан көрүнгөндөй кыймылсыз эмес, тынымсыз кыймылда экени мындайча билдирилүүдө:
Бир аятта тоолордун сырттан көрүнгөндөй кыймылсыз эмес, тынымсыз кыймылда экени мындайча билдирилүүдө:

وَتَرَى ٱلْجِبَالَ تَحْسَبُهَا جَامِدَةًۭ وَهِىَ تَمُرُّ مَرَّ ٱلسَّحَابِ ۚ صُنْعَ ٱللَّهِ ٱلَّذِىٓ أَتْقَنَ كُلَّ شَىْءٍ ۚ إِنَّهُۥ خَبِيرٌۢ بِمَا تَفْعَلُونَ ٨٨
Тоолорду карап, (аларды) кыймылдабай турат деп ойлойсуң; чынында болсо алар булуттар айдалгандай айдалышат...
Тоолордун мындай кыймылы алар турган жердин үстүңкү бетинин кыймылынан келип чыгат. Жердин үстүңкү бети андан тыгызыраак болгон мантия катмарынын үстүндө сүзүп жүргөн сыяктуу кыймылдап турат. Алгач жолу 20-кылымдын баштарында Альфред Вегенер (Alfred Wegener) аттуу бир илимпоз жер бетиндеги материктердин жердин алгачкы убактарында бириккен абалда болушканын, кийинчерээк ар тарапка айдалышып, бири-биринен бөлүнүп, алысташканын айткан эле.
Бирок геологдор Вегенердин туура айтканын ал өлгөндөн 50 жылдан кийин, т.а. 1980-жылдары түшүнүшкөн. Вегенер 1915-жылы жарык көргөн бир макаласында айткандай, жер бетиндеги кургактык бөлүктөрү болжол менен 500 миллион жыл мурда бири-бирине бириккен абалда эле жана Пангея (Pangaea) деп аталган бул чоң кургактык Түштүк уюлда жайгашкан эле. Болжол менен 180 миллион жыл мурда Пангея экиге бөлүнгөн. Ар кайсы тарапка айдалган бул эки ири материктин бири Африка, Австралия, Антарктика жана Индияны камтыган Гондвана эле. Экинчиси болсо, Европа, Түндүк Америка жана Индиясыз Азиядан турган Лавразия эле. Мындай бөлүнүүдөн кийинки болжолдуу 150 миллион жылдын ичиндеги ар кайсы убактарда Гондвана жана Лавразия андан да кичинекей бөлүктөргө бөлүнүшкөн.
Пангеянын бөлүнүшү натыйжасында пайда болгон бул материктер тынымсыз кургактык жана деңиз арасындагы бөлүнүшүн өзгөртүп, жыл сайын бир канча сантиметрлик ылдамдык менен жер бетинде кыймылдашууда.
20-кылымдын баштарында жасалган геологиялык изилдөөлөр натыйжасында аныкталган жердин үстүңкү кабатынын мындай кыймылы илимий булактарда төмөнкүдөй түшүндүрүлөт:
Жердин үстүңкү катмары жана үстүңкү мантиядан турган 100 км калыңдыктагы жердин үстү «катмар» деп аталган бөлүктөрдөн турат. Жердин бетин түзгөн алты чоң катмар жана сансыз кичинекей катмарлар бар. «Катмар тектоникасы» деп аталган теория боюнча, бул катмарлар материктерди жана океандын түбүн да алып жүрүп, жердин бетинде кыймылдашат... Материктик кыймылдын жылына болжолдуу 1-5 см экени аныкталган. Катмарлар ушинтип кыймылдаган сайын жердин географиясында өзгөрүүлөр болуп турат. Мисалы, Атлантика океаны жыл сайын бир азга кеңейүүдө.
Бул жерде дагы бир маанилүү жагдай бар: Аллах тоолордун кыймылын аятта «айдалуу» деп билдирген. Учурда илимпоздор бул кыймыл үчүн колдонгон англисче термин да «continental drift», б.а. «материктик айдалуу».
Материктердин кыймылы Куран түшүрүлгөн доордо байкоого мүмкүн болбогон бир маалымат эле жана Аллах аяттагы «тоолорду көрүп, кыймылсыз турат деп ойлойсуң» сүйлөмү аркылуу адамдардын бул жөнүндө кандай ойлонушаарын алдын-ала билдирүүдө. Бирок андан соң бул чындыкты түшүндүрүп, тоолордун булуттар айдалган сыяктуу айдалганын кабар берген. Байкалгандай, аятта тоолор жайгашкан катмардын кыймылына апачык көңүл бурулган.
Илим жакында гана аныктаган бул илимий чындыктын аалам жана табият жөнүндөгү көз-караштар уламыш, негизсиз ишеним жана жомокторго таянган 7-кылымда Куранда билдирилиши – албетте, улуу бир керемет. Жана Курандын Аллахтын сөзү экендигинин абдан маанилүү бир далили.
Эскертүүлөр
- Carolyn Sheets, Robert Gardner, Samuel F. Howe, General Science, Allyn & Bacon Inc. Newton, Massachusetts, 1985, s. 305.
- Powers of Nature, National Geographic Society, Washington D. C., 1978, ss. 12-13.
