Фуркан Сүрөсү, 48-49
Өлүк бир жерди жандандыруучу жамгырлар
Куранда жамгырдын «өлүк бир жерди тирилтүүчү» функциясына көп аяттарда көңүл бурулат:
Куранда жамгырдын «өлүк бир жерди тирилтүүчү» функциясына көп аяттарда көңүл бурулат:

وَهُوَ ٱلَّذِىٓ أَرْسَلَ ٱلرِّيَٰحَ بُشْرًۢا بَيْنَ يَدَىْ رَحْمَتِهِۦ ۚ وَأَنزَلْنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ طَهُورًۭا ٤٨ لِّنُحْۦِىَ بِهِۦ بَلْدَةًۭ مَّيْتًۭا وَنُسْقِيَهُۥ مِمَّا خَلَقْنَآ أَنْعَٰمًۭا وَأَنَاسِىَّ كَثِيرًۭا ٤٩
... Биз асмандан таптаза бир суу түшүрүүдөбүз. Аны менен өлүк бир жерди (топуракты) жандандыруу жана (Аллах) жараткан жаныбарлардын жана адамдардын бир тобун аны менен сугаруу үчүн.
Жамгырдын жандыктар үчүн эң зарыл муктаждык болгон сууну жер бетине түшүрүшүнөн тышкары уруктандыруучу өзгөчөлүгү да бар. Океандардан бууланып булуттарга жеткен жамгыр тамчылары өлүк топуракты «жандандыра турган» кээ бир элементтерге ээ. Мындай «жандандыруучу» өзгөчөлүктүү жамгыр тамчылары «беттик тартылуу тамчылары» деп аталат. Беттик тартылуу тамчылары биологдор океан бетинин микро катмары деп атаган үстүңкү тарабында пайда болушат; миллиметрдин ондо биринен да ичке болгон бул үстүңкү кабыкчада микроскопиялык балырлардын жана зоопланктондордун чиришинен пайда болгон көптөгөн органикалык калдыктар бар. Бул калдыктардын кээ бирлери океан суусунда абдан аз кездешкен фосфор, магний, калий сыяктуу элементтерди жана мындан тышкары жез, цинк, кобальт жана коргошун сыяктуу оор металлдарды бөлүп алып, өз ичине топтошот. Жер бетиндеги урук жана өсүмдүктөр өсүшү үчүн керектүү болгон көп сандагы минералдык туздарды жана элементтерди мына ушул жамгыр тамчыларынан алышат. Куранда дагы бир аятта бул кубулуш мындайча билдирилет:
وَنَزَّلْنَا مِنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءًۭ مُّبَٰرَكًۭا فَأَنۢبَتْنَا بِهِۦ جَنَّٰتٍۢ وَحَبَّ ٱلْحَصِيدِ ٩
Жана асмандан куттуу (береке жана мээримге толо) суу түшүрдүк; ошентип аны менен бакчалар жана өнө турган уруктарды өстүрдүк.
Жамгыр менен жерге түшкөн бул туздар түшүмдү көбөйтүү үчүн колдонулган кадимки жер семирткичтердин кээ бирлеринин (кальций, магний, калий ж.б.) кичинекей мисалдары. Мындай аэрозольдордогу оор металлдар болсо өсүмдүктөрдүн өсүшүндө жана түшүмүндө түшүмдүүлүктү жогорулатуучу элементтерди түзүшөт. Кыскача айтканда, жамгыр маанилүү бир жер семирткич. Жарды бир топурак бир гана жамгыр аркылуу келген бул жер семирткичтер менен да бир кылымдык бир мөөнөт ичинде өсүмдүктөр үчүн керектүү болгон бардык элементтерге ээ боло алат. Токойлор да океандан келген ушул аэрозольдор жардамы менен өнүгөт жана азыктанат.
Бул жол менен жыл сайын кургак жерлердин жалпы аянтына 150 миллион тонна жер семирткич түшүүдө. Мындай табигый жер семирткич функциясы болбогондо, жер бетинде өсүмдүк абдан аз болмок жана жашоо тең салмактуулугу бузулмак. Аяттагы жамгырдын жандандыруучу өзгөчөлүгү жөнүндө берилген маалымат – Курандын сансыз кереметтүү өзгөчөлүгүнүн бирөөсү гана.
