Бакара Сүрөсү, 173

Чочконун эти жана ден-соолукка зыяндары

Чочконун этинин ден-соолукка көптөгөн зыяндары бар. Мындай зыяндар өтмүштө болгон сыяктуу, ар кандай чаралар көрүлгөнүнө карабастан учурда да бар.

2 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

إِنَّمَا حَرَّمَ عَلَيْكُمُ ٱلْمَيْتَةَ وَٱلدَّمَ وَلَحْمَ ٱلْخِنزِيرِ وَمَآ أُهِلَّ بِهِۦ لِغَيْرِ ٱللَّهِ ۖ فَمَنِ ٱضْطُرَّ غَيْرَ بَاغٍۢ وَلَا عَادٍۢ فَلَآ إِثْمَ عَلَيْهِ ۚ إِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌ ۝١٧٣

Ал силерге өлүмтүктү, канды, чочконун этин жана Аллахтан башканын аты менен (башкага аталып) союлган (жандык)ты толук арам кылды. Бирок ким эч башка жолсуз муктаж абалда калса, чегинен чыкпай, сугалактык кылбай (жесе), ага бир күнөө жок. Чынында Аллах кечиримдүү, коргоочу.
Бакара Сүрөсү, 173

Чочконун этинин ден-соолукка көптөгөн зыяндары бар. Мындай зыяндар өтмүштө болгон сыяктуу, ар кандай чаралар көрүлгөнүнө карабастан учурда да бар. Биринчиден, чочко фермаларда, жакшылап каралган жерлерде багылса да, баары бир өзүнүн заңдарын жечү бир жандык. Мындай жаман нерселер менен азыктангандыктан жана биологиялык түзүлүшү себебинен чочконун денеси башка жандыктарга салыштырмалуу бир топ көп антитело өндүрөт. Ошондой эле чочконун денесинде башка жандыктарга жана адамга салыштырмалуу абдан жогору дозада чоңойуу гормону өндүрүлөт. Мындай көп дозадагы антителолор жана чоңойуу гормону сөзсүз түрдө кан айлануу аркылуу чочконун булчуң кыртышына да өтүп чогулат. Ошондой эле, чочконун этинде абдан көп өлчөмдө холестерол жана липид бар. Натыйжада бардык мындай жогорку дозадагы антителолор, гормондор, холестерол жана липиддерди камтыган чочконун этинин адамдын ден-соолугуна маанилүү бир коркунуч экени илимий далилденди.

Чочконун эти жана ден-соолукка зыяндары

Учурда чочконун эти көп керектелген АКШ, Германия сыяктуу өлкөлөрдүн калкынын маанилүү бөлүгүн түзгөн ашыкча семиз адамдардын болушу эми табигый бир көрүнүшкө айланды. Чочконун этине таянган бир тамактануу натыйжасында ашыкча чоңойуу гормонун алган адамдын денеси алгач абдан семирүүдө, андан соң дене деформацияга –формасынын бузулушуна- кабылууда.

Мындан тышкары, чочконун этиндеги ден-соолукка зыяндуу заттардын бири – бул «трихина» паразити. Адамдын денесине киргенде, түздөн-түз жүрөк булчуңдарына жайгашып, өлүмчүл кооптуулук жаратуучу трихина паразити чочконун этинде көп кездешет. Учурдагы технология менен трихиналуу чочколорду аныктоо мүмкүн болсо да, мурдакы кылымдарда мындай ыкма белгисиз эле. Ошондуктан, чочконун этин жеген бүт адамдар үчүн трихина паразитине кабылуу жана өлүмгө чалдыгуу риски бар эле.

Байкалгандай, бул себептердин баары Раббибиздин чочконун этине тыюу салышынын себептеринин бир бөлүгү. Мындан тышкары, Раббибиздин бул буйругу ар кандай шартта ден-соолукка зыяндуу таасирлери бар болгон, контрольсуз өндүрүлгөн учурда болсо өлүмгө да себеп болушу мүмкүн болгон чочконун этин жештен толук коргойт.

20-кылымга чейин чочко этинин адамдын ден-соолугуна түздөн-түз коркунуч жараткан зыяндары бар экенин билүү мүмкүн эмес эле. Учурдагы медициналык аппараттар, биологиялык тесттер менен даана аныкталган бул зыянга карата али эч ким микроп, бактерия, трихина, гормон, антитело сыяктуу түшүнүктөрдү билбеген кезде 14-кылымда түшүрүлгөн Куранда так бир чара көрүлүшү да Курандын Улуу илимдүү Раббибиздин вахийи экенин көрсөткөн кереметтердин бири. Бүгүнкү күндө да чочкону өндүрүүдө алынган ар кандай чара жана контрольго карабастан, чочконун этинин физиологиялык жактан адамдын денесине ыңгайлуу бир азык эмес экени, адамдын ден-соолугуна зыян берүүчү бир эт түрү экени өзгөрбөгөн бойдон калды.

Аяттарга шилтемелер