Араф Сүрөсү, 160
Артезиан кудугу
Бул аятта Аз. Мусанын коомунун андан суу талап кылганы, Аз. Мусанын болсо он эки коомдун ар бирин суу иче турган бир жер менен камсыз кылганы баяндалууда. Аз. Мусадан коомунун суу сурашы суудан кыйналып турушканын көрсөтүүдө.
وَقَطَّعْنَٰهُمُ ٱثْنَتَىْ عَشْرَةَ أَسْبَاطًا أُمَمًۭا ۚ وَأَوْحَيْنَآ إِلَىٰ مُوسَىٰٓ إِذِ ٱسْتَسْقَىٰهُ قَوْمُهُۥٓ أَنِ ٱضْرِب بِّعَصَاكَ ٱلْحَجَرَ ۖ فَٱنۢبَجَسَتْ مِنْهُ ٱثْنَتَا عَشْرَةَ عَيْنًۭا ۖ قَدْ عَلِمَ كُلُّ أُنَاسٍۢ مَّشْرَبَهُمْ ۚ وَظَلَّلْنَا عَلَيْهِمُ ٱلْغَمَٰمَ وَأَنزَلْنَا عَلَيْهِمُ ٱلْمَنَّ وَٱلسَّلْوَىٰ ۖ كُلُوا۟ مِن طَيِّبَٰتِ مَا رَزَقْنَٰكُمْ ۚ وَمَا ظَلَمُونَا وَلَٰكِن كَانُوٓا۟ أَنفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ ١٦٠
Биз аларды (Исраил урпактарын) өз-өзүнчө уруулар кылып он эки коомго (үммөткө) бөлдүк. Коому андан суу сураганда, Мусага: «Асаң менен ташты ур» деп вахий кылдык. Андан он эки булак атырылып чыкты; ошентип ар бир коом суу иче турган жерин таанышты. Үстүлөрүнө булуттан көлөкө кылдык жана аларга кудурет халвалары менен куш эттерин жаадырдык. (Анан мындай дедик:) «Силерге ырыскы катары бергендерибиздин тазаларынан жегиле.» Алар Бизге зулумдук кылышпады, өздөрүнө гана зулумдук кылышты.
Бул аятта Аз. Мусанын коомунун андан суу талап кылганы, Аз. Мусанын болсо он эки коомдун ар бирин суу иче турган бир жер менен камсыз кылганы баяндалууда. Аз. Мусадан коомунун суу сурашы суудан кыйналып турушканын көрсөтүүдө. Учурда да ушундай бир көйгөй бар. Бүгүнкү күндө 1 миллиарддан ашуун адам таза сууга жете албоодо; 2,4 миллиард адам ден-соолукка толук ылайыктуу болбогон шарттардагы сууну колдонушууда. 2025-жылга жасалган божомолдор боюнча суу көйгөйүнөн жабыр тарта турган адамдардын санынын 5 миллиард болоору күтүлүүдө. Суу булактарынын жетишсиздигинен жыл сайын 12 миллион адам каза болууда. Мунун 3 миллионун суудан келип чыккан оорулардан өлгөн жаш балдар түзөт. Учурда дүйнө калкынын 8%ын түзгөн 31 өлкө үзгүлтүксүз таза суу көйгөйү менен жашашууда.

2025-жылга жеткенде 48 өлкөнүн ушул сыяктуу көйгөйгө кабылаары күтүлүүдө. БУУнун божомолдору боюнча, 2025-жылга жакын ичүүгө мүмкүн болгон суу мындан да тартыш бир ресурска айланат жана калктын жай өсүшүнө жараша суудан кыйналган 131 миллион адамдын саны 817 миллионго, калк бат өскөн болсо 1,079 миллиард адамга жетет.
Жер астындагы суулар жер жүзүндөгү эң ири тузсуз суу ресурсу, жана бүгүнкү күндө колдонууга мүмкүн болгон тузсуз суу резервдеринин 90%дан көбүн түзөт. Жер астындагы суулар жер бетиндеги болжол менен 2 миллиард адамдын суу муктаждыгын камсыздап, көп өлкөлөр үчүн абдан чоң мааниге ээ. Америка калкынын болжол менен 50%ынын негизги суу булагы – бул жер астындагы суулар, тоолуу аймактарда бул көрсөткүч 95%га чейин чыгат. Жер астындагы суулар эң ишенимдүү жана эң коопсуз тузсуз суу булактары болуп саналат. Ошол эле учурда бул суулар геотермалдык энергия абалында энергия өндүрүшү үчүн жана жылуулук насостору колдонулуу менен энергияны үнөмдөө максатында да колдонулууда.
Жердин астына сиңген суу жердин астында суу өткөрбөс бир катмарга жеткенде, ал жерде чогулуп бир суу ресурсун түзүүдө. Бул суу жер бетине артезиан ыкмасы менен чыгарылууда. Артезиан булактар – бул жер астындагы сууларды кампалоо максатында суу сактагыч катары кызмат кылган, майда породалар же таштардан турган түзүлүштөр.

Артезиан кудуктарынын таштуу аймактарда болушу аяттагы сүрөттөөгө дал келет. Аллахтын Аьраф Сүрөсүнүн 160-аятында Аз. Мусага ташты урушун же ташты көтөрүшүн буйрук кылышы да ушундай бир ыкмага ишарат кылып жаткан болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.) Аятта «ур» деп которулган «идриб» этиши ошол эле учурда көтөрүү, ачуу маанилерине келет. Ошондуктан бул жерде сүрөттөлгөн ташты көтөрүү менен ачылган суу булагы болушу мүмкүн. Натыйжада артезиан кудуктарындагы сыяктуу басым астындагы суу аяттагы «атылып чыгуу, эркин агуу, ашуу, жерден кайнап агуу» маанилерине келген «инбежесет» сөзү менен айтылган абалда пайда болгон болушу ыктымал. Тешилип ачылган артезиан булактарында сууга алгач жеткенде басымдын таасири менен суу жер бетин көздөй атылат. Эгер жетиштүү басым пайда болсо, анда суу насостун көмөгүсүз жер бетине чыгышын улантышы мүмкүн.
Учурда –Аз. Муса суу көйгөйүн ташты көтөрүү менен чечкен сыяктуу- суу көйгөйүнө жер астындагы суулар менен чечүү жолунун изделиши жана андан пайдалануунун эң натыйжалуу ыкмасынын артезиан кудуктары болушу абдан көңүл бурат. Ошондуктан Аьраф Сүрөсүнүн 160- аятында алгачкысы Франциянын Артуа (Artois) аймагында 1126-жылы ачылган артезиан кудуктарына ишарат кылынып жаткан болушу мүмкүн. (Эң туурасын Аллах билет.)
Эскертүүлөр
- http://web.worldbank.org/WBSITE/EXTERNAL/NEWS/0,,contentMDK:20114416~menuPK:3445 7~pagePK:34370~piPK:34424~theSitePK:4607,00.html 210. http://web.worldbank.org/WBSITE/EXTERNAL/NEWS/0,,contentMDK:20044610~menuPK:3445 9~pagePK:64003015~piPK:64003012~theSitePK:4607,00.html
- http://www.physicalgeography.net/fundamentals/6a.html


