Нур Сүрөсү, 35

Жалынсыз күйүү

Нур Сүрөсүнүн бул аятында жарык чыгаруучу бир нерсе жөнүндө сөз болууда. Нур чыгарган нерсе болсо бир жылдызга окшотулууда.

3 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

۞ ٱللَّهُ نُورُ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ ۚ مَثَلُ نُورِهِۦ كَمِشْكَوٰةٍۢ فِيهَا مِصْبَاحٌ ۖ ٱلْمِصْبَاحُ فِى زُجَاجَةٍ ۖ ٱلزُّجَاجَةُ كَأَنَّهَا كَوْكَبٌۭ دُرِّىٌّۭ يُوقَدُ مِن شَجَرَةٍۢ مُّبَٰرَكَةٍۢ زَيْتُونَةٍۢ لَّا شَرْقِيَّةٍۢ وَلَا غَرْبِيَّةٍۢ يَكَادُ زَيْتُهَا يُضِىٓءُ وَلَوْ لَمْ تَمْسَسْهُ نَارٌۭ ۚ نُّورٌ عَلَىٰ نُورٍۢ ۗ يَهْدِى ٱللَّهُ لِنُورِهِۦ مَن يَشَآءُ ۚ وَيَضْرِبُ ٱللَّهُ ٱلْأَمْثَٰلَ لِلنَّاسِ ۗ وَٱللَّهُ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌۭ ۝٣٥

Аллах – асмандардын жана жердин Нуру. Анын нурунун мисалы, чырак турган бир текче сыяктуу. Чырак – шишенин ичинде, шише болсо кудум эле каухар жылдызы. Ал (чырак) чыгышта да эмес, батышта да эмес (ар дайым нур тийип турган) берекеттүү зайтун дарагы(нын майы) менен жагылат. Анын майы (тунуктугунан улам) от тийбесе деле нур тараткандай болот. (Ал) Нур үстүнө нур (чачат). Аллах каалаган пендесин Өз Нуруна багыттайт. Аллах адамдарга (ушундай) мисалдарды келтирет. Аллах бүт нерсени Билүүчү.
Нур Сүрөсү, 35

Нур Сүрөсүнүн бул аятында жарык чыгаруучу бир нерсе жөнүндө сөз болууда. Нур чыгарган нерсе болсо бир жылдызга окшотулууда. Аятта жылдызга окшотулган нур чыгаруучу нерсенин отунунун (энергиясынын) чыгышка да, батышка да тиешелүү болбошу болсо бул нерсенин физикалык чен-өлчөмдө эмес экенине бир ишарат болушу мүмкүн. Отун булагы энергия сыпатында деп ойлосок, анда аятта сүрөттөлгөн отундун электр энергиясына, жарык берүүчү нерсенин болсо электрдик чыракка ишарат кылып жаткан болушу ыктымал.

Жалынсыз күйүү

Электрдик чырак аяттагы сүрөттөөлөргө абдан туура келген, айнек ичинде, жылдыз сыяктуу жаркыраган жана нур чачуучу бир нерсе. Электрдик чырак шам чырак, газ чырагына окшогон жарык берүүчүлөр сыяктуу май менен жанбайт жана электрдик чыракта аяттагы сүрөттөөлөргө төп келген абалда, жалынсыз бир күйүү ишке ашат. Чырактын ичиндеги ысыкка чыдамкай вольфрам зымынын атомдору арасындагы титирешүү натыйжасында 2000 0C'ден жогорку бир температура пайда болот. Башка металлдарды ээритип жиберүүчү бул температура ушунчалык жогору болгондуктан, көзгө көрүнө тургандай күчтүү бир нурдун пайда болушуна себеп болот. Бирок мындай жогорку температурага карабастан, чырактын ичинде кычкылтек жок болгондуктан, аяттагы сүрөттөөлөргө туура келген абалда күйүү ишке ашпайт. Мындан тышкары, чырактын ортосунда жаркыраган зым да жаркыраган бир жылдыздын алыстан көрүнүшүнө абдан окшошууда.

Электрдик токтун дүйнө тарыхынын эң улуу ачылыштарынын бири экенин, дүйнөнүн дээрлик бүт тарабынын электрдик энергия менен иштеген чырактар менен жарык кылынганын эске алсак, аят ушул маанилүү ачылышка ишарат кылып жатат деп ойлоого болот. (Эң туурасын Аллах билет.)

Бул жөнүндөгү дагы бир түшүндүрмө катары жылдыздардагы ядролук реакциялар натыйжасында пайда болгон нурду ойлоого болот. Жылдыздар – бул ядролук реакциялардан келип чыккан абдан чоң санда температура, нур чыгаруучу, абдан ысык, жаркыраган, айлануучу газ массалары. Жаңы пайда болгон ири жылдыздар көбүнчө өздөрүнүн тартылуу күчтөрү натыйжасында кысылып башташат. Мунун натыйжасында борборлорунун тыгыздыгы чоңураак жана температурасы жогорураак болот. Жылдыздын борборундагы заттын температурасы жетиштүү деңгээлге көтөрүлгөндө (эң аз 10 миллион oC болгондо) болсо, ядролук реакциялар башталат. Бир жылдыздын ичинде ишке ашкан кубулуш – бул суутектин ири бир энергия менен (биригүү менен) гелийге айланышы. Жылдыздарда массанын чоңдугунан келип чыккан тартылуу күчү 4 суутек атомун 1 гелий атомун түзө турган абалда аралаштырат. Бул учурда сыртка чыккан энергия массанын бетинен нур жана температура абалында сыртка таркайт. Суутек түгөнгөндө, жылдызда ушул сыяктуу андан да оорураак элементтерди пайда кылуу үчүн гелий күйүүсүн (биригүүнү (fusion)) улантат. Мындай реакциялар жылдыздын массасы түгөнгөнгө чейин уланат.

Бирок жылдыздардагы реакцияларда кычкылтек колдонулбагандыктан, күйүп жаткан отундагы сыяктуу кадимки бир күйүү ишке ашпайт. Жылдыздарда ири жалындар абалында көрүнгөн күйүү кубулушу да чынында күйүүдөн келип чыкпайт. Аятта да ушундай бир күйүү кубулушуна ишарат кылынууда. Мындан тышкары, аятта бир жылдыз, анын отуну жана жалынсыз бир күйүшү, т.а. реакциясы, жөнүндө сөз болуп жатат деп ойлосок, анда аят жылдыздардагы нурдун пайда болушуна жана күйүү абалына ишарат кылууда деп ойлоого болот. (Эң туурасын Аллах билет.)

Эскертүүлөр

  1. Meyers Lexikon in drei Bänden Bibliographisches Institut & F.A. Brockhaus AG, Mannheim 1995, Digitale Ausgabe LexiRom.

Аяттарга шилтемелер