Нур Сүрөсү, 35

Шыпаа булагы бир өсүмдүк: зайтун

Куранда көңүл бурулган азыктардын бири – бул зайтун. Акыркы жылдарда жасалган изилдөөлөр зайтундун бир гана даамдуу бир азык эле эмес, ошондой эле ден-соолукка да абдан пайдалуу экенин аныктады.

7 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

Куранда көңүл бурулган азыктардын бири – бул зайтун. Акыркы жылдарда жасалган изилдөөлөр зайтундун бир гана даамдуу бир азык эле эмес, ошондой эле ден-соолукка да абдан пайдалуу экенин аныктады. Зайтун жана зайтундун майы да абдан жакшы азык. Куранда зайтун дарагынын майына болсо төмөнкү аятта көңүл бурулган:

Шыпаа булагы бир өсүмдүк: зайтун

۞ ٱللَّهُ نُورُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۚ مَثَلُ نُورِهِۦ كَمِشْكَوٰةٍۢ فِيهَا مِصْبَاحٌ ۖ ٱلْمِصْبَاحُ فِى زُجَاجَةٍ ۖ ٱلزُّجَاجَةُ كَأَنَّهَا كَوْكَبٌۭ دُرِّىٌّۭ يُوقَدُ مِن شَجَرَةٍۢ مُّبَٰرَكَةٍۢ زَيْتُونَةٍۢ لَّا شَرْقِيَّةٍۢ وَلَا غَرْبِيَّةٍۢ يَكَادُ زَيْتُهَا يُضِىٓءُ وَلَوْ لَمْ تَمْسَسْهُ نَارٌۭ ۚ نُّورٌ عَلَىٰ نُورٍۢ ۗ يَهْدِى ٱللَّهُ لِنُورِهِۦ مَن يَشَآءُ ۚ وَيَضْرِبُ ٱللَّهُ ٱلْأَمْثَٰلَ لِلنَّاسِ ۗ وَٱللَّهُ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌۭ ۝٣٥

Аллах – асмандардын жана жердин Нуру. Анын нурунун мисалы, чырак турган бир текче сыяктуу. Чырак – шишенин ичинде, шише болсо кудум эле каухар жылдызы. Ал (чырак) чыгышта да эмес, батышта да эмес (ар дайым нур тийип турган) берекеттүү зайтун дарагы(нын майы) менен жагылат. Анын майы (тунуктугунан улам) от тийбесе деле нур тараткандай болот. (Ал) Нур үстүнө нур (чачат). Аллах каалаган пендесин Өз Нуруна багыттайт. Аллах адамдарга (ушундай) мисалдарды келтирет. Аллах бүт нерсени Билүүчү.
Нур Сүрөсү, 35

Бул аятта «мубарекетин зейтунетин» сөзү менен зайтун «берекелүү, куттуу, сансыз пайда берүүчү» маанилерине келген мубарек сыпаты менен сыпатталган. «Зейтуха» сөзү менен билдирилген зайтун майы, башка катуу майлардын тескерисинче, бардык адистер тарабынан эң биринчиден жүрөк жана кан-тамырдын чың болушу үчүн жана башка себептерден улам эң көп сунушталган май түрү катары белгилүү. Зайтун майынын ден-соолукка пайдаларын мындайча саноого болот:

Жүрөк жана кан-тамырдын чың болушуна пайдалуу болушу

Зайтун жана зайтун майынын ичиндеги май кислоталарынын көпчүлүгү «моно тойбогон майлар». Моно тойбогон майларда холестерол жок. Ошондуктан зайтун майы кандагы холестеролду жогорулатпайт, тескерисинче контрольдоп турат. Зайтун майы мындан тышкары, денеге абдан керек болгон (EFA: essential fatty asit) омега-6 май кислотасына (линолеикалык кислота) ээ. Мындай өзгөчөлүгү үчүн ден-соолук уюму да (Дүйнөлүк ден-соолук уюму/WHO) тамыр катуулугу, шекер оорулары көп кездешчү коомдордо колдонулган майлардын ичиндеги май кислотасынын эң аз 30%ынын омега-6 май кислотасы (линолеикалык кислота) болушун сунушташууда; бул болсо зайтундун баалуулугун өстүрүүдө.

Бул темадагы изилдөөлөр 1 жума бою күн сайын 25 миллилитр –болжол менен 2 аш кашык-табигый зайтун майын керектеген адамдардын азыраак LDL (жаман холестерол) жана көбүрөөк антиоксидант деңгээлин көрсөткөнүн аныктаган.1 Антиоксиданттар «эркин радикалдар» деп аталган денебиздеги зыяндуу заттарды таасирсиз кылышы жана клетканын кыйрашына тоскоол болушу жагынан абдан маанилүү заттар. Мындан тышкары, зайтун майын колдонуунун холестерол деңгээлин төмөндөтөөрү жана жүрөк ооруларынын алдын алаары көптөгөн изилдөөлөр тарабынан тастыкталган.

Зайтун майы канда айлануучу LDL аттуу зыяндуу холестерол деңгээлин төмөндөтүп, ошол эле учурда HDL аттуу пайдалуу холестерол деңгээлин болсо жогорулаткандыктан, жүрөк жана кан-тамыр ооруларына дары катары сунушталууда. Жүрөк жана кан-тамыр оорулары көп кездешкен өлкөлөрдө көбүнчө көп холестеролго ээ «тойгон майлар» керектелүүдө.

Ошондой эле, зайтун майы денедеги омега-6 май кислотасынын омега-3 май кислотасына болгон катышын да бузбай сактайт. Омега-3 жана омега-6 май кислоталарынын денеге белгилүү бир көлөмдө алынышы абдан маанилүү. Себеби бул катыштарда тең салмаксыздык болгондо, жүрөк, иммундук система менен байланыштуу оорулар жана рак да кошо көптөгөн оору пайда болууда. Ушул себептерден улам көп адамдар зайтун майы менен ден-соолугун чыңап келишүүдө. Америка жүрөк коомчулугу жүрөк ооруларынын рискин төмөндөтүү үчүн көп сандагы «моно тойбогон майлар» диетасынын 30% аз майлуу диетага бир альтернатива боло алаарын айтууда.

Рактын алдын алышы

The Archives of Internal Medicine'де жарык көргөн бир эмгек көп санда «моно тойбогон май» керектеген аялдардын көкүрөк рагына кабылуу рискинин төмөнүрөөк экенин көрсөткөн.2 Нью-Йоркто Буффало университетинин изилдөөчүлөрү жүргүзгөн башка бир изилдөөдө болсо зайтун майы сыяктуу өсүмдүк майларында кездешчү бир май болгон B-ситостериндин простат рагы клеткаларынын пайда болушуна тоскоол болууда көмөкчү болоору айтылган. Изилдөөчүлөр B-ситостерин клеткаларга «бөлүнбө» буйругун берүүчү клетка ичиндеги байланыш системасын күчтөндүрөт, натыйжада, клетка чоңойушу контрольсуз абалга келбестен мурун, ракка тоскоол болууга мүмкүн болот деген жыйынтыкка барышкан.

Оксфорд университетиндеги докторлор тарабынан жасалган акыркы бир изилдөөдө болсо зайтун майынын ичеги рагынан коргоочу өзгөчөлүккө ээ экени аныкталган. Докторлор зайтун майынын ичеги рагынын башталышына тоскоол болуу үчүн ашказандагы кислота менен реакцияга кирээрин аныкташкан. Оксфорд изилдөөчүлөрү, ошондой эле, зайтун майынын өт суюктугун азайтып, DAO (диаминоксидаз аттуу энзим) деңгээлин жогорулатып, анормалдуу клеткалардын көбөйүшүнөн жана рактан коргоочу экенин аныкташкан.3 Артриттин (тарамыш инфекциясы) алдын алышы Изилдөөчүлөрдүн жыйынтыктары боюнча, көп санда зайтун майы жана бышкан жашылча жеген адамдарда тарамыштардагы хроникалык инфекциялык оору болгон ревматизмалык артрит болуу риски төмөндөшү мүмкүн.

Сөөктүн өрчүшүнө көмөкчү болушу

Зайтун майындагы E, A, D, жана K витаминдери жаш балдардын жана өспүрүмдөрдүн сөөктөрүнүн өрчүшүнө көмөкчү болуу, кальцийди турукташтырып, сөөктөрдү күчтөндүрүшү жагынан абдан маанилүү. Ошондой эле, улгайгандарга да өзгөчө сунушталууда, себеби сиңиши оңой жана минералдар менен витаминдердин денеде колдонулушуна көмөкчү болот. Мындан тышкары, сөөк минерализациясын (минералдардын сөөктөрдө чөгүшү) кыймылга келтирип, кальций жоготууга тоскоол болот.4 Сөөктөр организмдин минералдык түзүлүшүнүн кампасын түзөт жана сөөктөрдө минерал топтолбосо сөөктүн жумшарышы сыяктуу олуттуу оорулар пайда болот. Бул жагынан зайтун майынын скелет түзүлүшүнө абдан оң пайдасы бар.

Улгайуунун алдын алышы

Зайтун майындагы витаминдер клетка жаңылоочу өзгөчөлүктөргө ээ болгондуктан, улгайууну дарылоодо да колдонулат, терини азыктандырышат жана коргошот. Азыктар денебизде энергияга айлантылып жатканда, оксидант деп аталган кээ бир заттарды чыгарат. Зайтун майы ичиндеги көп сандагы антиоксидант заты менен зыяндуу заттардын зыянынын алдын алат, клеткаларды жаңылайт, кыртыш жана органдарыбыздын улгайышын кечеңдетет. Ошондой эле, зайтун майы денебизде клеткаларды кыйратуучу, улгайтуучу «эркин радикалдарды» басып туруучу Е витаминине да бай.

Жаш балдардын чоңойушуна салым кошушу

Зайтун жана зайтун майы ичиндеги линол кислотасынан (омега-6 май кислотасы) улам жаңы төрөлгөн наристелер, чоңойуп жаткан балдар үчүн абдан пайдалуу бир азык. Линол кислотасынын жетишсиздиги наристенин өрчүшүнүн жайлашына жана бир катар тери ооруларынын пайда болушуна себеп болот.

Зайтун майы денебиздеги зыяндуу заттардын зыянынын алдын алуучу антиоксидант элементтерди жана адам үчүн абдан маанилүү болгон май кислоталарын камтыйт. Булар болсо гормондорго жардам берет жана клетка кабыкчасынын пайда болушуна көмөкчү болушат.

Зайтун майы адамдын сүтүндөгү май кислотасынын катышына окшош, тең салмактуу бир курамга ээ. Адамдын денеси тарабынан өндүрүлө албаган, ошол эле учурда дене үчүн сөзсүз керек болгон мындай негизги май кислоталарга зайтун майы жетиштүү бир булак болот. Бул факторлор зайтун майын жаңы төрөлгөн наристелер үчүн абдан пайдалуу кылууда.

Төрөттөн мурда жана кийин наристе мээсинин жана нерв системасынын табигый өрчүшүнө салым кошкондуктан, адистер тарабынан энелерге бир гана зайтун майы сунушталууда. Эне сүтүнө жакын көлөмдө линол кислотасын камтуу менен бирге майсыз уй сүтүнө зайтун майы кошулганда, эне сүтүндөй табигый бир азык булагына айланат.

Кан басымын түшүрүүчү таасири:

Archives of Internal Medicine журналынын 2000-жылдын 27-мартындагы санында жарыяланган бир эмгек зайтун майынын жогорку кан басымын төмөндөтөөрүнө дагы бир жолу басым жасаган. Мындан тышкары, зайтун дарагынын жалбырагынан кан басымын төмөндөтүүчү дарылар жасалууда.

Ички органдарга пайдалары:

Ысык же муздак болсун, кандай абалда керектелсе да, зайтун майы ашказан кислотасын азайтып, ашказанды гастрит жана ашказан жарасы (язва) сыяктуу оорулардан коргойт. Мындан тышкары, өт суюктугун иштетип, эч кемчиликсиз абалга келишин камсыздайт. Өттүн тазалануу процессин жөнгө салат жана өт ташы рискин азайтат. Ошондой эле, ичиндеги хлор урматында боордун иштешине көмөкчү болот жана натыйжада дененин калдыктардан тазаланышын жеңилдетет. Мындан тышкары, мээ артерияларынын чың болушуна да жардам берет.

Ушундай көптөгөн өзгөчөлүктөрүнөн улам зайтун майы акыркы жылдарда адистердин көңүлүн абдан бурууда. Адистердин жоромолдорунун кээ бирлери төмөнкүдөй:

Ден-соолук жана тамактануу тармагында алдыңкы авторитеттердин бири, CNN'дин сыйлыктуу корреспонденти The Food Pharmacy (Азыктануу фармацевтикасы) жана Food-Your Miracle Medicine (Тамак-аштар – кереметтүү дарыларыңыз) китептеринин автору жана ошол эле учурда эл аралык бир журналист Jean Carper:

Жаңы Италия изилдөөсү зайтун майынын LDL холестеролунун артерияларды тосуп калуу өзгөчөлүгү да кошо кээ бир оору процесстери менен согушкан... антиоксиданттарга ээ экенин аныктаган.

Диетолог жана тамактануу адиси Pat Baird:

Зайтун майынын көп тараптуулугу... анын ден-соолукка болгон пайдасы жөнүндө али биле элек көп нерсе бар.

Шыпаа булагы бир өсүмдүк: зайтун

Гарвард университетинин Элдин ден-соолугу мектебинин эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Dr. Dimitrios Trichopoulos:

Америкалык аялдар тойгон майлардын ордуна көбүрөөк зайтун майы керектешкенде, көкүрөк рагы рискинде 50%га чейин төмөндөө болушу мүмкүн эле.

... Зайтун майы кээ бир жаман шишик түрлөрүнөн коргоочу таасирге ээ: простатит, көкүрөк, ичеги, шапкалуу клетка жана тамак шишиктери.

Майами университетинин медицина факультетинен D. Peck:

Зайтун майынын чычкандардын иммундук системасын күчтөндүрөөрү аныкталган...

Милан фармацевтика факультетинен Bruno Berra:

... табигый сызма зайтун майынын кичинекей полярдык элементтери LDL'дин кычкылданууга болгон тирешүүсүн маанилүү көлөмдө жогорулатат.

II. Federico университети терапия жана метаболизма оорулары бөлүмүнөн A. A. Rivellese жана G. Riccardi, M. Mancini:

Зайтун майы инсулин каршылыгына тоскоол болот жана кандагы глюкозанын жакшыраак башкарылышын камсыз кылат.

Napoli университетинин медицина жана химия факультетинен Patrizia Galletti:

Зайтун майы полифенолдорунун азык катары алынышы реактивдүү кычкылтек метаболиттер менен байланыштуу оорулардын рискин төмөндөтүшү мүмкүн –ашказан жана ичегилер менен байланыштуу кээ бир оорулар жана сосуддардын тосулуп калышы сыяктуу. Зайтун майы гидрокситирозолду адам эритроциттерин кычкылдануу коркунучунан коргойт.

Гарвард университетинин элдин ден-соолугу мектебинен Frank Sacks:

Зайтун майына бай бир диета ашыкча салмактуулукту башкарууда жана дарылоодо аз майлуу бир диетадан натыйжалуураак. Мындан тышкары, көбүрөөк убакка салмак жоготууга себеп болот жана салмакты башкаруу жеңилирээк...

Байкалгандай, учурда көптөгөн илимпоздор зайтун майына негизделген бир азыктануу моделин эң идеалдуу деп айтышууда. Ушундай өзгөчөлүктөрүнөн улам күнүмдүк тамактануу рационунда дайыма болушу керек болгон эң негизги азыктар катары зайтун жана зайтун майы айтылууда. Аллах көп аятта көңүл бурган зайтун өсүмдүгүнүн пайдалары медицина илиминин өнүгүшү менен бирге аныкталды.

Ал силерге асмандан суу түшүрөт. Ичер сууңар да ошондон, дарак да ошондон. Жана андан (жаныбарларды) сугарасыңар. (Аллах) ал суу менен силердин пайдаңар үчүн өсүмдүктөрдү, зайтунду, курмаларды, жүзүмдөрдү жана түрдүү мөмөлөрдү өстүрөт. Шексиз буларда пикир кылган элдер үчүн аят-далилдер бар. (Нахл Сүрөсү, 10-11)

Эскертүүлөр

  1. European Journal of Clinical Nutrition, Nisan 2002, c. 56, ss. 114-120. ↩
  2. Archives of Internal Medicine, 1998, c. 158, ss. 1181-1187. ↩
  3. American Journal of Clinical Nutrition, 1999, c. 70, ss. 1077-1082. ↩
  4. American Journal of Clinical Nutrition, 1999, c. 70, ss. 1077-1082. ↩
  5. Scientific Encyclopedia, s. 207.
  6. Archives of Internal Medicine, 1998, c. 158, ss. 1181-1187.
  7. A. Keys, A. Menotti, M.J. Karvonen, et al., "The diet and 15-year death rate in the Seven Countries Study", Am. J. Epidemiol, 1986, c. 124, ss. 903-915; W.C. Willett, "Diet and coronary heart disease", Monographs in Epidemiology and Biostatistics, 1990, c. 15, ss. 341-379; World Health Organization: Diet, nutrition, and the prevention of chronic diseases, Report of a WHO Study Group, WHO Technical Report Series, Geneva, 1990, c. 797.
  8. Journal of the American Heart Association, Eylül 1999.
  9. Diane H. Morris, PhD., RD., A Health and Nutrition Primer, "Importance of Omega-3 Fatty Acids for Adults and Infants", ss. 28-34
  10. http://www.mercola.com/2000/oct/22/infant_formula.htm)
  11. Muammer Kayahan, "Sağlıklı Yaşam ve Zeytinyağı", Bilim Teknik Dergisi, Nisan 1995, s. 48.
  12. Muammer Kayahan, "Sağlıklı Yaşam ve Zeytinyağı", Bilim Teknik Dergisi, Nisan 1995, s. 48.
  13. Muammer Kayahan, "Sağlıklı Yaşam ve Zeytinyağı", Bilim Teknik Dergisi, Nisan 1995, s. 48.
  14. Hürriyet, 14 Mayıs 1997, Ayşegül Kartal, Zeytinyağı Kongresi.

Аяттарга шилтемелер