Мүминун Сүрөсү, 78

Адам органдарынын өнүгүү кезеги

Бул аяттарда Аллах адамдарга тартуулаган бир катар сезүү органдары жөнүндө сөз болууда. Көңүл бурулган болсо, Куранда бул сезүү органдары жөнүндө дайыма белгилүү бир катарда сөз болууда: угуу, көрүү, сезүү жана түшүнүү.

1 мүн. окуу

Интерактивдүү көрсөтмө

وَهُوَ ٱلَّذِىٓ أَنشَأَ لَكُمُ ٱلسَّمْعَ وَٱلْأَبْصَٰرَ وَٱلْأَفْـِٔدَةَ ۚ قَلِيلًۭا مَّا تَشْكُرُونَ ۝٧٨

Ал силер үчүн кулактарды, көздөрдү жана көңүлдөрдү жараткан; канчалык аз шүгүр кыласыңар.
Мүминун Сүрөсү, 78

وَٱللَّهُ أَخْرَجَكُم مِّنۢ بُطُونِ أُمَّهَٰتِكُمْ لَا تَعْلَمُونَ شَيْـًۭٔا وَجَعَلَ لَكُمُ ٱلسَّمْعَ وَٱلْأَبْصَٰرَ وَٱلْأَفْـِٔدَةَ ۙ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ ۝٧٨

Аллах силерди энелериңердин курсагынан эчтеке билбеген абалда чыгарды жана шүгүр кылаарсыңар деп угуу, көрүү (сезүү органдарын) жана көңүлдөр берди.
Нахл Сүрөсү, 78

قُلْ أَرَءَيْتُمْ إِنْ أَخَذَ ٱللَّهُ سَمْعَكُمْ وَأَبْصَٰرَكُمْ وَخَتَمَ عَلَىٰ قُلُوبِكُم مَّنْ إِلَٰهٌ غَيْرُ ٱللَّهِ يَأْتِيكُم بِهِ ۗ ٱنظُرْ كَيْفَ نُصَرِّفُ ٱلْءَايَٰتِ ثُمَّ هُمْ يَصْدِفُونَ ۝٤٦

Айткын: «Ойлонуп көрдүңөрбү, эгер Аллах силердин угууңарды жана көрүүңөрдү (кулак жана көзүңөрдү) алып койсо жана жүрөктөрүңөрдү мөөрлөсө, аларды силерге Аллахтан башка бере ала турган кудай барбы?...
Энам Сүрөсү, 46

إِنَّا خَلَقْنَا ٱلْإِنسَٰنَ مِن نُّطْفَةٍ أَمْشَاجٍۢ نَّبْتَلِيهِ فَجَعَلْنَٰهُ سَمِيعًۢا بَصِيرًا ۝٢

Шексиз, Биз адамды аралашма бир тамчы суудан жараттык. Аны сынап жатабыз. Ошондуктан аны угуучу жана көрүүчү кылдык (кулак, көз бердик).
Инсан Сүрөсү, 2

Бул аяттарда Аллах адамдарга тартуулаган бир катар сезүү органдары жөнүндө сөз болууда. Көңүл бурулган болсо, Куранда бул сезүү органдары жөнүндө дайыма белгилүү бир катарда сөз болууда: угуу, көрүү, сезүү жана түшүнүү.

Адам органдарынын өнүгүү кезеги

Эмбриолог Др. Кейт Мур (Keith Moore) Journal of Islamic Medical Association'да жарыкка чыккан бир макаласында эмбриондун өрчүү баскычында ички кулактардын алгачкы абалы аныкталган соң көздүн пайда болуп баштаганын айткан. Сезүү жана түшүнүү борбору болгон мээнин болсо кулак жана көздөн соң өрчүп баштаганын айтууда.

Эне курсагындагы бала түйүлдүк учурунда, кош бойлуулуктун жыйырма экинчи күнү сыяктуу эрте бир учурда кулактар өрчүйт жана кош бойлуулуктун төртүнчү айында кулак толук иштей турган абалга келет. Түйүлдүк мындан соң эненин курсагындагы үндөрдү уга алат. Ошондуктан жаңы төрөлгөн бир бала үчүн угуу сезими башка жашоо функцияларынан мурда пайда болот. Куран аяттарындагы сезүү органдарынын катары бул жагынан терең мааниге ээ.

Эскертүүлөр

  1. Dr. Mazhar U. Kazi, 130 Evident Miracles in the Qur'an, Crescent Publishing House, New York, ABD, 1998, s. 53.

Аяттарга шилтемелер

Дагы кереметтер