Абесе Сүрөсү, 17-20
Кош бойлуулук жана төрөт
Эне курсагындагы баланын «түйүлдүк» абалы алтынчы айдын аягында толук калыптанат. Андан соң жатын инкубация периодуна кирет.
قُتِلَ ٱلْإِنسَٰنُ مَآ أَكْفَرَهُۥ ١٧ مِنْ أَىِّ شَىْءٍ خَلَقَهُۥ ١٨ مِن نُّطْفَةٍ خَلَقَهُۥ فَقَدَّرَهُۥ ١٩ ثُمَّ ٱلسَّبِيلَ يَسَّرَهُۥ ٢٠
Кыйрап калгыр адам, канчалык нашүгүр. (Аллах) Аны эмнеден жаратты? Бир тамчы суудан жаратып, аны «бир эсеп-өлчөм менен калыпка салды.» Кийин ага жолду жеңилдештирди.
Эне курсагындагы баланын «түйүлдүк» абалы алтынчы айдын аягында толук калыптанат. Андан соң жатын инкубация периодуна кирет. Наристенин бардык дене органдары жана системалары ушул мөөнөт ичинде өнүккөн болот жана жатын түйүлдүктүн чоңойушу үчүн азык берип, бул чоңойууну ылдамдатат. Бул процесс түйүлдүк эненин жатынынан чыккан төрөт кезине чейин уланат.

Кадимки учурда төрөт каналы абдан тар жана түйүлдүктүн ал жерден өтүшү абдан оор. Бирок төрөт учурунда эненин денесинде ар кандай физиологиялык өзгөрүүлөр болот. Мындай өзгөрүүлөр түйүлдүктүн төрөт каналында оңой кыймылдашын камсыздайт. Мындай өзгөрүүлөрдүн кээ бирлери төмөнкүлөр: жамбаш сөөктөрдөгү байламталардын төрөт каналын кеңейтүү үчүн чоюлушу, каналдын андан да кеңейиши үчүн булчуңдардын жумшарышы, түйүлдүктүн айланасындагы амниотикалык суюктуктун каналды майлашы. Илимий бир булакта төрөттөн мурдакы мындай өзгөрүү мындайча сүрөттөлөт:
Жаңы бир дүйнөгө кадам таштай турган түйүлдүк үчүн бардык даярдыктар бүткөндө, амниотикалык суюктук да төрөт үчүн жаңы аракеттерди баштайт. Жатындын оозун кеңейте турган суу чөйчөкчөлөрү түзгөн амниотикалык суюктук мунун урматында жатынды наристе өтө турган чоңдукка жеткирет. Бул чөйчөкчөлөр ошол эле учурда түйүлдүктүн төрөт учурунда жатында кысылып калышына да тоскоол болот. Мындан тышкары, төрөт башталганда чөйчөкчөлөр тешилип, ичинде суюктуктар акканда болсо түйүлдүк жүрө турган жол тайгалак болуп калат жана тазаланат (стерилизацияланат). Натыйжада төрөт бир тараптан бейпил, оңой, экинчи тараптан болсо микроптордон табигый жол менен тазаланган абалда ишке ашат.
Байкалгандай, Куранда бул процесске «Кийин ага жолду жеңилдештирди» (Абаса Сүрөсү, 20)
аяты аркылуу апачык ишарат кылынууда. 1400 жыл мурда Аллах билдирген мындай физиологиялык өзгөрүүлөрдү аныктоо болсо учурда көптөгөн технологиялык аппараттар урматында гана мүмкүн болду.
Эскертүүлөр
- Dr. Mazhar U. Kazi, 130 Evident Miracles in the Qur'an, Crescent Publishing House, New York, ABD, 1998, s. 53.
- Laurence Pernoud, J'attends un enfant, Pierre Horay, Paris, 1995, s. 138.


