Нур Сүрөсү, 43
Мөндүр, чагылган жана күн күркүрөөнүн пайда болушу
Бул аятта чагылгандын мөндүр менен болгон байланышына көңүл бурулууда. Мөндүрдүн чагылгандын пайда болушуна болгон таасири изилденгенде, аятта маанилүү бир метеорологиялык чындыкка ишарат кылынганы байкалат.
أَلَمْ تَرَ أَنَّ ٱللَّهَ يُزْجِى سَحَابًۭا ثُمَّ يُؤَلِّفُ بَيْنَهُۥ ثُمَّ يَجْعَلُهُۥ رُكَامًۭا فَتَرَى ٱلْوَدْقَ يَخْرُجُ مِنْ خِلَٰلِهِۦ وَيُنَزِّلُ مِنَ ٱلسَّمَآءِ مِن جِبَالٍۢ فِيهَا مِنۢ بَرَدٍۢ فَيُصِيبُ بِهِۦ مَن يَشَآءُ وَيَصْرِفُهُۥ عَن مَّن يَشَآءُ ۖ يَكَادُ سَنَا بَرْقِهِۦ يَذْهَبُ بِٱلْأَبْصَٰرِ ٤٣
... Асмандан ичинде мөндүрү бар тоолор (сыяктуу булуттар) түшүрүп, аны каалаганына туш кылат, (жана) каалаганынан аны кайтарат (тосот); чагылганынын жаркыраганы көздөрдү алып көр кылчудай болот.
Бул аятта чагылгандын мөндүр менен болгон байланышына көңүл бурулууда. Мөндүрдүн чагылгандын пайда болушуна болгон таасири изилденгенде, аятта маанилүү бир метеорологиялык чындыкка ишарат кылынганы байкалат. Meterology Today (Учурда метеорология) аттуу китепте мөндүр жана чагылгандын пайда болушу жөнүндө мындай жоромол айтылат:

Ашыкча муздаган тамчылардан жана муз кристаллдарынан турган бир булут аймагынан мөндүр түшкөн сайын булуттарда электрдик заряд пайда болот. Суюк абалдагы тамчылар да мөндүрлөр менен сүзүшкөндө, тийүү учурунда тоңушат жана потенциалдуу жылуулуктарын жоготушат. Бул мөндүрдүн үстүңкү бетинин муз кристаллынын айланасынан ысыгыраак болушун камсыз кылат. Мөндүр муз кристаллга тийгенде болсо маанилүү бир кубулуш ишке ашат. Электрондор муздагыраактан жылуураакты көздөй жылышат. Мунун натыйжасында мөндүр терс (-) зарядга ээ болот. Ушундай эле таасир абдан муздаган суу тамчылары бир мөндүргө тийгенде жана оң (+) заряддуу абдан кичинекей муз бөлүкчөлөрү сынганда да пайда болот. Жеңилирээк жана оң заряддуу бөлүкчөлөр аба кыймылы менен булуттардын жогору тарабын көздөй кыймылдашат. Терс зарядга ээ бойдон калган мөндүр булуттун төмөнкү бөлүгүн көздөй түшөт, натыйжада булуттун ылдыйкы тарабы терс заряддалат. Бул терс заряддар чагылган катары жер бетин көздөй агып, өз зарядын жоготушат. Бул тараптан мөндүр чагылгандын пайда болушунда негизги фактор.
Төмөнкү аятта болсо жамгыр булуттарынын чагылгандар менен болгон байланышына жана булардын пайда болушунун кезегине көңүл бурулган; булар да илимий жыйынтыктарга абдан дал келет:
أَوْ كَصَيِّبٍۢ مِّنَ ٱلسَّمَآءِ فِيهِ ظُلُمَٰتٌۭ وَرَعْدٌۭ وَبَرْقٌۭ يَجْعَلُونَ أَصَٰبِعَهُمْ فِىٓ ءَاذَانِهِم مِّنَ ٱلصَّوَٰعِقِ حَذَرَ ٱلْمَوْتِ ۚ وَٱللَّهُ مُحِيطٌۢ بِٱلْكَٰفِرِينَ ١٩
Же болбосо (алар) караңгылык, күн күркүрөө жана чагылганга толгон «асмандан (келген) күчтүү бир жамгыр добулуна кабылгандар сыяктуу, чагылгандар берген коркунучтан»; өлүм коркунучунан манжалары менен кулактарын жабышат...
Жамгыр булуттары 25,6 км - 256 км аянт, 9000 - 12000 м бийиктикке ээ абдан чоң массалар абалында болушат. Мындай укмуштуу калыңдыктан улам бул булуттардын төмөнкү тарабы караңгы. Күн нурлары булутту түзгөн суу жана муз бөлүкчөлөрү абдан көп болгондуктан ылдый өтө албайт. Мындай тыгыздыктан улам жер бетине бул булуттар арасынан абдан аз санда күн нуру жетет жана ошондуктан жерден караган адам булутту караңгы абалда көрөт. Булуттун үстүңкү тарабында болсо караңгылык азыраак жана жер бетине жакындаган сайын караңгылыгы жогорулайт.

Караңгылыктан соң аятта көңүл бурулган күн күркүрөө жана чагылгандын пайда болуу баскычтары болсо төмөнкүчө: жамгыр булуттарынын ичинде электрдик заряд чогулат. Булуттардагы мындай электрлешүү тоңуу, тамчылардын бөлүнүшү, тийүү учурундагы заряддалуу сыяктуу процесстер натыйжасында пайда болот. Мындай электрдик заряддын чогулушу, арасына кирген абанын аларды изоляция кыла албай турган абалга келиши натыйжасында ири бир учкун оң жана терс заряддуу аймактар арасында ортого чыгат. Карама-каршы заряддуу эки аймак арасындагы чыңалуу 1 миллиард вольтко жетиши мүмкүн. Учкун булуттун ичинде да болушу мүмкүн, оң заряддуу бир аймактан терс заряддуу бир аймакты көздөй эки булут арасында агышы мүмкүн же бир булуттан жер бетин көздөй агым жарылышы мүмкүн. Мындай учкундар көздү алчудай жаркыраган чагылгандарды пайда кылат. Чагылган линиясы боюнча пайда болгон электрдик заряддагы мындай кокус жогорулоо абдан жогорку температураларга (10 000 °C) себеп болот. Мунун натыйжасында абада кокус бир кеңейүү болот жана абдан чоң бир жарылуу добушу сыяктуу болуп күн күркүрөөсү пайда болот.
Байкалгандай, бир жамгыр булутунда катары менен караңгы катмарлар, чагылган деп аталган электрдик заряддуу учкундар жана күн күркүрөөсү деп аталган жарылуу добушу пайда болот. Заманбап илимдин булуттардын пайда болушу, күн күркүрөөсү жана чагылгандын себептери жөнүндө айткандарынын баары Куран аяттарынын бардык сүрөттөөлөрүнө абдан окшошот.
Эскертүүлөр
- C. Donald Ahrens, Meterology Today: An introduction to weather, climate and environment, 3. baskı, West Publishing Company, 1988, St. Paul, s. 437.
- http://webhome.idirect.com/~alila/Writings/Physics.htm
- http://webhome.idirect.com/~alila/Writings/Physics.htm
