Сад Сүрөсү, 41-42
Кыймылдоонун, жуунуунун жана суу ичүүнүн ден-соолукка пайдалары
Куранда көңүл бурулган кыймыл-аракеттердин бири Аз. Айубка келген бир вахийди баяндаган аяттарда билдирилет:
Куранда көңүл бурулган кыймыл-аракеттердин бири Аз. Айубка келген бир вахийди баяндаган аяттарда билдирилет:

وَٱذْكُرْ عَبْدَنَآ أَيُّوبَ إِذْ نَادَىٰ رَبَّهُۥٓ أَنِّى مَسَّنِىَ ٱلشَّيْطَٰنُ بِنُصْبٍۢ وَعَذَابٍ ٤١ ٱرْكُضْ بِرِجْلِكَ ۖ هَٰذَا مُغْتَسَلٌۢ بَارِدٌۭ وَشَرَابٌۭ ٤٢
Пендебиз Айубду да эстегин. Ал: «Шайтан мага оор бир кыйноо жана азап жеткирди окшойт» деп Раббисине кайрылган эле. «Бутуңду кыймылдат. Мына жууна турган жана иче турган муздак (суу» деп вахий кылдык).
Аз. Айубка шайтан берген кыйынчылык жана тынчсызданууга карата Аллах билдирген кеңештердин бири – бул «бутун кыймылдатышы». Аяттагы бул сөз кыймылдоонун, спорт менен машыгуунун пайдаларына ишарат болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.) «Бутуңду кыймылдат, жерди теп» деп которулган «уркуд» сөзү Анбия Сүрөсүнүн 12- жана 13-аяттарында «чуркоо» маанисинде колдонулууда. Бул болсо бул жерде айтылган кыймыл-аракеттин «чуркоо» же «ылдам басуу» маанисинде болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө.
Спорт учурунда өзгөчө бут булчуңдары сыяктуу узун булчуңдардын кыймылдатылышы (изометрикалык кыймыл-аракеттер) менен кан айлануу ылдамдайт, клеткаларга баруучу кычкылтек көбөйөт. Натыйжада адамдын чарчоосу жоголот, уулуу заттардын денеден чыгышы натыйжасында болсо адам энергиялуу абалга келет. Ошол эле учурда дене микропторго карата бир топ чыдамкай абалга келет. Үзбөстөн көнүгүү жасап жүргөн адамдардын кан-тамырлары кенен жана таза болот. Бул болсо тамырлардын тосулушунун, жана натыйжада жүрөк ооруларынын алдын алат. Мындан тышкары, үзбөстөн, дайыма жасалган көнүгүүлөр кандагы шекердин тең салмактуулугун камсыздап, шекер оорусунун алдын алуучу рол ойнойт. Спорттун боорго болгон оң таасири – бул «жакшы холестерол» деп атоого мүмкүн болгон холестерол көлөмүн жогорулатышы. Ошондой эле, жылаң аяк жерде басуу денеде чогулган туруктуу электрдик зарядды жок кылууда эң мыкты ыкма болуп саналат. Бул ыкма дене үчүн бир зарядды жерге өткөрүү кызматын аткарат.
Мындан тышкары, аятта көңүл бурулгандай, жуунуунун да денедеги статикалык токту чыгарууда эң жакшы ыкма экени белгилүү. Жуунганда денеде чогулган кирден тышкары адамдын үстүндөгү капалануу жана кыйынчылык да азайат. Ошондуктан, жуунуу стресс жана температура оорулары кошо көптөгөн физикалык жана психологиялык ооруларды айыктыруучу таасирге ээ.

Аятта жуунуудан тышкары суу ичүү да сунушталган. Суунун дененин ар бир органына болгон пайдалары абдан көп. Тер бездери, ашказан, ичегилер, бөйрөктөр, тери жана ушул сыяктуу дагы көптөгөн органдын чың болушу суунун жетиштүү көлөмдө ичилишинен көз-каранды. Бул багытта кандайдыр бир оору же кыйынчылыкты да кайра эле суу ичүү менен кетирүүгө болот. Чарчоону жана уйкусуроону жоюу үчүн да денедеги суунун көлөмүн жогорулатып, натыйжада уулуу заттардан тазалануу керек болот.
Ар бири дене жана рухубуздун чың болушу үчүн абдан чоң мааниге ээ болгон бул кеңештердин чогуу жасалышы болсо эң идеалдуу натыйжаны берет. Бул кеңештердин баары Аллахтын «Куранда ыймандуулар үчүн шыпаа жана рахмат (мээрим) болгон нерселерди түшүрүүдөбүз...» (Исра Сүрөсү, 82) аятынын бир көрүнүшү.
Эскертүүлөр
- Kathleen Mullen, Some Benefits of Exercise, Medical Times, C.Brown Publishers, 1986.


